23/09/2025
Бишкек шаарында уюштурулган “Маданий дипломатия – боордоштукту бекемдөө жолунда” аттуу кыргыз-казак илимий-чыгармачыл интеллигенциянын IX форумунун алкагында Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев Жогорку Кеңештин депутаттарына атайын сыйлыктарын тапшырды.
Тагыраагы, эки тараптуу достук жана кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле парламенттер аралык дипломатияны өнүктүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примовго, Бактыбек Сыдыковго жана Аппараттын жетекчиси Алайбек Алымбаевге Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Ардак грамоталары ыйгарылды
19/09/2025
Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков Ноокен районундагы Садырбаев айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушууга эл өкүлү Арсланбек Эгембердиев да катышты.
Жолугушууда калк үчүн маанилүү маселелерди талкууланды. Айта кетсек, элетте инфраструктураны өнүктүрүү, иш орундарын түзүү, билим берүү жана саламаттык сактоого колдоо көрсөтүү, ошондой эле аймакты өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.
«Жергиликтүү депутаттар менен тыгыз кызматташуу элдин көйгөйлөрүн чечүүдө жана мамлекеттик саясатты айыл жергесинде натыйжалуу ишке ашырууда чоң мааниге ээ.
Биздин сиздер менен максатыбыз бир - бул, жарандардын жашоосун жакшыртуу үчүн биргеликте иштөө», -деп белгиледи депутат Бактыбек Сыдыков.
#ЖогоркуКеңеш #Парламент
15/09/2025
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын Лейлек районундагы иш сапары Лейлек айыл аймагына караштуу Катыраң айылында уланды.
Анда жергиликтүү эл менен жолугушкан эл өкүлү аймактын социалдык-инфраструктуралык абалын жакшыртууга багытталган маселелерди талкуулап, негизги көйгөйлөрдү укту.
Иш сапардын жүрүшүндө Камила Талиева Каңды тарыхый-этнографиялык музейине да барып, маданий жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Ошондой эле музейдин жетекчилиги менен да баарлашып, тармактагы муктаждыктар жана жетишкендиктер тууралуу пикир алышты.
Өз сөзүндө мындай мекемелер тарыхый мурастарды даңазалап, кийинки муунга жеткирүүдө мааниси чоң экенин белгилеген депутат: «Бул жерден жаштарыбыз тарыхын үйрөнүп, улуттук баалуулуктарын тереңинен таанып билгенге мүмкүнчүлүк алышат. Андыктан талыкпай ишиңиздерди уланта бериңиздер», - деди.
Иш сапары андан ары Коргон айылындагы Курбаналы Сабыров орто мектебинде уланып, мугалимдер менен жолугушуу уюштурулду. Анда эл өкүлү билим уясына колдоо катары 50 миң сомдук сертификат тапшырып, тармактагы үзүрлүү эмгеги үчүн мугалимдерди ыраазычылык каттары менен сыйлады.
Муну менен катар Камила Талиева акын Курбаналы Сабыровдун ысымын алып жүргөн мектептеги музейден да кабар алды.
#ЖогоркуКеңеш #Лейлек #элөкүлчүлүк
10/09/2025
Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева Малайзиянын Парламентинин Сенатынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамед менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жылдыз Садырбаева Кыргызстан Малайзия менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө маани берерин белгилеп: «Акыркы жылдары өлкө башчыларыбыздын жолугушуулары ийгиликтүү өтүп, эки өлкөнүн алакалары жигердүү өнүгүүдө. Сиздин бул сапарыңыз да кыргыз-малай парламенттер аралык байланыштарын өрчүтүүгө түрткү берет деп ишенем», – деди.
Муну менен катар эл өкүлү парламенттер аралык алакалардын маанилүүлүгүнө токтолуп: «Мындай кызматташтык өз ара ишенимди чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга укуктук негиз түзүүгө көмөктөшөт. Ошону менен бирге Жогорку Кеңеште Малайзия менен кызматташууга арналган депутаттык достук тобу иштеп жатканын белгилеп кетким келет», – деп кошумчалады.
Мындан тышкары, Жылдыз Садырбаева соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылып: «Бул багытта Кыргызстан ырааттуу иштерди жүргүзүүдө. Кыргыз-малай бизнес-форумдар жана биргелешкен кеңештер эки тараптуу алаканы кеңейтүүдө, соода мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат алмашууда маанилүү аянтча болуп бере алат», – деди.
Ошондой эле Төраганын орун басары билим берүү жаатындагы байланыштарды өрчүтүү максатында кыргызстандык студенттер үчүн Малайзиянын жогорку окуу жайларына берилүүчү квоталарды көбөйтүүнү сунуштады.
(Уландысы комментарийде…)
09/09/2025
Төраганын орун басары Жылдыз Садырбаева ар кыл тармакта эмгектенген алдыңкы адистерди Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана “Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалы менен сыйлады.
Аземде мамлекеттин өнүгүшү ар бир жарандын жасаган ишине көз каранды экенин белгилеген Төраганын орун басары: “Кыргызстандын башкы байлыгы – эл. Андыктан, элибиздин бакубат жашоосу үчүн баарыбыз кам көрүп, өлкөбүздүн келечеги үчүн талыкпай иш алып баруубуз кажет. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого алып, ар бир адис өз тармагында ийгилик жарата алганда гана мамлекетибизде өнүгүү болот”, – деди.
Ошондой эле сыйлык ээлеринин жасап жаткан иштерине жогору баасын берген Жылдыз Садырбаева: “Ушул жерде ар кыл багытта иштеген алдыңкы адистер олтурасыздар. Өрнөктүү өмүр жолуңуздар мындан ары да ийгиликтүү уланып, Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги үчүн кызмат кыла бересиздер деген терең ишеничтемин”, – деп кошумчалады.
Эскерте кетсек, сыйлык алгандардын катарында агартуучулар, дарыгерлер, коопсуздук жана көзөмөл органдарында жана социалдык-экономикалык тармактарда эмгектенген алдыңкы адистер болду.
#ЖогоркуКеңеш #сыйлык
06/07/2025
Урматтуу ак халатчан мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Медициналык кызматкерлер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Ар күнү жан үрөп кылган түйшүгүңүздөр, ар бир бейтапка кылган камкордугуңуздар — чыныгы баатырдык.
Сиздердин мээримиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр жана кайратмандыгыңыздар биз үчүн абдан баалуу.
Жараткан ден соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк тынчтык жана коомдун терең урмат-сыйын насип кылсын.
Эл үчүн кылган улуу кызматыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
17/06/2025
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
«Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик
фракциясынын жыйынынын
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү убактысы: 2025-жылдын 20-июну, саат 10:00.
Өткөрүү орду: КР Жогорку Кеңешинин Батыш залы.
1. Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо тармагынын учурдагы абалы. Медицина кызматкерлеринин эмгек жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышы.
2.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун 2024-жылдын 27-сентябрындагы кошмо жыйынынын № 12-К-Чечимин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аткарылышы тууралуу маалыматты угуу.
Баяндамачы:
• Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
Чакырылгандар:
• Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү;
• Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
• “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому.
2. Ар кандай маселелер.
29/05/2025
Эл өкүлдөрү «Жаңы Кыргызстан» жана «Ынтымак» партиясынан шаардык кеңешке жаңыдан шайланган депутаттарды куттуктады.
Тармактык комитеттин төрагасы Мурадил Сыдыков Жогорку Кеңеште кабыл алынып жаткан мыйзам долбоорлору жана комитеттин алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу кесиптештерине маалымат берди. Ал эми «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков акыркы 3 жылда элет тургундары койгон суроо-талаптар аткарылып, көптөгөн социалдык объектилер пайдаланууга берилип жатканын кошумчалады.
Нарын шаардык кеңешинин депутаттары жерлерди трансформациялоо, жол, суу маселелерин көтөрдү. Таза суу чыгарууга алынган насыяны төлөй турган маал келип калгандактын, тариф маселеси келип чыкканын айтышты. Депутат Бактыбек Сыдыков шаардын бюджетин көтөрүү зарылдыгына токтолуп, киреше салыгынан тышкары башка салыктын түрүнөн да жергиликтүү бюджетке пайыз калса бир топ маселелер чечилмек деген пикирин билдирди.
Эл өкүлү Мурадил Сыдыков элеттиктер көтөргөн көйгөйлөр боюнча тийиштүү министрлик, мекемелерге кайрылуу жолдоп, иш алып барарын кошумчалады.
Жолугушууда Нарын шаарынын өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн шаардык кеңештин депутаттарына Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттары тапшырылды.
#ЖогоркуКеңеш
#парламент
26/05/2025
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылында жайгашкан Сагын Кожобаева атындагы жатак мектепке жана Ак-Татыр айылында жайгашкан Тургунбай Сыдыков атындагы мектепке барып, «Акыркы коңгуроо» салтанатына катышты.
Анда эл өкүлү бүтүрүүчүлөрдү куттуктап: «Бүгүн окууну ийгиликтүү аяктап, жашоонун жаңы тепкичине кадам таштап жатасыңар. Алдыда кесип тандоо, жогорку окуу жайына тапшыруу сыяктуу жоопкерчиликтүү күндөр күтүп турат. Силер жөн гана бүтүрүүчү эмес, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп, өлкөнү алга сүйрөй турган улан-кыздарсыңар. Ар бириңерден элдин үмүтү чоң. Андыктан жолуңар ачык болуп, ийгиликтер коштосун», - деди.
Ошондой эле депутат Камила Талиева аталган мектептерге заманбап компьютерлерди белек кылып, мугалимдерди үзүрлүү эмгеги үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилери жана Ардак грамоталар менен сыйлады.
#ЖогоркуКенеш
20/05/2025
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
“Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик
фракциясынын жыйынынын
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү убактысы: 2025-жылдын 23-майы, саат 10:00.
Өткөрүү орду: КР Жогорку Кеңешинин Батыш залы.
1. Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформаны ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча маалыматты угуу.
Баяндамачы:
• Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги.
Чакырылгандар:
• Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү.
• Маселеге тиешелүү Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору.
2. Ар кандай маселелер.
13/05/2025
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Манас ааламы – 2025» көргөзмө сынагынын сыйлоо аземине катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.
Анда эл өкүлү сынакта көрсөтүлгөн эмгектерге жогору баасын берип, иш-чаранын уюштурган «Манас» улуттук академиясына ыраазычылык билдирди.
«Мында эпостогу согуш учурлары май боёктун күчү менен абдан элестүү берилген экен. Биздин жаштарыбыз ушундай деңгээлге жеткенине абдан кубанып турам. Бул деген чыныгы талант. Өнөрлүүлөр ушинтип жаралат», - деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, аталган иш-чарага Медеткан Шеримкулов баштаган бир катар көрүнүктүү саясий ишмерлер жана маданият өкүлдөрү да күбө болуп, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
#ЖогоркуКенеш