02/06/2026
Ысык-Көлдө армрестлинг боюнча Азия чемпионаты өтөт
5–14-июнь күндөрү Ысык-Көлдө армрестлинг боюнча 24-Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча 23-Азия чемпионаты өтөт.
Мелдеш Ысык-Көл облусунун Корумду айылындагы “Solemar” мейманканасынын конференц-залында уюштурулат.
Континенталдык биринчиликке Азия өлкөлөрүнөн күчтүү спортчулар катышып, чоңдор, жаштар, юниорлор, өспүрүмдөр, ардагерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында байгелүү орундар үчүн күч сынашат.
Чемпионаттын алкагында сол жана оң кол боюнча мелдештер өткөрүлүп, жалпы 291 категорияда жеңүүчүлөр аныкталат. Мындан тышкары спортчуларга 873 медаль, 888 диплом жана 15 кубок тапшырылат.
Эскерте кетсек, Азия чемпионаты Азия армрестлинг федерациясы (AAF) жана Кыргызстандын армрестлинг федерациясы тарабынан уюштурулуп, Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы спорттук кызматташтыкты чыңдоого жана армрестлинг спортун өнүктүрүүгө багытталган.
*
На Иссык-Куле пройдет чемпионат Азии по армрестлингу
С 5 по 14 июня на Иссык-Куле пройдет 24-й чемпионат Азии по армрестлингу и 23-й чемпионат Азии по пара-армрестлингу. Соревнования состоятся в конференц-зале отеля “Solemar”, расположенного в селе Корумду Иссык-Кульской области.
В континентальном первенстве примут участие сильнейшие спортсмены из стран Азии, которые поборются за медали среди взрослых, молодежи, юниоров, подростков, ветеранов, а также спортсменов с ограниченными возможностями здоровья.
В рамках чемпионата соревнования пройдут на левую и правую руку, а победители будут определены в 291 категории. Кроме того, спортсменам вручат 873 медали, 888 дипломов и 15 кубков.
Отметим, что чемпионат Азии организуется Азиатской федерацией армрестлинга (AAF) совместно с Федерацией армрестлинга Кыргызстана и направлен на развитие армрестлинга и укрепление спортивного сотрудничества между странами Азии.
01/06/2026
“Активдүү узак өмүр” программасын ишке ашыруу боюнча алгачкы жыйын өттү.
Бүгүн, 1- июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыйындар залында “Активдүү узак өмүр” программасын ишке ашыруу боюнча алгачкы жыйын болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев төрагалык кылды.
Жыйында талкууланган меселелер:
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен биргеликте улгайган адамдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылган жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын ыңгайлуу имараттарды куруу же жабдуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле активдүү узак жашоону колдоо демилгелерин ишке ашырууга коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарды, бизнести жана эл аралык донорлорду активдүү тартуу;
Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте квалификациялуу инструкторлордун жана медициналык кызматкерлердин жетекчилиги алдында улгайган жарандар үчүн дене тарбиялык активдүүлүк программаларын уюштуруу, ден соолук абалын туруктуу көзөмөлдөө жана кыймыл-аракеттин аздыгына байланыштуу оорулардын алдын алуу боюнча сунуштарды берүү;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте улгайган жарандардын дене тарбиялык активдүүлүгү жана социалдык өз ара аракеттенүүсү боюнча программаларды киргизүү чараларын көрүү.
Андан сырткары “Активдүү узак өмүр” программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы талкууланды.
01/06/2026
Болотбек Ашыралиев Орусиянын ACA уюмунун президенти Магомед Бибулатов менен жолугушуу өткөрдү
Бүгүн, 1- июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыйындар залында агенттиктин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев менен Орусиянын ACA уюмунун президенти Магомед Бибулатовдун расмий жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ACA турнирин Кыргызстанда өткөрүү боюнча талкуулар жүргүзүлүп, аралаш күжүрмөн күрөш спортун (ММА) өнүктүрүү, жаш спортчуларды колдоо, эл аралык мелдештерди уюштуруу жана спорттук кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Тараптар спорт тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгилешип, мындай жолугушуулар эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн билдиришти.
****
Болотбек Ашыралиев провёл встречу с президентом российской организации ACA Магомедом Бибулатовым.
Сегодня, 1 июня, в конференц-зале Государственного агентства физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики состоялась официальная встреча заместителя директора агентства Болотбека Ашыралиева с президентом организации ACA Магомедом Бибулатовым.
В ходе встречи обсуждались вопросы проведения турнира ACA в Кыргызстане, развития смешанных единоборств (ММА), поддержки молодых спортсменов, организации международных соревнований и укрепления спортивного сотрудничества.
Стороны отметили заинтересованность в дальнейшем укреплении сотрудничества в сфере спорта и подчеркнули, что подобные встречи способствуют развитию двусторонних связей.
01/06/2026
Кыргызстандын парашахмат боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат
1–13-июнь күндөрү Испаниянын Аликанте шаарында таяныч-кыймыл аппараты жабыркаган спортсмендер арасында парашахмат боюнча IPCAнын (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык шахмат ассоциациясы) 25-жеке дүйнө чемпионаты өтөт. Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынын парашахмат боюнча улуттук курама командасы катышат.
Дүйнө чемпионатына дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген мыкты спортчулар катышып, күч сынашат.
Кыргызстандын парашахмат боюнча улуттук курама командасынын курамы:
– Тилеген Рахатбеков - спортсмен
– Кубанычбек Ибраимов - спортсмен;
– Айнура Алеева - коштоочу, сурдокотормочу;
– Эрмек Мукашев - команданын жетекчиси жана коштоочу.
****
Сборная Кыргызской Республики по парашахматам примет участие в чемпионате мира
С 1 по 13 июня в городе Аликанте (Испания) пройдет 25-й индивидуальный чемпионат мира IPCA (Международной шахматной ассоциации лиц с ограниченными возможностями здоровья) по парашахматам среди спортсменов с поражением опорно-двигательного аппарата. В соревнованиях примет участие национальная сборная команда Кыргызской Республики по парашахматам.
В чемпионате мира примут участие сильнейшие спортсмены из различных стран мира.
В состав национальной сборной Кыргызской Республики по парашахматам вошли:
– Тилеген Рахатбеков — спортсмен;
– Кубанычбек Ибраимов — спортсмен;
– Айнура Алеева — сопровождающий, сурдопереводчик;
– Эрмек Мукашев — руководитель команды и сопровождающий.
31/05/2026
Кыргызстандык спортсмендер Вьетнамда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынан кайтып келишти
31-майда Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионатынан эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенге кайтып келишти.
Спортсмендерди “Ак жол” өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.
Эскерте кетсек спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты Вьетнамда 23-31-май аралыгында өттү.
***
Кыргызстанские спортсмены вернулись с чемпионата Азии по спортивной борьбе, прошедшего во Вьетнаме
31 мая сборная Кыргызстана по вольной борьбе вернулась на родину с чемпионата Азии по спортивной борьбе среди спортсменов U-17 и U-23, прошедшего в городе Да Нанг (Вьетнам).
Спортсменов в пункте пропуска «Ак жол» встретили заместитель директора Дирекции по олимпийским видам спорта при Государственном агентстве физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики Канатбек Молдалиев и родственники спортсменов.
Напомним, чемпионат Азии по спортивной борьбе проходил во Вьетнаме с 23 по 31 мая.
29/05/2026
Кыргызстандын күрөш боюнча курама командалары “Open Ulaanbaatar” рейтингдик мелдешине катышат
3–8-июнь күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында спорттук күрөш боюнча “Open Ulaanbaatar” эл аралык рейтингдик мелдеши өтөт. Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командалары катышат.
Эл аралык рейтингдик турнирде дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген балбандар күч сынашат.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы:
60 кг чейин — Акыл Сулайманов;
63 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков;
72 кг чейин — Амантур Исмаилов;
72 кг чейин — Жантөрө Мырзалиев;
72 кг чейин — Аманат Самат уулу;
77 кг чейин — Бекзат Орункул уулу;
82 кг чейин — Имур Темирбеков;
87 кг чейин — Азат Салидинов.
Улук машыктыруучу — Арсен Эралиев;
Башкы машыктыруучу — Улук Карачолоков.
Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы:
61 кг чейин — Өмүрбек Асан уулу;
70 кг чейин — Аден Сакыбаев;
70 кг чейин — Рустам Кахаров;
79 кг чейин — Бекзат Рахимов;
86 кг чейин — Малик Шаваев.
Улук машыктыруучу — Догдурбек уулу Эламан.
****
Сборные команды Кыргызстана по борьбе примут участие в рейтинговом турнире “Open Ulaanbaatar”
С 3 по 8 июня в городе Улан-Батор (Монголия) пройдет международный рейтинговый турнир по спортивной борьбе “Open Ulaanbaatar”. В соревнованиях примут участие национальные сборные команды Кыргызской Республики по греко-римской и вольной борьбе.
В международном рейтинговом турнире выступят спортсмены из ряда стран мира.
Состав национальной сборной Кыргызстана по греко-римской борьбе:
до 60 кг — Акыл Сулайманов;
до 63 кг — Жоламан Шаршенбеков;
до 72 кг — Амантур Исмаилов;
до 72 кг — Жантөрө Мырзалиев;
до 72 кг — Аманат Самат уулу;
до 77 кг — Бекзат Орункул уулу;
до 82 кг — Имур Темирбеков;
до 87 кг — Азат Салидинов.
Старший тренер — Арсен Эралиев;
Главный тренер — Улук Карачолоков.
Состав национальной сборной Кыргызстана по вольной борьбе:
до 61 кг — Өмүрбек Асан уулу;
до 70 кг — Аден Сакыбаев;
до 70 кг — Рустам Кахаров;
до 79 кг — Бекзат Рахимов;
до 86 кг — Малик Шаваев.
Старший тренер — Эламан Догдурбек уулу.
29/05/2026
Кыргызстандык спортсмендер Вьетнамда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынан кайтып келишти
28-майда Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионатынан эркин күрөш жана грек-рик күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командалары мекенге кайтып келишти.
Спортсмендерди “Ак жол” өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.
Эскерте кетсек спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты Вьетнамда 23-31-май аралыгында өткөрүлүп жатат.
***
Кыргызстанские спортсмены вернулись с чемпионата Азии по спортивной борьбе, проходящего во Вьетнаме
28 мая сборные Кыргызстана по вольной и греко-римской борьбе вернулись на родину с чемпионата Азии по спортивной борьбе среди спортсменов U-17 и U-23, проходящего в городе Да Нанг (Вьетнам).
Спортсменов в пункте пропуска «Ак жол» встретили заместитель директора Дирекции по олимпийским видам спорта при Государственном агентстве физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики Канатбек Молдалиев и родственники спортсменов.
Напомним, чемпионат Азии по спортивной борьбе проходит во Вьетнаме с 23 по 31 мая.
28/05/2026
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Көк бөрү жана Көкпар оюндары боюнча мелдештер өз-өзүнчө дисциплинада өткөрүлөт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Көк бөрү жана Көкпар боюнча мелдештер өз-өзүнчө дисциплина катары өткөрүлөрүн маалымдайбыз
Эскерте кетсек VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Салтанаттуу ачылыш аземи Бишкек шаарындагы жаңы “Бишкек аренада” уюштурулса, спорттук оюндар Ысык-Көлдө уюштурулат.
***
На VI Всемирных играх кочевников соревнования по кок-бору и кокпару пройдут как отдельные дисциплины
Сообщаем, что на VI Всемирных играх кочевников соревнования по кок-бору и кокпару будут проводиться как отдельные дисциплины.
Напомним, VI Всемирные игры кочевников пройдут в Кыргызстане с 31 августа по 6 сентября текущего года. Торжественная церемония открытия состоится на новой арене «Бишкек Арена» в городе Бишкек, а спортивные соревнования будут организованы в Иссык-Кульской области.
28/05/2026
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата маалымат жыйыны өттү
Бүгүн, 28-майда “Кабар” маалымат агенттигинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата маалыматтык жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышып, бир катар маалыматтар менен бөлүштү.
Анын айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук иш-чараларга жалпысынан 2800 – 3000дей спортсмен катышып, 43 спорттун түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Анын жыйырмасы улуттук спорттун түрлөрү, ал эми калганы чет өлкөлүк спорттун түрлөрү болмокчу.
Көк-Бөрү улуттук оюнун өткөрүү эрежелери боюнча тараптар менен учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы жана ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында маалымат берилээри кабарланды.
Андан тышкары, салтанаттуу ачылыш аземинде кийиле турган улуттук колориттеги кийимдерди “Байра” фирмасы, ал эми спорт кийимдерин “Jома” компаниясы тарабынан даярдалаары белгиленди .
***
Состоялась пресс-конференция, посвящённая VI Всемирным играм кочевников
Сегодня, 28 мая, в информационном агентстве «Кабар» состоялась пресс-конференция, посвящённая VI Всемирным играм кочевников.
В конференции принял участие директор Государственного агентства физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики Урмат Асанбаев, который поделился рядом подробностей о предстоящих Играх.
По его словам, в спортивных мероприятиях в рамках VI Всемирных игр кочевников примут участие около 2800–3000 спортсменов, а соревнования пройдут по 43 видам спорта. Из них 20 составят национальные виды спорта, остальные — зарубежные спортивные дисциплины.
Также сообщалось, что в настоящее время ведутся переговоры со сторонами по правилам проведения национальной игры кок-бору. По итогам переговоров будет предоставлена дополнительная информация.
Кроме того, было отмечено, что национальные костюмы для церемонии открытия подготовит компания «Байра», а спортивную экипировку — компания «Joma».
27/05/2026
Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Вьетнамда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынан кайтып келишти
26-майда Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионатынан Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы мекенге кайтып келишти.
Спортсмендерди “Ак жол” өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев, федерациясынын өкүлдөрү, агенттиктин кызматкерлери жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.
Эскерте кетсек спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты Вьетнамда 23-31-май аралыгында өткөрүлүп жатат.
***
Женская сборная Кыргызстана по борьбе вернулась с чемпионата Азии по спортивной борьбе, проходящего во Вьетнаме
26 мая женская сборная Кыргызстана по борьбе вернулась на родину с чемпионата Азии по спортивной борьбе среди спортсменов U-17 и U-23, проходящего в городе Да Нанг (Вьетнам).
Спортсменок в пункте пропуска «Ак жол» встретили заместитель директора Дирекции по олимпийским видам спорта при Государственном агентстве физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики Канатбек Молдалиев, представители федерации, сотрудники агентства и родственники спортсменок.
Напомним, чемпионат Азии по спортивной борьбе проходит во Вьетнаме с 23 по 31 мая.