19/06/2026
📌 APIUнун өкүлдөрү Дүйнөлүк банктын корпоративдик маданият жана инклюзивдүү жумушчу чөйрө боюнча тренингине катышты
🔹 Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлдөрү Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулган корпоративдик маданият жана инклюзивдүү жумушчу чөйрөнү калыптандыруу боюнча тренингге катышты.
🔹 Тренингдин негизги максаты долбоордук топтордун кызматкерлеринин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле өз ара сый-урматка, ишенимге жана кызматташтыкка негизделген жумушчу чөйрөнү түзүү боюнча тажрыйба алмашуу болду.
🔹 Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар позитивдүү корпоративдик маданиятты өнүктүрүү, жетекчилердин кесиптик жүрүм-турум стандарттарын калыптандыруудагы ролу, ошондой эле жумуш ордунда этикалык принциптерди сактоо маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, корпоративдик маданияттын долбоорлордун натыйжалуулугуна тийгизген таасирине өзгөчө көңүл бурулду.
🔹 Тренингдин практикалык бөлүгүндө катышуучулар ар кандай кырдаалдарды жана мисалдарды талдап, жумуш процессинде келип чыгышы мүмкүн болгон маселелерди чечүүнүн жолдорун карашты.
🔹 Алынган билимдер жана практикалык тажрыйба долбоордук топтордо ачык баарлашууну өнүктүрүүгө, кесипкөйлүктү жогорулатууга жана натыйжалуу кызматташтыкты чыңдоого көмөк көрсөтөт.
18/06/2026
📌 Ак-Суудагы ишкер өндүрүштүк кубаттуулуктарын кеңейтүүнү пландоодо
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылындагы жеке ишкер Марс Канаев айыл чарба продукциясын сактоо, кайра иштетүү жана тоңдуруу багытындагы ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү көздөөдө.
🔹 Бүгүнкү күндө ишкерде жашылча жемиш продукцияларын сактоого арналган кампалар бар. Эми ал өзүнө таандык жер тилкесинде заманбап өндүрүштүк объект куруп, продукцияны сактоо менен катар кайра иштетүү жана тоңдуруу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнү пландаштырууда.
🔹 Бул максатта Марс Канаев «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында кредиттик каржылоого арыз даярдап жатат. Учурда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жана долбоордун адистери тарабынан инвестициялык сунушту иштеп чыгуу жана документтерди даярдоо боюнча консультациялык жана техникалык колдоо көрсөтүлүүдө.
✅ Долбоор ишке ашырылгандан кийин айыл чарба продукциясын натыйжалуу сактоо, кайра иштетүү жана тоңдуруу мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн кошумча рыноктук шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
🔹 «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоору Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоор айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана ишкерлерди каржылык, техникалык жана консультациялык жактан колдоого, ошондой эле кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүүгө багытталган.
17/06/2026
📌 Ишкер Улан Кафар айыл чарба продукциясын кайра иштетүү багытын өнүктүрүүнү көздөөдө: эски өндүрүштүк имарат заманбап кайра иштетүү борборуна айланат
Ысык-Көл облусундагы жеке ишкер Улан Кафар «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү боюнча демилгесин ишке ашырууга даярдык көрүүдө.
🔹 Долбоордун алкагында ишкер мурдагы өндүрүштүк имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүп, аны мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды сактоо жана кайра иштетүү үчүн заманбап жайга айландырууну пландаштырууда. Ошондой эле бул объект өзүнүн чарбасында өндүрүлгөн жана өнөктөш фермерлерден алынган продукцияны кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
🔹 Учурда ишкер кредиттик каржылоого арыз даярдап жатат. Бул багытта ага долбоордун адистери тарабынан бардык зарыл болгон техникалык жана консультациялык жардам көрсөтүлүп, инвестициялык долбоорду даярдоо боюнча колдоо берилүүдө.
✅ Демилгенин ишке ашырылышы айыл чарба продукциясын сактоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүүгө жана жергиликтүү фермерлер үчүн кошумча рыноктук мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.
🔹 «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоору Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоор айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана ишкерлерди каржылык, техникалык жана консультациялык жактан колдоого, ошондой эле кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүүгө багытталган.
17/06/2026
📌 Түп токой чарбасы менен 100 гектар аянттагы токойлорду калыбына келтирүү боюнча гранттык келишимге кол коюлду
🔹 Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан Түп токой чарбасында токой экосистемаларын калыбына келтирүүгө багытталган маанилүү иш-чара болуп өттү. Анын алкагында Түп токой чарбасынын директору Эсенгул уулу Рахат менен 100 гектар аянттагы токойлорду калыбына келтирүү боюнча гранттык келишимге кол коюлду.
🔹 Гранттык келишим «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ» долбоорунун алкагында ишке ашырылып, токой ресурстарын сактоого, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүүгө жана аймактын экологиялык туруктуулугун жогорулатууга багытталган.
🔹 Иш-чара Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) көзөмөлдөө миссиясынын алкагында өттү. Миссия өкүлдөрү ошондой эле Түп районунун Сары-Булуң айылындагы «Нур» жана «Ийгилик» кооперативдеринин мүчөлөрү менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү жана айыл жергесин өнүктүрүүгө багытталган демилгелери менен таанышты.
🔹 Жолугушуулардын жүрүшүндө токой чарбасын өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу жана жергиликтүү жамааттарды колдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
15/06/2026
📌 Кашат айылында айыл чарба продукциясын сактоо үчүн жаңы муздаткыч комплекс курулууда
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Кашат айылында жеке ишкер Бекжан Рысбеков айыл чарба продукциясын сактоо үчүн заманбап муздаткыч кампасын куруу жана муздаткыч жабдууларын орнотуу боюнча демилгесин ишке ашырууда.
🔹 «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишкерге кредиттик каржылоо берилип, анын инвестициялык демилгесин жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
🔹 Долбоорду ишке ашыруу процессинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жана долбоордун адистери тарабынан консультациялык жана техникалык колдоо көрсөтүлүп, долбоордун натыйжалуу жүзөгө ашырылышына көмөк көрсөтүлүүдө.
✅ Жаңы муздаткыч инфраструктурасы айыл чарба продукциясын узак мөөнөткө сактоого, түшүмдүн жоготууларын азайтууга жана продукциянын сапатын сактап калууга шарт түзөт. Ошондой эле бул демилге жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө болот.
🔹 «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоору Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоор айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана ишкерлерди каржылык, техникалык жана консультациялык жактан колдоого, ошондой эле кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүүгө багытталган.
#АБР #ОРСП #АйылЧарбасы #КошумчаНаркЧынжыры #ЫсыкКөл
12/06/2026
📌 IFAD миссиясы Ысык-Көл районундагы токой жана фермердик чарбалардын иши менен таанышты
🔹 Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) көзөмөлдөө миссиясынын алкагында фонддун өкүлдөрү Ысык-Көл районундагы бир катар объектилерге барып, АДАПТ долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.
🔹 Иш сапардын жүрүшүндө миссия өкүлдөрү Ысык-Көл токой чарбасынын башкы кеңсесине барып, токой аянттарында жүргүзүлүп жаткан иштер, жаратылыш ресурстарын сактоо жана токой экосистемаларын өнүктүрүү боюнча маалымат алышты.
🔹 Ошондой эле Ананьево айыл өкмөтүнүн имаратында «Байсоорун» фермердик тобунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда топтун ишмердүүлүгү, жетишкен натыйжалары жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берилди.
🔹 Жолугушуулардын жүрүшүндө миссия өкүлдөрүнө долбоордун катышуучулары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, жетишилген натыйжалар жана алдыдагы өнүгүү багыттары тууралуу маалымат берилди. IFAD өкүлдөрү өз кезегинде сунушталган маалыматтар менен таанышып, долбоордун алкагындагы иш-чаралар боюнча пикир алышты.
09/06/2026
📌 IFAD миссиясы Бакай-Ата районунда АДАПТ долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен таанышты
🔹 Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) көзөмөлдөө миссиясынын алкагында фонддун өкүлдөрү Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Биримдик айыл аймагына барып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана долбоордун бенефициарлары менен жолугушууларды өткөрүштү.
🔹 Жолугушуунун жүрүшүндө Биримдик айыл аймагынын башчысы жана муниципалдык мекеменин кызматкерлери тарабынан аймакта АДАПТ долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер, жергиликтүү жамааттарды колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.
🔹 Ошондой эле миссия өкүлдөрү BALI программасынын катышуучулары болгон «Өзгөчө Даам», «Айыл берекеси» жана «Кулпунай-малина чарбасы» топторунун мүчөлөрү менен жолугушту.
🔹 Жолугушууларда катышуучулар өздөрүнүн ишмердүүлүгү, долбоордун алкагында жетишилген жыйынтыктары жана өндүрүштү өнүктүрүү боюнча пландары тууралуу маалымат беришти.
🔹 Талаа сапарынын жүрүшүндө IFAD миссиясынын өкүлдөрү долбоордун бенефициарлары менен түздөн-түз пикир алышып, АДАПТ долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан иш-чаралардын жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана айыл элинин жашоо деңгээлин жакшыртууга тийгизген таасири менен таанышты.
08/06/2026
📌 IFAD миссиясы Талас облусундагы токой отургузуу иштеринин жыйынтыктары менен таанышты
🔹 Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) көзөмөлдөө миссиясынын алкагында фонддун өкүлдөрү Талас облусундагы Талас токой чарбасынын Чоң-Кошой өзөнүндөгү Арал токойчулугуна барышты.
🔹 Иш сапардын жүрүшүндө миссия өкүлдөрү 100 гектар аянтта жүргүзүлгөн токой отургузуу иштеринин жыйынтыктары менен таанышып, отургузулган көчөттөрдүн жана үрөндөрдүн абалы тууралуу маалымат алышты.
🔹 Адистер тарабынан участокто аткарылган иштер, жетишилген көрсөткүчтөр жана токой аянтын коргоо боюнча алдыдагы пландар сунушталды. Учурда негизги көңүл отургузулган көчөттөрдү сактоо максатында участокту тосмолоо иштерине бурулууда.
🔹 Талаа мониторингинин жүрүшүндө миссия өкүлдөрү аткарылган иштерге жеринде баа берип, токой экосистемаларын калыбына келтирүү жана алардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар менен таанышты.
🔹 Аталган иштер «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ» долбоорунун алкагында ишке ашырылып, токой ресурстарын сактоого жана деградацияланган жерлерди калыбына келтирүүгө багытталган.
08/06/2026
📌 IFAD миссиясы Жети-Өгүз районундагы токой пайдалануучулар жана токой чарба өкүлдөрү менен жолукту
🔹 Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) көзөмөлдөө миссиясынын алкагында фонддун өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна барып, «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ» долбоорунун катышуучулары менен жолугушууларды өткөрүштү.
🔹 Иш сапардын жүрүшүндө миссия өкүлдөрү Кызыл-Суу айылындагы «Кайнар» токой пайдалануучулар тобунун мүчөлөрү менен жолугушту. Топ тарабынан долбоордун алкагында сунушталган көчөткана түзүү жана дары чөптөрдү өстүрүү боюнча долбоордук сунуштар талкууланды. Катышуучулар сунушталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз пландары жана күтүлүп жаткан натыйжалар тууралуу маалымат беришти.
🔹 Ошондой эле IFAD өкүлдөрү Жети-Өгүз токой чарбасына барып, мекеменин ишмердүүлүгү жана токой ресурстарын башкаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.
🔹 Жолугушуулардын жүрүшүндө токой экосистемаларын сактоо, жергиликтүү жамааттарды колдоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
🔹 Талаа сапары IFAD миссиясына долбоордун катышуучулары менен түз байланыш түзүүгө, сунушталган демилгелердин мааниси жана алардын аймактарды өнүктүрүүгө кошо турган салымы менен жеринде таанышууга мүмкүнчүлүк берди.
04/06/2026
📌 IFAD миссиясы Аксы районундагы долбоордун бенефициарлары менен жолугушту
🔹 Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) көзөмөлдөө миссиясынын алкагында фонддун өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы долбоордун бенефициарлары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жолугушууларды өткөрүштү.
🔹 Иш сапардын жүрүшүндө миссия өкүлдөрү Сай-Булуң айылындагы «Кара-Суу» жана «Сакын-Төр» токой пайдалануучулар топтору менен жолугушту. Жолугушууда гранттык сунуштамалардын алкагында пландаштырылган иш-чаралар жана күтүлүп жаткан натыйжалар талкууланды.
🔹 Ошондой эле IFAD өкүлдөрү Кожо-Ата айылындагы Кара-Камыш айыл аймагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, долбоордун алкагында жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган сунуштамалар боюнча пикир алышты.
🔹 Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар сунушталган иш-чаралардын жаратылыш ресурстарын сактоого, жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга кошо турган салымын талкуулашты.
🔹 Талаа сапарлары IFAD өкүлдөрүнө долбоордун бенефициарлары менен түздөн-түз жолугушуп, ишке ашырылып жаткан иштер жана пландаштырылган иш-чаралар менен жеринде таанышууга мүмкүнчүлүк берүүдө.