«Наристе» VI Эл аралык балдар фольклордук фестивалынын алкагында Октябрь районунда «Тынчтык сабактары» өткөрүлдү
Октябрь районундагы №62 орто мектепте «Наристе» VI Эл аралык балдар фольклордук фестивалынын алкагында «Тынчтык сабактары» аттуу маданий-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Салтанаттуу иш-чарага Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын башчысы Дж.Б. Чуштуков катышты. Иш-чаранын ардактуу коноктору болуп Республика Якутия, Түштүк Корея Республикасы жана Өзбекстан Республикасынан келген делегациялар болушту.
«Тынчтык сабактарынын» алкагында «Шайыр балалык» балдардын чыгармачылык борбору жана №62 орто мектеп тарабынан улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулуп, коноктор үчүн түрдүү мастер-класстар өткөрүлдү. Ошондой эле улуттук оюндар көрсөтүлүп, кыргыз элинин улуттук тамак-аштары жана суусундуктары сунушталып, маданий өз ара түшүнүшүү жана этностор аралык ынтымак атмосферасы түзүлдү.
Чет өлкөлөрдөн келген делегациялар өздөрүнүн концерттик программаларын тартуулап, элдик маданияттын көп түрдүүлүгүн жана байлыгын көрсөтүштү. Өз кезегинде №62 орто мектептин окуучулары жана «Шайыр балалык» балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулап, достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого салым кошушту.
Иш-чаранын соңунда конокторго эстелик белектер тапшырылып, маданий мурастарды сактоонун жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Майрамдык программа этностук стилдеги этно-фуршет менен коштолуп, улуттук тамак-аштар жана суусундуктар сунушталды. Иш-чаранын жыйынтыгында бардык катышуучулар достуктун, тынчтыктын жана биримдиктин символу болгон «Мен, сен, ал, ал — бирге ынтымактуу үй-бүлө» аттуу жалпы бийди аткарышты.
«Наристе» фестивалы Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле ар түрдүү өлкөлөрдүн элдик чыгармачылыгы аркылуу маданияттар аралык байланыштарды чыңдоого багытталган маанилүү эл аралык маданий аянтча болуп саналат.
Октябрь администрациясы
Аппарат жетекчиси +996 312 57 65 50
Октябрьский район расположен в южной части г. Бишкек общей площадью 3 200 га с населением более 250 тысяч человек. На территории района функционирует 41 промышленное предприятие. Промышленный комплекс представлен 12 видами экономической деятельности.
На территории района находятся 3 парка и 8 скверов. Общее образование районов представлено 17 школами, центрами детского творчества и спортивными кру
03/06/2026
Сегодня, глава Октябрьского района Чуштуков Жолдошбек Бахтиярович, заместитель главы Байтиков Баркалбас Дюшеналиевич, общественный деятель и организатор акции «Бессмертный полк» Хайбуллина Зульфира были награждены памятной медалью, председателем правления ветеранов войны в Афганистане и военных конфликтов «Боевое братство» генерал-полковником Чотбаевым Абдыгул Абдрашитовичем за достойное проведение шествия «Бессмертный полк» 9 мая 2026 года. «Бессмертный полк» - это общественное патриотическое движение в целях сохранения памяти о ветеранах и участниках Великой Отечественной войны и всех, кто внес вклад в Победу, а также вклад в патриотическое воспитание молодежи! Участниками было отмечено, что мероприятие прошло на высоком уровне, объединив людей разных поколений в сохранении памяти о героях Великой Отечественной войны.
4 кичи районунда Футбол баскетбол аянтчасынын ачылышы.
-
Открытие футбольной баскетбольной площадки в 4 микрорайоне.
2026-жылдын 1-июнунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата 406-МАБ тарабынан Рухий-Мурас конушунда жана Тунгуч кичи районунда чакан майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Марлисбеков Э.М. жана Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын башчысынын орун басары Турсунов М.И. катышышты.
Майрамдын алкагында «Шайыр балалык» балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары жана №27 китепкананын окурмандары тарабынан балдар үчүн чакан концерттик программа тартууланды.
Иш-чарага жалпысынан 1000ден ашуун адам катышып, кичинекейлерге 800 даана балмуздак жана жумшак оюнчуктар таратылды.
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Октябрь районунун аймагындагы «Ынтымак-2» сейил багында «Вместе к здоровью» коомдук фонду менен биргеликте өзгөчө балдар үчүн майрамдык фестиваль өткөрүлдү.
Фестивалдын алкагында атайын укалоо боюнча мастер-класс, сүрөт тартуу боюнча мастер-класс, флешмоб жана концерттик программа уюштурулду. Ошондой эле өзгөчө балдарга демоорчулор тарабынан белектер жасалып, тапшырылды, алардын маанайын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын уландысында балдардын сүймөнчүлүгүнө айланган «Ак шоола» балдар хору жана D Billions музыкалык тобу тарабынан шоу-программа жана концерттик программа тартууланып, балдарга майрамдык маанай жана жагымдуу эмоциялар белек кылынды.
Фестивалга жалпысынан 1000ге жакын бала катышып, көңүлдүү эс алып, унутулгус таасирлерге ээ болушту. Иш-чара балдардын ден соолугун чыңдоого, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана коомго аралашуусуна өбөлгө түздү.
Открытие второй части парка «Skypark Baytik”!
30/05/2026
1-июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата, М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында Муниципалдык администрация тарабынан социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган, 5-10 жаштагы-500 баланын катышуусунда райондук иш чара өткөрүлдү.
Иш чарада район башчысы Дж.Б. Чуштуков,-балдар биздин келечегибиз, өлкөбүздүн үмүтү жана ар бир үйдүн кубанычы экенин белгилеп. Ар бир балага бекем ден соолук, бактылуу балалык, жакшы окуу жана чоң жетишкендиктерди каалады.
Балдарга М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры тарабынан, атайын шоу программа уюштурулуп, анда кыргы элинин улуттук оюндарын чагылдырып (аркан тартыш, таяк тартыш, ат чабыш, кыз куумай), балдарды ойнотушту.
Андан сон, "Алиса кызыктар дүйнөсүндө" ("Алиса в стране чудес") спектакли көрсөтүлдү. Чыгарманын негизги максаты — балдардын фантазиясын, логикалык ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылык жөндөмүн өркүндөтүү. Каарман аркылуу ар бир нерсенин өзүнүн логикасы жана принциби болорун түшүндүрүү.
Иш-чаранын соңунда чакырылган балдарга балмуздак таратылып майрам өзгөчө жылуу атмосферада жыйынтыкталды.
Октябрь районунда өткөрүлүп жаткан акыркы коңгуроо иш-чарасы.
-
Мероприятие “Последний звонок”в Октябрьском районе!
Click here to claim your Sponsored Listing.
Location
Category
Telephone
Website
Address
Байтик-Баатыр көчөсү 17
Bishkek
720031
Opening Hours
| Monday | 09:00 - 18:00 |
| Tuesday | 09:00 - 18:00 |
| Wednesday | 09:00 - 18:00 |
| Thursday | 09:00 - 18:00 |
| Friday | 09:00 - 18:00 |
