Пресс-служба ГУВД г.Бишкек

Пресс-служба ГУВД г.Бишкек

Share

Права и свободы человека относятся к высшим ценностям Кыргызской Республики.

Конституция Кыргызской Республики

Photos from Пресс-служба ГУВД г.Бишкек's post 20/04/2026

Бишкек шаарынын ИИББнын курама командасы футбол боюнча мелдеште байгелүү орунду ээледи

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2026-жылга карата спорттук-массалык иш-чараларынын алкагында Ош шаарында милициянын генерал-майору Ч. Алиевдин жаркын элесине арналган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин футбол боюнча Кубогу өткөрүлдү.

Аталган мелдешке ички иштер органдарынын 14 командасы катышып, жогорку деңгээлдеги атаандаштыкта өттү. Мелдештин жыйынтыгында Бишкек шаарынын ИИББнын курама командасы мыкты оюн көрсөтүп, байгелүү 3-орунду ээледи.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү медалдар жана ардак грамоталар тапшырылды.

Мындан тышкары, «Пайдалуу оюнчу» номинациясы менен милициянын майору Асылбек Камалов — Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүм башчысы сыйланды.

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлеринин спорттук жетишкендиктери алардын кесиптик даярдыгынын жана командалык духунун жогорку деңгээлин дагы бир ирет тастыктады.

Байгелүү орунду ээлегендиги менен Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев куттуктап, мындан кийинки оюндарда биринчи орундарга ээ болуусун каалады.

Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы

Photos from Пресс-служба ГУВД г.Бишкек's post 20/04/2026

Бишкек шаарынын ИИББда эртең мененки нускама өткөрүлдү

Бүгүн Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгында өздүк курамга эртең мененки нускама өткөрүлүп, Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы, милициянын полковниги Азамат Токтоналиев жана анын орун басарлары катышты.

Нускаманын жүрүшүндө кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун кайрылуусу жеткирилип, бир катар маанилүү тапшырмалар коюлуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кызматтык тартипти чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Атап айтканда, күндүн жылыгандыгына байланыштуу жарандардын коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, ошондой эле скутер жана самокаттардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары, кызматкерлердин кызмат өтөө учурунда мыйзамдуулукту так сактоосу, тартип бузууга жол бербөөсү, пара талап кылуу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларына каршы катуу чараларды көрүү зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарган кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар жана ардак грамоталар ыйгарылды.

Жетекчилик тарабынан ички тартипти бекемдөө, ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу жана жарандардын ишенимин арттыруу негизги артыкчылыктардын бири экени баса белгиленди.

Иш-чара саптык жүрүш менен жыйынтыкталып, кызматкерлер кызмат өтөө орундарына жөнөп кетишти.

Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы

Photos from Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел's post 20/04/2026
Photos from Пресс-служба ГУВД г.Бишкек's post 20/04/2026

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгында министрдин кайрылуусун жеткирүү максатында кезексиз ыкчам кеңешме өткөрүлдү

Бүгүн Бишкек шаарынын ИИББнын борбордук милициянын жетекчилигинин жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда кезексиз ыкчам кеңешме болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы, милициянын полковниги Азамат Токтоналиев Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун милиция кызматкерлеринин кармалышынын көбөйгөн учурлары боюнча жакында берген маегин жетекчилик курамга жана өздүк курамга жеткирди.

Өз сөзүндө министр ички иштер органдарынын катарында тартип орнотуу боюнча кечиктирилгис жана натыйжалуу чараларды көрүү талап кылынарын өзгөчө белгилеген. Бул иш системалуу жана принципиалдуу мүнөзгө ээ экени айтылып, ведомстволук көзөмөл күчөтүлөрү, укук бузууларды аныктоо механизмдери жана бардык деңгээлдеги жетекчилердин жеке жоопкерчилиги жогорулатылары белгиленди.

Министр милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам бузууларга, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга, коррупциялык көрүнүштөргө жана ички иштер органдарынын аброюна доо кетирген аракеттерге жол берилбестигин баса белгиледи. Ар бир кызматкер мыйзам талаптарын, кызматтык тартипти жана кесиптик этиканы так сактоого милдеттүү экени коюлду.

Жарандардын ички иштер органдарына болгон ишенимин жогорулатуу негизги артыкчылыктардын бири экени айтылды. Ишеним конкреттүү аракеттер аркылуу — ачыктык, принципиалдуулук жана ар бир мыйзам бузууга, анын ичинде системанын ичинде да, укуктук баа берүү даярдыгы аркылуу калыптанары белгиленди.

Кеңешменин жүрүшүндө ар бир фактыга принципиалдуу баа берилди. Жыйынтыгында 14 жетекчиге карата катуу дисциплинардык чаралар көрүлүп, алардын ичинен экөө ээлеген кызматынан бошотулду.

Ички иштер органдарынын катарын ак ниетсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча иштер туруктуу негизде улантылары белгиленди. Мыйзам бузууга жол берген адамдарга карата колдонуудагы мыйзамдардын алкагында катаал чаралар, анын ичинде кызматтан бошотууга чейин чаралар көрүлөт.

Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы

В ГУВД г. Бишкек проведено внеочередное оперативное совещание в целях доведения до руководящего и личного состава столичной милиции обращение министра внутренних дел Кыргызской Республики на предмет соблюдения законности личным составом

Сегодня в ГУВД г. Бишкек состоялось внеочередное оперативное совещание с участием руководства и начальников структурных подразделений столичной милиции.

В ходе совещания начальник ГУВД г. Бишкек, полковник милиции Азамат Токтоналиев довёл до руководящего и личного состава недавнее интервью министра внутренних дел Кыргызской Республики, генерал-полковника милиции Улана Ниязбекова, касающееся участившихся фактов задержания сотрудников милиции.

В своём выступлении было особо подчеркнуто требование министра о принятии безотлагательных и действенных мер по наведению порядка в рядах органов внутренних дел. Отмечено, что данная работа носит системный и принципиальный характер: усиливается ведомственный контроль, совершенствуются механизмы выявления правонарушений, повышается персональная ответственность руководителей всех уровней за состояние служебной дисциплины и законности в подчинённых подразделениях.

Министром внутренних дел акцентировано внимание на недопустимости любых нарушений закона со стороны сотрудников милиции, фактов злоупотребления должностными полномочиями, коррупционных проявлений, а также действий, дискредитирующих органы внутренних дел. Поставлена задача обеспечить неукоснительное соблюдение требований законодательства, служебной дисциплины и норм профессиональной этики каждым сотрудником.

Подчёркнуто, что повышение доверия граждан к органам внутренних дел является одним из ключевых приоритетов. Доверие формируется через конкретные действия — открытость, принципиальность и готовность давать правовую оценку каждому факту нарушения, в том числе внутри самой системы.

В ходе совещания каждому факту дана принципиальная оценка. По итогам рассмотрения в отношении 14 руководителей приняты строгие дисциплинарные меры , из их числа 2 освобождены от занимаемых должностей.

Отмечено, что работа по очищению рядов органов внутренних дел от недобросовестных сотрудников будет продолжена на постоянной основе. В отношении лиц, допустивших нарушения, будут приниматься жёсткие меры в рамках действующего законодательства вплоть до увольнения.

Пресс-служба ГУВД г. Бишкек

20/04/2026

Бишкек шаарында баңги заттарды таратууга шектүү кармалды

2026-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарында Тулебердиев жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаш жигит «жашыруун коюу» ыкмасы аркылуу баңги заттарды таратып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282 (Баңгизат каражаттарын, прсхотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө көрсөтүлгөн даректен 2007-жылы туулган Н.К. аттуу жаран кармалган. Жеке тинтүү учурунда андан жашыл жана көк түстөгү пленкага оролгон баңги заттар табылып, алынган. Кармалган жаран өзүнүн айтымында, бул заттарды «жашыруун коюу» жолу менен таратып жүргөн.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шаардык милиция мыйзамсыз баңги заттардын жүгүртүлүшү оор кылмыш экенин жана ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет. Жарандарды кайдыгер болбоого жана мындай фактылар тууралуу ички иштер органдарына билдирүүгө чакырабыз. Биргелешкен аракеттер менен биз баңги заттардын жайылышына каршы туруп, шаарыбыздын коопсуздугун камсыздай алабыз.

Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы

В Бишкеке задержан подозреваемый в распространении наркотических веществ

12 апреля 2026 года поступила оперативная информация о том, что на пересечении улиц Тулебердиева и Васильева неизвестный молодой человек занимается распространением наркотических веществ путём так называемых «закладок».

По данному факту возбуждено уголовное дело по статье 282 ( Незаконное изготовление наркотических средств, психотропных веществ и их аналогов с целью сбыта) УК Кыргызской Республики.

В ходе проведения оперативно-розыскных мероприятий на указанном месте был задержан гражданин Н.К., 2007 года рождения. При личном досмотре у задержанного обнаружено и изъято наркотическое веществом, расфасованным в термоусадочную плёнку зелёного и синего цвета. По словам задержанного, указанные вещества он распространял методом «закладок».

В порядке статьи 96 УПК Кыргызской Республики подозреваемый водворён в ИВС ГУВД г.Бишкек.

Столичная милиция напоминает, что незаконный оборот наркотических средств является тяжким преступлением и влечёт за собой уголовную ответственность. Призываем граждан не оставаться равнодушными и сообщать о подобных фактах в органы внутренних дел. Совместными усилиями мы сможем противодействовать распространению наркотиков и обеспечить безопасность в нашем городе.

Пресс-служба ГУВД г.Бишкек

17/04/2026

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери адаттан тыш алдын алуу акция өткөрүштү

Борбор калаада Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын МККК полкунун кызматкерлери жөө жүргүнчүлөрдүн жолдогу жүрүм-турум маданиятын жогорулатууга багытталган өзгөчө алдын алуу акциясын өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жолду туура эмес жерден кесип өткөн жарандарга административдик протокол түзүүнүн ордуна сирень гүлдөрүнүн букеттерин тапшырышты. Мындай өзгөчө ыкма жол кыймылынын эрежелерин бузуу маселесине көңүл бурууга гана эмес, шаар тургундарына жакшы маанай тартуулоого да жардам берди.

Акциянын негизги максаты — жарандарга жол кыймылынын эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн жана өз коопсуздугу үчүн жеке жоопкерчиликти эскертүү болду. Милиция кызматкерлери жөө жүргүнчүлөргө мыйзам бузуунун мүмкүн болгон кесепеттерин достук маанайда түшүндүрүп, жолдо этият болууга чакырышты.

Шаар тургундары гүлдөрдү ыраазычылык жана жылмаюу менен кабыл алып, мындай демилгелер калк менен укук коргоо органдарынын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору!
Жол коопсуздугу ар бирибизден көз каранды. Жолду уруксат берилбеген жерден кесип өтүү кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Сиздерди жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерден гана өтүүгө жана өз өмүрүңүздөрдү, ден соолугуңуздарды сактоого чакырабыз.

Эсиңиздерде болсун: жолдогу көңүл буруу жана тартип — сиздин жана айланадагылардын коопсуздугунун кепилдиги.

Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы

В Бишкеке милиционеры провели необычную профилактическую акцию

В столице сотрудники полка ППСМ ГУВД г. Бишкек провели оригинальную профилактическую акцию, направленную на повышение культуры поведения пешеходов на дорогах.

В ходе мероприятия милиционеры вместо составления протоколов об административных правонарушениях за переход проезжей части в неположенном месте вручали горожанам букеты сирени. Такой нестандартный формат позволил не только привлечь внимание к проблеме нарушений правил дорожного движения, но и создать позитивное настроение среди жителей столицы.

Основной целью акции стало напоминание гражданам о важности соблюдения правил дорожного движения и личной ответственности за свою безопасность. Сотрудники милиции в дружелюбной форме разъясняли пешеходам возможные последствия нарушений и призывали быть внимательными на дорогах.

Жители города с благодарностью и улыбками принимали цветы, отмечая, что подобные инициативы способствуют укреплению доверия между населением и правоохранительными органами.

Уважаемые жители и гости столицы!
Безопасность на дорогах зависит от каждого из нас. Переход проезжей части в неустановленных местах может привести к трагическим последствиям.

Призываем вас строго соблюдать правила дорожного движения, пользоваться пешеходными переходами и беречь свою жизнь и здоровье.

Помните: внимание и дисциплина на дороге — залог вашей безопасности и безопасности окружающих.

Пресс-служба ГУВД г.Бишкек

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Website

Address


Кыргызстан
Bishkek