Жаш калемгер

Жаш калемгер

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Жаш калемгер, Library, Bishkek.

21/01/2020

СҮРӨТ

Самоор кайнайт ичи толуп жалынга,
Жылаңач уул турат анын жанында.
Самоор сындуу турпаты да,ичи да,
Кыпкызыл өрт айланып тур тамырда.

Торгой конду түндүгүнө боз үйдүн,
Томолок кыз:"Чымчыгы,-дейт,-моо кимдин?"
Анда эжеси:"Чоочундуку ушул куш,
учуп кетет башка жерге,оо сиңдим!"

САДЫРБЕК ТУРДУБЕК УУЛУ

04/12/2019

* * *

Көпкө кийдим, көйнөгүм да эскирди,
Көргүм келбей бул күндөрү эч кимди.
Карегимде оту барын кусанын
Кимдер билди? Ким билсе да кеч билди.

Уйку менен атып азыр ак таңым,
Уйкусурап иш кылганым, басканым.
Үйүм күңүрт, күүгүм тартса айлана
Үргүлөөнүн үлгүсүндөй ак шамым.

Күндөн-күнгө өңүм барат суз тартып,
Күмөн ойлор үмүтүмдү кыскартып.
Жүрөгүмөн тыз эттирип миң ирет
Чыгат азыр салмагы оор туз калкып.

Кайра тартып жаркытсамчы жүзүмдү,
Кадимкидей күлүп тосуп күзүмдү.
Көктү жиреп баскан кездер каякта?
Жер бетинен таппай жүрөм изимди…

* * *

Айыл, турмуш азан-казан, дүйнө, күн,
Андагыдай сезимдер жок менде бир.
Асылдыктан аласалып баратам,
Акындыгым билесиңби сен деги?..

Күндө ушул: күткөн жагым дарексиз,
Күйгөнүмдөн айтып турам бир сабак.
Үй турмушу, балдар ойноп короодо,
Калем сынып, жазыла албай ыр калат.

Бирөөлөрдүн айтып үйүн, бак-шагын,
Бирөөлөрдүн санап дүйнө, мал-жанын.
Элдин шары менен жашап үйрөндүм,
Элестете албастырсың калганын.

А ырларчы, мунарыктап алыстан,
Алда неге таарынгандай карашып.
Анда-санда гана карайм анда да,
Айнектердин чаңын сүртүп баратып.

Миң бөлүнүп, миң майдалан дагы да,
Мендеги ойлор билем бир күн биригет.
Айнек сүртүп алыстарга тигилип,
Акындыгым эске түштү бул ирет.

Айыл, турмуш, азыноолак оокат-жай,
Андагыдай сезим кайда мендеги?
Айтып келбе келди-кетти сөздөрдү
Акындыгым билчү белең сен деги?..

МАХАБАТ КАСЕЙИНОВА

20/12/2018

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино жылдызы, сахна ханышасы - Таттыбүбү Турсунбаевага 75 жыл! Сулуулуктун символуна айланган атактуу актрисанын улуулугун, сулуулугун, талантын жана ошондой эле тагдырын жазган жаш акындардын жандуу ырларын сунуштайбыз!

Топ: 7

Өлбөстүктү көрө албастар жаратат

Батып кеткен үчүн гана Күн чыгат,
Караңгы түн болгон үчүн таң атат.
Сулуулук да суктандырып Күн сымак,
Жан жагына сумсайганды жаратат.
Көралбастар көралбаган чыркырап,
Таттыбүбү сага гана жарашат.

Атың сенин өчүрүүгө шашканда,
Ак мөөр болуп жайнап чыга каласың,
Ал сулууну муунтуп бара жатканда,
Уркуясың эмизген бир баласын.
Үйүңдү өрттөп, сапырганда асманга,
Ак боз атчан айымга айланасың.

Сен өлбөссүң өлтүргөндөр адашты,
Жок кылабыз дешип баарын жаратып,
Тетиринче узун өмүр арнашты.
Атагыңды ай-ааламга таратып.
Ардак такта чалгыларга караштуу,
Үрөн жыйган бүт кыйратып баратып.

Батып кеткен үчүн гана Күн чыгат,
Караңгы түн болгон үчүн таң атат.
Сулуулукка суктануу үчүн Күн сымак,
Жан жагына сумсайганды карашат.
Дем кысылган үчүн оозуң унчугат,
Көрө албастар өлбөстүктү жаратат.

Автор: Кыял Тажиева

20/12/2018

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино жылдызы, сахна ханышасы - Таттыбүбү Турсунбаевага 75 жыл! Сулуулуктун символуна айланган атактуу актрисанын улуулугун, сулуулугун, талантын жана ошондой эле тагдырын жазган жаш акындардын жандуу ырларын сунуштайбыз!

Топ: 6

Таттыбүбү кыргыз поэзиясында

Аяр баскан кадамыңдан гүл өнгөн,
Аруу дүйнөң талант менен ширелген.
Сулуулукту билсин кыргыз журту деп,
Жаратканым сени аздектеп жиберген.

Түспөлүндөй дилиң жааган ак кардын,
Ажарыңда көркү турчу асмандын.
Жүрөгүңө бүт сиңирип алгансың,
Кереметин кылайганда ак таңдын.

Суктандырган бул ааламдын күн, айын,
Жарашчу да атаса да "үр" айым.
Кудуретке коё албайсың таң бербей,
Көктөн түшкөн перидей эле чырайың.

Сейрек келчү жан экениң туюнтуп,
Сенде жашап ажайып бир улуу кут.
Карегиңде кандай сыйкыр бар эле?
Кайталанбайт кылымда андай сулуулук.

Нагыз талант туусун бийик көтөргөн,
Кыска өмүр, бирок нарктуу өтөлгөн.
Канча образ ачылбастан калды артта,
Тагдыр деген таш боор тура көшөргөн.

Көр пенделер көмүскөдөн чалганда,
Көөдөнүңдө кайгы от болуп жанганда,
Чын дүйнөгө алып кетти жараткан,
Кор болбосун десе керек жалганда.

Канча жан бар тирүүлүктө, жарыкта,
Өтөт жашап ханың дагы, карып да.
Сулуулуктун, аруулуктун символу,
Сен жашайсың кыргыз барда тарыхта.


Автор: Акбар Жанышбеков.

20/12/2018

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино жылдызы, сахна ханышасы - Таттыбүбү Турсунбаевага 75 жыл! Сулуулуктун символуна айланган атактуу актрисанын улуулугун, сулуулугун, талантын жана ошондой эле тагдырын жазган жаш акындардын жандуу ырларын сунуштайбыз!

Топ: 5

ТАТТЫБҮБҮ, БҮТПӨЙСҮҢ СЕН ЫРДАЛЫП

Таппай жүргөн Ай – карып да, Күн – карып,
Таттыбүбү, бүтпөйсүң ов, ырдалып.
Эң биринчи сулуу десе ким-бирөө,
Элесиме сен түшөсүң жылмайып...

Ала-Тоого түшүп келген ай белең,
Миллиондон бир жаралган жан белең.
Өзүңдөгү сулуулукту эстетип,
Салам айтып жибересиң таң менен.

Жазындасы бассаң эгер буралып,
Күн баталбай карагандыр кызарып.
Гүлдөй болуп турсаң жайды сүйдүрүп,
Гүлдөр жүзүн жаап алгандыр уялып.

Эриниңден өбөбүз деп балдан бал,
Эрте күздө үзүлгөндүр алмалар.
Кышындасы кайыл болуп сен үчүн,
Жылуу жаака кетпегендир каргалар.

Көрүп калса көчөдөн же жолдон бир,
Көлөкөлөр ээсин унтуп койгондур.
Караңгыда сулуулукка чайынып,
Шамсыз деле үйүң жарык болгондур.

Көз талдырып жылдыз кончу каш-чачың,
Көркүн ачты ата мекен тасмасын.
Бир үй эмес, электрсиз-жарыксыз,
Бир улуттун жарык кылдың сахнасын.

..Келген кезде кайып өкүм оңдурбай,
Кеткен элең кырчын кезде кол булгай.
Ажал сени алып кеткен атайын,
Аруулукту карылыкка кор кылбай.

Бейиш эли сени көрүп шашкандыр.
Бейиш өзү сүйүп кучак ачкандыр.
Пери кыздар сага нөөкөр болушуп,
Периштелер чачың тарап жаткандыр.

Сулуулуктун жүгүн баары арта албайт,
Сулуулуктан тагдыр өзү жалтаңдайт.
Картайса да заман өтүп Жер шары,
Бирок сенин сулуулугуң картайбайт.

Картайса да мезгил өтүп бул аалам,
Кыргыз сүйгөн сулуулугуң картайбайт.

Автор: Иманбек Азизилла уулу

20/12/2018

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино жылдызы, сахна ханышасы - Таттыбүбү Турсунбаевага 75 жыл! Сулуулуктун символуна айланган атактуу актрисанын улуулугун, сулуулугун, талантын жана ошондой эле тагдырын жазган жаш акындардын жандуу ырларын сунуштайбыз!

Топ: 4

ТАТТЫБҮБҮ

Ак куу дешет далай жандар көркүңдү,
Ай ким билет куулар сүзгөн көлсүңбү..?
Көрөр менен кыйын алгач сүрөттөш,
Көзүңдөгү күйүп турган өртүңдү…

Ажарыңа ашык болуп миң жүрөк,
«Ал Күн!» дешет… А жүзүңдө күн жүрөт…
«Ак куу, Күндөн артык Ай!» дейт кээ бирөө,
А сен айдан сулуудурсуң ким билет..?

Сыйкыр бардай арбап алып гүл өңү,
Сен сыяктуу Ай да, Күн да күлөбү..?
Сулуу деген сендей болот чынында,
Сулуу болгон жүзү дагы жүрөгү…

Кең дүйнөнүн көкүрөгүн жаралап,
Кеттиң эрте «ак булутту аралап».
Сезимдерге өчпөс жалын тутанткан,
Сендей жандар элде сейрек жаралат…

Аттиң мейли келбес күнгө аттанба,
Айландың ээ айтып бүткүс дастанга.
Сулуулуктун символусуң талашкыс,
Суктандырган нурдан артык ак таңда…

Ажарыңа ашык болуп миң жүрөк,
«Ал Күн!» дешет… А жүзүңдө күн жүрөт…
«Ак куу, Күндөн артык Ай!» дейт кээ бирөө,
А сен айдан сулуудурсуң ким билет..?

**** **** ****

ТАТТЫБҮБҮ

(Акро ыр)

Таңдай жаркып жүзүңдөн үмүт нуру,
Таамай сага жарашат күлүп туруу!
Тууду беле жөн эне? Же сенсиңби...
Тамып жерге түшкөн бир Күн учкуну...

Ай-ааламдан табам деп теңдешиңди,
Ажарыңа теңеймин жерде кимди?
Адам кейпин кийинген ак куусуңбу?
Ак куу кейпин кийинген пендесиңби..?

Татаал болуп, мелжиген жардан кырдуу,
Табышмактуу жаралып калгансыңбы?
Таң калтырган таптаза сулуулукту,
Табияттан сиңирип алгансыңбы?

Театр, кино жол жүргөн нукта болуп,
Тургуздуң чеп өнөрдө уста болуп.
Турмушта а өмүрүң кино сымал,
Туюптур ким калаарын кыска болуп...

Ылаачындай аскага конбогон бул,
Ырайымсыз ажалды ойлоном бир:
Ырыс чектеп, эрте алып кеткенден соң,
Ырас сага суктанбай койбогондур...

Буудай учса жаның оо, Таттыбүбү,
Боздоп-боздоп агызды жашты миңи...
Булуттарды аралап сендей ал күн...
Бул ааламдын муң менен батты күнү...

Үнсүз туюп, ак-кара тең жүрөрүн,
Үшкүрүп зор арманым келди менин.
Үзүлгөндө сендей гүл сабагынан,
Үшүк алып кеткендир жер жүрөгүн...

Болжоп айтсам өксүүнүн четин эми,
Боор сыздап өкүндү өкүнөөрү...
Биздин көңүл азаптан сынганда аттиң,
Билбейм кантти дүйнөнүн көкүрөгү...

Үлбүрөгөн карааның сүрөттөрдө,
Үмүт берип ар убак күлөт төрдө...
Үйдө сактап жүргөн соң элесиңди,
Үйдөй бакыт жашатуу жүрөктөрдө!

Автор: Максат Жангазиев

20/12/2018

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино жылдызы, сахна ханышасы - Таттыбүбү Турсунбаевага 75 жыл! Сулуулуктун символуна айланган атактуу актрисанын улуулугун, сулуулугун, талантын жана ошондой эле тагдырын жазган жаш акындардын жандуу ырларын сунуштайбыз!
Топ:3

Сахнада Таттыбүбү

Булбулдун какшап боздогон таңкы ыры сен,
Күн тийсе көктө андагы тамган нуру сен.
Кыргызда сулуу экөө бар болсо болгону,
Айныбай айтаар экөөнүн анык бири сен.

Сулуулук чиркин акылга такыр сыйбаган,
Ажалга эмес ооруга дагы кыйбаган-
-периште кетти, көмүскө кетти, буркурап-
-ыйлаган турмуш, ыйлаган сахна, ыйлаган…

Жаңылам жок, жок, кеткен жок али периште,
Не болуп жатам кайгыны камап мен ичке.
Күнүмдүк жашоо ансыз да калат күбүлүп,
Төркүнү кептин түбөлүк өлбөс жеңиште.

Өлгөн жок сулуу, жаткан жок азыр мүңкүрөп,
Өлбөстүк ошол,экинчи өмүр күн сүрөт.
Жарашып бүтүн жароокер нурдуу мүнөзү,
Жаз менен кошо гүл ачат дайым бул чүрөк.

Табият чындап жасаган өңдүү эринбей,
Каштарың сенин деңиздин эки жээгиндей.
Каректериңчи, жамгырдын тунук тамчысы,
Кирпигиң болсо төгүлүп турган мээримдей.

Ажалдын жөнү, өмүрдүн жөнү башка да,
Дарактын баркы тамыры менен шакта да.
Биз жашап жүргөн бу турмуш бизге театр,
А демек биздин актрисабыз сахнада…!!!

Автор: Бердибек Жамгырчиев

20/12/2018

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино жылдызы, сахна ханышасы - Таттыбүбү Турсунбаевага 75 жыл! Сулуулуктун символуна айланган атактуу актрисанын улуулугун, сулуулугун, талантын жана ошондой эле тагдырын жазган жаш акындардын жандуу ырларын сунуштайбыз!

Топ: 2

СУЛУУЛУКТУН КЫЗЫ

(Таттыбүбү Турсунбаевага)

Күлкүңө күн кошулуп, күлсө керек,
Жылдыздар жылмаюуңда жүрсө керек.
Сендеги сулуулукту адам эмес,
Сүйүүнүн өзү кошо сүйсө керек.

Төрөлүп перилердин калаасынан,
Бой жетип, сулуулуктун талаасынан.
Жерге сен кокус түшүп калсаң керек,
Жаннатта Үр кыздардын арасынан.

Суусунан сулуулуктун ичип чыккан,
Жалгандан жаркын сүйүү күтүп чыккан.
А балким, суу периси болсоң керек,
Суналып көл түбүнөн сүзүп чыккан.

Жашоодо жарык таңдай жаркып өттүң,
Акактай ак жүзүңө ай түнөттүң.
Көркүңдөн көрүнчү эле көз тайгылган,
Элеси Каныкейдин, Айчүрөктүн.

Сүйчү эле сени кинотасма дагы,
Сүйчү эле театр да, сахна дагы.
Сүрөттөп бүтпөйт чыгар сулуулугуң,
Сүрөтчү сан миң сүрөт тартса дагы.

Сулуулук сен жашаган мекен эле,
Дидарың таш жүрөгүн эзер эле.
Жарк этип сен көрүнсөң, оо ал тургай,
Экран да, сулуу болуп кетер эле.

Өмүрдөн өнөр менен сыйлангандай,
Тагдырың талант менен чулгангандай.
Ашыкча сулуу элең адамдан сен,
Аалам бүт ажарына сыйган жандай.

Күлкүңө күн кошулуп күлсө керек,
Жылдыздар жылмаюуңда жүрсө керек.
Сендеги сулуулукту адам эмес,
Сүйүүнүн өзү кошо сүйсө керек.

Автор: Умар Нусубалиев.

20/12/2018

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино жылдызы, сахна ханышасы - Таттыбүбү Турсунбаевага 75 жыл! Сулуулуктун символуна айланган атактуу актрисанын улуулугун, сулуулугун, талантын жана ошондой эле тагдырын жазган жаш акындардын жандуу ырларын сунуштайбыз!

Топ: 1

ТАТТЫБҮБҮ

Гулдөн алып жараткандай кубултуп,
Ай жүзүнөн чагылышып тунуктук.
Каранганда сынып кетпей бырчалап,
Кантип күзгү берген экен туруштук.

Табиятка назиктиги жуурулуп,
Толуктаган жан - дүйнөсүн улуулук.
Таттыбүбү жаралбаса дүйнөгө,
Сулуу болбой калат беле сулуулук.

Жебе сымал эки кашы тартылуу,
Жүрөктөргө сиңип талант аркылуу.
Колу анын тийген үчүн,эх чиркин,
"Кызыл алма " болсо керек бактылуу.

Буйругуна бул тагдырдын көндү да,
Булут басып нур жаркыган өңүн да.
Жарыктык ай, жапжаш бойдон калсын деп,
Картаюсун каалабаптыр өлүм да...

Жалбырак да убактылуу термелет,
Жылдар өтөт ар бир күндү термелеп.
Жердин өзү ашык болуп, а балким
Бизден бөлүп кетсе керек эртерээк.

Гулдөн алып жараткандай кубултуп,
Ай жүзүнөн чагылышып тунуктук.
Каранганда сынып кетпей бырчалап,
Кантип күзгү берди экен туруштук...

Кантип күзгү берген экен туруштук...

Автор: Мелис Маматжанов

29/10/2018

***

"Өх" дегендин бири кайтып келе элек,
Өкүмү ушул аппак, таза мээнеттин.
Өрүк гүлдөп турганы эх керемет,
Өмүр гүлдөп турганына не жетсин!

Акыл, жүрөк көп ойлорго жооруттум,
жалган дүйнө жалгандарга окшошпо.
Өрүк гүлдөп турган чакта жолуктук,
өмүр гүлдөп турган кезде коштошпо.

Адилет Зарылбек уулу

29/10/2018

- ...“Башканы да сүйсөн керек ээ?
(Баш кошконсуң мага эмнеге?!”)

- Эх сен десе, кызганчаагымсың,
Жалгыз өзүң – жан тумарымсың
Ооба сени жолуктурганча,
Башкаларды жактырганым чын.

Бирөө сендей кыялкеч эле,
Бирөө тынбай таттуу жечү эле.
Бири болсо көзү бакыраң,
Болбогонго ыйлай берчү эле.

А эстедим: бири боючу –
“Бир алтымыш бештей” болуучу.
Бою эле эмес, чачы, кашы да,
Купулума чындап толучу.

Бири абдан баёо жан эле,
Маңдайында меңи бар эле.
Ырды сүйгөн дили таптаза,
Сөзүн уксаң тили бал эле.

Бири менден өзүн тапчу эле,
А бирөөнө ырым жакчу эле...
Бирок дүйнөм ушунун баарын,
Бир адамдан таппай жатты эле.

- Анан?
- Анан сага кезиктим,
Баары калып сен деп, ээликтим.
Көрсө сени ушул кыздардын
элесинен издей берипмин...

Жалгыз өзүң – жактырганымсың!
Жалгыз өзүң – жан тумарымсың!

Доранбек уулу Акжол

29/10/2018

ДАРЕКСИЗ СҮЙҮҮ

Илкип соккон шамалды да тийгизбей,
Издерибиз калган эле талаада.
Кайда кеттиң кабарыңды билгизбей?
Карааныңды издеп жүрөм калаада.

Тратуар жалгыз менин досумдай,
Бүт сырымды айтып алам ичтеги.
Тирүүлөрдүн агымына кошулбай,
Жашап жүрөм элес менен түштөгү.

Башкаралбай сагынычтын унаасын,
Басып калган азаптарга көндүмбү?
Светафор дайым жанып турасың,
Айтчы менин сүйгөнүмдү көрдүңбү?..

Колдон келсе убакытты токтотуп,
Кетким келет кайгылардан кыйнаган.
Чачы узун кызды көрсөм окшотуп,
Чачы узун кызды көрсөм кыйналам.

Дареги жок издегендей бир үйдү,
Дареги жок издеп жүрөм сүйүүмдү...

Мелис Маматжанов

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Telephone

Website

Address


Bishkek