04/06/2026
Кыргыз Республикасынын МБКнын кинологу баңгизаттарды издөө боюнча эл аралык чемпионатта күмүш байгеге ээ болду
2026-жылдын 25-майынан 29-майын кошкон мезгилде Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын Борбордук бажысынын Кинологиялык борборунда бажы кызматынын генерал-майору Е.Н. Чухаревдин жаркын элесине арналган кызматтык-прикладдык спорттун «Кинологдордун көп түрдүү мелдеши» боюнча Россия Федерациясынын бажы органдарынын ачык чемпионаты өттү. Мелдеш Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын 35 жылдыгына карата уюштурулду.
Чемпионатка ар кайсы мамлекеттердин бажы жана укук коргоо органдарынын кинолог-адистери катышты. Мелдештин программасы эки этаптан турду: биринчи этапта Россия Федерациясынын бажы органдарынын кинологдору күч сынашты, ал эми экинчи этапта - эл аралык эсептин алкагында — Россия Федерациясынын ИИМдин, Беларусь Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү өздөрүнүн кызматтык иттери менен катышты.
«Баңгизат каражаттарын издөө» багыттары боюнча эл аралык жеке эсептин жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысынын улук инспектору Наталья Гладкова Фрея аттуу кызматтык ити менен экинчи орунду ээледи.
Бул жетишкендик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын кинология бөлүмдөрүнүн даярдыгынын жогорку деңгээлде экендигин көрсөтүп, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө кызматтык иттерди колдонуунун натыйжалуулугун дагы бир жолу тастыктады.
Мамлекеттик бажы кызматы Наталья Гладкованы татыктуу сыйлыгы менен куттуктайт жана мындан аркы кызматында ийгиликтерди, ошондой эле жаңы кесиптик жетишкендиктерди каалайт.
_____________________________________________________
Кинолог ГТС Кыргызской Республики завоевала серебро на международном чемпионате по поиску наркотиков
С 25 по 29 мая 2026 года на базе Кинологического центра Центральной таможни Федеральной таможенной службы Российской Федерации состоялся Открытый чемпионат таможенных органов Российской Федерации по служебно-прикладному спорту «Многоборье кинологов» на приз памяти генерал-майора таможенной службы Е.Н. Чухарева. Соревнования были приурочены к 35-летию Федеральной таможенной службы Российской Федерации.
В чемпионате приняли участие специалисты-кинологи таможенных и правоохранительных органов различных государств. Программа соревнований состояла из двух этапов: в первом этапе состязались кинологи таможенных органов Российской Федерации, во втором — в рамках международного зачета — выступили представители МВД России, Республики Беларусь и Кыргызской Республики вместе со своими служебными собаками.
По итогам международного личного зачета в дисциплине «Поиск наркотических средств» старший инспектор Учебно-специализированной таможни Государственной таможенной службы при Кабинете Министров Кыргызской Республики Наталья Гладкова вместе со служебной собакой по кличке Фрея заняла почетное второе место.
Достигнутый результат является свидетельством высокого уровня подготовки кинологических подразделений Государственной таможенной службы Кыргызской Республики и подтверждает эффективность применения служебных собак в борьбе с незаконным оборотом наркотических средств.
Государственная таможенная служба поздравляет Наталью Гладкову с заслуженной наградой и желает дальнейших успехов в службе и новых профессиональных достижений.
04/06/2026
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 33 килограммдан ашык гашиш алынды
Баткен облусунда баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү каналынын ишине бөгөт коюлду. «Баткен» бажысынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен операциясынын натыйжасында, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 33 килограммдан ашык гашиш алынды.
2026-жылдын 22-апрелинде Кадамжай районунда 1993-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны кармалган. Унаа каражаттарын текшерип кароо, өзүн текшерип кароо жана андан кийин кармалган адамдын жашаган жери боюнча жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жүрүшүндө баңгизат каражаттары табылып, алынды.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат каннабис чайыры (гашиш) болуп саналат. Алынган баңгизат каражатынын жалпы таза салмагы 33 килограммдан ашыкты түздү.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду.
Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдарынын мындан аркы биргелешкен ишинин алкагында коңшу мамлекеттин аймагында кошумча иш-чаралар өткөрүлдү. Натыйжада кошумча 14 килограмм гашиш жана 1 килограмм опий алынды. Ошондой эле аталган баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналынын ишине тиешеси бар деп шектелген Өзбекстан Республикасынын жараны кармалды.
________________________________________________________
Из незаконного оборота изъято более 33 килограммов гашиша
В Баткенской области пресечена деятельность канала
незаконного оборота наркотических средств. В результате совместной операции сотрудников подразделения по борьбе с незаконным оборотом наркотиков таможни «Баткен» и Управления по борьбе с незаконным оборотом наркотиков УВД Баткенской области из незаконного оборота изъято более 33 килограммов гашиша.
22 апреля 2026 года в Кадамжайском районе был задержан гражданин Кыргызской Республики 1993 года рождения. В ходе досмотра транспортного средства, личного досмотра и последующих следственных действий по месту жительства задержанного обнаружены и изъяты наркотические средства.
Согласно заключению судебно-химической экспертизы, изъятое вещество является смолой каннабиса (гашишем). Общий чистый вес изъятого наркотического средства составил более 33 килограммов. По данному факту возбуждено уголовное дело по части 3 статьи 282 Уголовного кодекса Кыргызской Республики.
В рамках дальнейшей совместной работы правоохранительных органов Кыргызской Республики и Республики Узбекистан проведены дополнительные мероприятия на территории соседнего государства. В результате дополнительно изъяты 14 килограммов гашиша и 1 килограмм опия. Также задержан гражданин Республики Узбекистан, подозреваемый в причастности к деятельности данного канала незаконного оборота наркотиков.
03/06/2026
МБК кызматкерлери радиациялык контролдоо жаатында квалификациясын жогорулатышты
2026-жылдын 11-майынан 29-майын кошуп «Ош» бажысында жана «Адистештирилген окутуу» бажысында «Мамлекеттик чек аранын өткөрүү пункттарында радиациялык контроль жүргүзүү жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу» темасында окуу тренинги өткөрүлдү.
Окутуу АКШнын Энергетика министрлигинин Ядролук материалдардын контрабандасын аныктоо жана ага каршы аракеттенүү программасынын алкагында уюштурулуп, «ВМФ Групп» ЖЧКсынын эксперттери жана Адистештирилген окутуу бажысынын кызматкери тарабынан биргеликте жүргүзүлдү.
Тренингдин негизги максаты – өткөрүү пункттарында кызматкерлердин радиациялык контроль жүргүзүү жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы кесиптик билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу болду.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар тестирлөөдөн өтүштү, андан соң Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын 40 кызматкерине жана Мамлекеттик чек ара кызматынын 11 кызматкерине окууну ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.
______________________________________________
Сотрудники ГТС повысили квалификацию в сфере радиационного контроля
С 11 по 29 мая 2026 года на базе таможни «Ош» и Учебно-специализированной таможни проведен обучающий тренинг на тему: «Осуществление радиационного контроля и обеспечение радиационной безопасности на пунктах пропуска государственной границы».
Обучение организовано в рамках Программы обнаружения и противодействия контрабанде ядерных материалов Министерства энергетики США и проведено экспертами ОсОО «ВМФ Групп» совместно с сотрудником Учебно-специализированной таможни.
Основной целью тренинга стало повышение профессиональных знаний и практических навыков сотрудников в области радиационного контроля и обеспечения радиационной безопасности на пунктах пропуска.
По итогам тренинга участники прошли тестирование, после чего 40 сотрудникам Государственной таможенной службы и 11 сотрудникам Государственной пограничной службы Кыргызской Республики были вручены сертификаты о его успешном прохождении.
03/06/2026
МБКда кош багыттагы товарларды экспорттук контролдоо боюнча семинар өткөрүлдү
2026-жылдын 25-майынан 27-майын кошуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы «Кош багыттагы товарларды экспорттук контролдоо жана товарларды идентификациялоо» темасында окутуу семинарын өткөрдү.
Бул иш-чара Германиянын Экономикалык маселелер жана экспорттук контролдоо боюнча федералдык башкармалыгы (BAFA) тарабынан ишке ашырылып жаткан, Борбордук Азиядагы кош багыттагы товарларды экспорттук контролдоо жана курал-жаракты экспорттук контролдоо (COARM) боюнча Европа Биримдигинин P2P программаларынын алкагында уюштурулду.
Семинарга Словения, Улуу Британия жана Литва өлкөлөрүнүн өкүлдөрү эл аралык эксперттер катары катышышты.
Окутуунун негизги максаты - бажы органдарынын кызматкерлеринин кош багыттагы товарларды экспорттук контролдоо жаатындагы квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле аларды идентификациялоо жана классификациялоо боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Семинардын жүрүшүндө экспорттук контролдоонун эл аралык ыкмалары, контролдоо жүргүзүүчү товарларды классификациялоо, тобокелдиктерди баалоо жана стратегиялык мааниге ээ продукцияларды мыйзамсыз ташып өтүүнүн алдын алуу маселелери каралды. Практикалык сабактарга жана реалдуу учурларды талдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Окутууга Мамлекеттик бажы кызматынын 18 кызматкери катышты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү экспорттук контролдун улуттук системасын чыңдоого жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
_________________________________________________
В ГТС проведен семинар по экспортному контролю товаров двойного назначения
С 25 по 27 мая 2026 года Государственная таможенная служба при Кабинете Министров Кыргызской Республики провела обучающий семинар на тему «Экспортный контроль товаров двойного назначения и идентификация товаров».
Мероприятие организовано в рамках программ Европейского союза P2P по экспортному контролю товаров двойного назначения в Центральной Азии и экспортному контролю за оружием (COARM), реализуемых Федеральным управлением по экономическим вопросам и экспортному контролю Германии (BAFA).
В качестве международных экспертов в семинаре приняли участие представители Словении, Великобритании и Литвы.
Основной целью обучения стало повышение квалификации сотрудников таможенных органов в области экспортного контроля товаров двойного назначения, а также развитие практических навыков по их идентификации и классификации.
В ходе семинара рассмотрены международные подходы к экспортному контролю, вопросы классификации контролируемых товаров, оценки рисков и предотвращения незаконного перемещения стратегически значимой продукции. Особое внимание уделено практическим занятиям и разбору реальных кейсов.
В обучении приняли участие 18 сотрудников Государственной таможенной службы.
Проведение подобных мероприятий способствует укреплению национальной системы экспортного контроля и повышению эффективности таможенного администрирования.
30/05/2026
2026-жылдын 28–29-майында Казакстан Республикасынын Астана шаарында Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин катышуусунда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин алкагында Евразиялык экономикалык форум – 2026 өткөрүлдү.
Форумдун алкагында «ЕАЭБдеги бажылык жөнгө салууну жана башкарууну өнүктүрүү тенденциялары, жасалма интеллект инструменттерин киргизүү маселелери» темасына панелдик сессия болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан төраганын орун басары Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна катышып, «Өткөрүү пункттарындагы процесстерди санариптик технологиялар аркылуу оптималдаштыруу жана товарларды чыгаруу убактысын изилдөө» темасында баяндама жасады.
Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар бажылык башкарууну санариптештирүү, жасалма интеллект технологияларын киргизүү жана өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашышты.
Форумдун жыйынтыгында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн жана бажы тармагында санариптик чечимдерди кеңири колдонуунун маанилүүлүгү белгиленди.
****************************************************
28–29 мая 2026 года в г. Астане (Республика Казахстан) состоялся Евразийский экономический форум – 2026, проведенный «на полях» заседания Высшего Евразийского экономического совета с участием глав государств-членов Евразийского экономического союза.
В рамках Форума прошла панельная сессия на тему: «Тенденции развития таможенного регулирования и администрирования в ЕАЭС, в том числе с учетом внедрения инструментов искусственного интеллекта».
От Государственной таможенной службы при Кабинете Министров Кыргызской Республики в мероприятии приняла участие заместитель председателя Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна, которая выступила с докладом на тему: «Оптимизация процессов на пунктах пропуска через цифровые технологии и исследование времени выпуска».
В ходе обсуждений участники обменялись опытом по цифровизации таможенного администрирования, внедрению технологий искусственного интеллекта и повышению эффективности работы пунктов пропуска.
По итогам Форума отмечена важность дальнейшего развития сотрудничества между таможенными органами государств-членов ЕАЭС и расширения применения цифровых решений в таможенной сфере.
28/05/2026
ТЭИ катышуучулары үчүн маалымат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылдын 1-июнунан тартып Россия Федерациясында товарларды жеткирүүнү күтүүнү ырастоо системасы (ТЖБКЫС) иштей баштаганын маалымдайт.
Өз ара сооданын катышуучуларынан Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда товарларды жеткирүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну өтүнөбүз.
Товарларды жеткирүүнү күтүүнү ырастоо системасынын иштешине байланыштуу суроолор боюнча кошумча маалыматтар Россиянын Федералдык бажы кызматынын расмий ресурстарына жайгаштырылган - https://customs.gov.ru
____________________________________________________
Информация для участников ВЭД
Государственная таможенная служба при Кабинете Министров Кыргызской Республики информирует, что с 1 июня 2026 года в Российской Федерации начинает функционировать система подтверждения ожидания поставки товаров (СПОТ).
Просим участников взаимной торговли учитывать данную информацию при планировании поставок товаров между Кыргызской Республикой и Российской Федерацией.
Дополнительная информация по вопросам функционирования системы СПОТ размещена на официальных ресурсах Федеральной таможенной службы России - https://customs.gov.ru