Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы

Share

Электронный адрес отдела информации и связи с обществ?

03/06/2026
Photos from Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы's post 03/06/2026

Баткен областынын прокуратурасы жаңы имаратка ээ болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиевдин катышуусунда Баткен областынын прокуратурасынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди.

Иш-чаранын ачылышында Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Касымалиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, өзгөчө стратегиялык мааниге ээ болгон Баткен областында прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо мамлекеттин укук коргоо системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи.

Өз кезегинде, Башкы прокурор М.Асаналиев жаңы имараттын пайдаланууга берилиши прокуратура органдарынын ишин заманбап талаптарга ылайык уюштурууга, жарандардын кайрылууларын өз убагында жана сапаттуу кароого, мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөөрүн билдирди.

Прокуратуранын областтык административдик имараты мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен курулуп, санариптештирүү талаптарына ылайык заманбап техникалык жана маалыматтык-коммуникациялык жабдуулар менен камсыздалды.

Белгилей кетсек, прокуратура буга чейин 1979-жылы курулган имаратта жайгашып келген. Аталган имараттын техникалык абалы начарлап, Сейсмология институтунун корутундусуна ылайык, имараттын ичинде ишмердүүлүк жүргүзүү кооптуу деп табылган.

***

Состоялось открытие нового административного здания прокуратуры Баткенской области

В Баткенской области состоялось торжественное открытие нового административного здания прокуратуры области с участием Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики — Руководителя Администрации Президента Кыргызской Республики Адылбека Касымалиева и Генерального прокурора Кыргызской Республики Максата Асаналиева.

Выступая на церемонии открытия, А. Касымалиев отметил, что укрепление материально-технической базы органов прокуратуры в Баткенской области, имеющей особое стратегическое значение, является одним из приоритетных направлений развития правоохранительной системы государства.

В свою очередь М. Асаналиев подчеркнул, что ввод в эксплуатацию нового административного здания позволит организовать деятельность органов прокуратуры в соответствии с современными требованиями, обеспечит своевременное и качественное рассмотрение обращений граждан, а также будет способствовать повышению эффективности работы по обеспечению законности и правопорядка.

Новое здание прокуратуры Баткенской области построено за счет государственных средств и оснащено современным техническим оборудованием, а также информационно-коммуникационными системами с учетом требований цифровизации.

Следует отметить, что ранее прокуратура области располагалась в здании, построенном в 1979 году. В связи со значительным ухудшением его технического состояния, согласно заключению Института сейсмологии, дальнейшая эксплуатация здания была признана небезопасной.

03/06/2026

Кочкор районунда жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, мекенчилдикке тарбиялоо, билим алуунун маанисин түшүндүрүү, туура кесип тандоого багыт берүү жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында «Мекенге пайдалуу инсан болуу – бүгүнкү аракеттен башталат» аталышындагы тарбиялык-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

***

В Кочкорском районе проведены воспитательно-профилактические мероприятия под названием «Быть полезным своей Родине начинается с сегодняшних поступков», направленные на профилактику преступности и правонарушений среди несовершеннолетних, воспитание патриотизма, формирование правовой культуры, разъяснение значимости образования, содействие в правильном выборе профессии, а также популяризацию здорового образа жизни и законопослушного поведения среди молодежи.

02/06/2026

Айтматов районундагы мектептин курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду

Талас областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Айтматов районундагы «Айтбаев» атындагы орто мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды.

Тактап айтканда, Талас областынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары аткарылбаган курулуш иштерин мыйзамсыз түрдө кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен.

Натыйжада подряддык уюмга негизсиз түрдө 4 млн 200 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражат төлөнүп берилген.
Аталган факты боюнча Талас областынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

***

Возбуждено уголовное дело по факту нарушений при строительстве школы в Айтматовском районе

Прокуратурой Таласской области возбуждено уголовное дело по факту нарушений, выявленных при строительстве средней школы имени Айтбаева в Айтматовском районе.

В ходе прокурорской проверки установлено, что должностные лица Управления капитального строительства Таласской области незаконно приняли фактически невыполненные строительные работы и внесли в официальные документы заведомо ложные сведения. В результате противоправных действий подрядной организации необоснованно перечислены бюджетные средства в размере 4 млн 200 тыс. сомов.

По данному факту прокуратурой Таласской области возбуждено уголовное дело по признакам преступлений, предусмотренных статьями 337 (злоупотребление должностным положением) и 346 (служебный подлог) Уголовного кодекса Кыргызской Республики.

В настоящее время по уголовному делу проводятся необходимые следственные мероприятия.

Photos from Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы's post 02/06/2026

Адам өлтүрүүгө айыпталып жаткан жарандар Таиланддан Кыргызстанга алынып келинди

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен жүргүзүлгөн өз ара кызматташтыктын натыйжасында, ИИМдин ыкчам кызматкерлеринин коштоосунда Кыргыз Республикасынын жарандары Н.А. жана Р.А. Таиланд Королдугунан алынып келинди.

Аталган жарандар чет өлкөлүк жаранды өлтүргөндүгү үчүн айыпталып, кылмыш жасалгандан кийин тергөө органдарынан жашырынып кетишкендиктен, аларга эл аралык издөө жарыяланып, жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында Таиланд Королдугунун аймагында кармалышкан.

Учурда айыпталуучулар мыйзамда белгиленген тартипте кылмыш иши боюнча андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн тергөө абагына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кылмыш жоопкерчилигинен качып, өлкө аймагынан тышкары жерде жашырынып жүргөн адамдарды аныктоо, кармоо жана экстрадициялоо боюнча иштерди ырааттуу улантууда.

***

Обвиняемые в убийстве граждане доставлены из Таиланда в Кыргызстан

В результате взаимодействия Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики с компетентными органами иностранных государств граждане Кыргызской Республики Н.А. и Р.А. доставлены из Королевства Таиланд в Кыргызскую Республику в сопровождении сотрудников Министерства внутренних дел.

Указанные лица обвиняются в совершении убийства иностранного гражданина. После совершения преступления они скрылись от органов следствия, в связи с чем были объявлены в международный розыск. В ходе проведенных розыскных мероприятий обвиняемые были установлены и задержаны на территории Королевства Таиланд.

В настоящее время указанные лица водворены в следственный изолятор для дальнейшего проведения следственных действий в установленном законодательством порядке.

Генеральная прокуратура Кыргызской Республики последовательно продолжает работу по установлению местонахождения, задержанию и экстрадиции лиц, скрывающихся от уголовного преследования за пределами Кыргызской Республики.

Photos from Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы's post 01/06/2026

Прокуратура кызматкерлери балдарды
Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттукташты

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлери өлкө аймагында кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, балдар үйлөрүнүн, интернаттардын жана атайын мекемелердин тарбиялануучуларына колдоо көрсөтүштү.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы көп жылдан бери Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине камкордук көрүп келет. Иш-чаранын алкагында прокуратура кызматкерлери балдарга биринчи керектелүүчү буюмдарды, балдар коляскаларын, манеждерди жана башка зарыл болгон тиричилик буюмдарын тапшырышты.

Жолугушууда Башкы прокуратуранын өкүлдөрү мекеменин жамаатына ак ниет эмгеги, балдарга күн сайын көрсөткөн камкордугу жана алардын толук кандуу өнүгүүсү үчүн түзүлгөн шарттары үчүн ыраазычылык билдиришти.

Мындан тышкары, республиканын бардык аймактарында прокуратура органдарынын кызматкерлери интернаттык мекемелерге жана адистештирилген борборлорго барып, балдарды майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырышты.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жашы жете электердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп келет. Ата-энесинин камкордугусуз калган жана турмуштук оор кырдаалда турган балдарды колдоо прокуратура органдарынын социалдык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

***

Работники органов прокуратуры поздравили детей с Международным днем защиты детей

В связи с Международным днем защиты детей работники органов прокуратуры Кыргызской Республики провели благотворительные мероприятия по всей стране, оказав поддержку детям, оставшимся без попечения родителей, воспитанникам детских домов, интернатов и специализированных учреждений.

Генеральная прокуратура Кыргызской Республики на протяжении ряда лет осуществляет шефство над воспитанниками Беловодского психоневрологического детского дома-интерната. В рамках проводимых мероприятий прокурорские работники передали детям предметы первой необходимости, детские коляски, манежи, а также иные необходимые вещи и предметы быта.

В ходе встречи представители Генеральной прокуратуры выразили благодарность коллективу учреждения за самоотверженный труд, ежедневную заботу о детях и создание условий для их полноценного развития.

Кроме того, во всех регионах республики работники органов прокуратуры посетили интернаты и специализированные центры, поздравили детей с праздником и вручили им подарки.

Генеральная прокуратура Кыргызской Республики последовательно уделяет особое внимание вопросам защиты прав и законных интересов несовершеннолетних. Поддержка детей, оставшихся без попечения родителей и находящихся в трудной жизненной ситуации, остается одним из приоритетных направлений социальной деятельности органов прокуратуры.

Photos from Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы's post 29/05/2026

Жер мунапысы боюнча жарандарды кызыктырган негизги суроолорго жооптор Башкы прокуратуранын расмий сайтында:
https://prokuror.kg/position/144/145/kg

28/05/2026

Эл аралык издөөдө жүргөн адам Францияга экстрадицияланды

Бириккен Улуттар Уюмунун Трансулуттук уюмдашкан кылмыштуулукка каршы конвенциясынан келип чыккан Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында, ошондой эле өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран Франция Республикасына экстрадицияланды.

Франция Республикасынын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн адам кылмыштуу топтун курамында аракеттенүү менен чет өлкөлүк жарандардын Францияга жана Шенген аймагынын айрым мамлекеттерине мыйзамсыз кирүүсүнө жана жүрүүсүнө көмөктөшүүгө шектелүүдө.

Экстрадиция Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Интерполдун Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюросунун өз ара координацияланган ишинин натыйжасында камсыз кылынды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы мындан ары да чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен эл аралык кызматташтыкты күчөтүп, кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо багытындагы өз ара аракеттенүүнүн географиясын кеңейтүүнү улантат.

***

Во Францию экстрадировано лицо, находившееся в международном розыске

В рамках исполнения международных обязательств Кыргызской Республики, вытекающих из Конвенции Организации Объединённых Наций против транснациональной организованной преступности, а также на основе принципа взаимности, во Французскую Республику экстрадирован иностранный гражданин, находившийся в международном розыске.

По данным компетентных органов Французской Республики, указанное лицо, действуя в составе преступной группы, подозревается в содействии незаконному въезду и пребыванию иностранцев во Франции и отдельных государствах Шенгенской зоны.

Экстрадиция обеспечена благодаря скоординированному взаимодействию Генеральной прокуратуры и Национального центрального бюро Интерпола Кыргызской Республики.

Генеральная прокуратура Кыргызской Республики и далее будет развивать международное сотрудничество с зарубежными партнёрами, расширяя географию взаимодействия в сфере розыска и экстрадиции лиц, скрывающихся от уголовного преследования.

28/05/2026

Ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салуу фактылары аныкталды

Прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышына жүргүзүлүп жаткан көзөмөлдүн алкагында, ишкердик субъекттерин укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуунун мыйзамдуулугуна мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

2026-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен салык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде укук бузуу үчүн эскертүү түрүндөгү жаза чарасы гана каралгандыгына карабастан ишкерлерге мыйзамсыз түрдө акчалай жаза чарасын колдонуу боюнча 105 факты аныкталган.

Мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүп, анын жыйынтыгында 51 кызмат адамына карата айып пулдар салынган жана ар кандай тартиптик жазаларга кириптер болушкан.

Прокуратура органдары бул багыттагы иштерди системалуу негизде улантууда.

Ошону менен катар, Башкы прокуратура бизнес субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча жеткиликтүү механизмдер бар экендигин эскертет — «Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси (AppStore жана Google Play платформаларында жеткиликтүү), ошондой эле ар бир прокуратура органында ишеним телефондору иштейт (номерлери расмий сайтта жайгаштырылган: www.prokuror.kg).

***

Выявлены факты незаконного наложения штрафов на предпринимателей

Органы прокуратуры в рамках надзорной деятельности по соблюдению законодательства о защите прав субъектов предпринимательства продолжают мониторинг законности привлечения предпринимателей к ответственности за совершение правонарушений.

По итогам 5 месяцев 2026 года выявлено 105 фактов незаконного применения налоговыми органами денежных штрафов в отношении субъектов предпринимательства несмотря на то, что за соответствующие правонарушения Кодексом Кыргызской Республики о правонарушениях предусмотрено наказание исключительно в виде предупреждения.

В целях восстановления законности и защиты прав предпринимателей органами прокуратуры внесены акты прокурорского реагирования, по результатам рассмотрения которых к 51 должностному лицу применены меры дисциплинарного взыскания, а также наложены штрафы.
Органы прокуратуры продолжают системную работу по обеспечению соблюдения прав субъектов предпринимательства и недопущению незаконного вмешательства в их деятельность.

При этом Генеральная прокуратура напоминает субъектам предпринимательства о действующих механизмах защиты бизнеса, включая мобильное приложение «Бизнести коргоо», доступное в App Store и Google Play, а также телефоны доверия, функционирующие в органах прокуратуры республики. Контактные номера размещены на официальном сайте Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики — www.prokuror.kg.

28/05/2026

Башкы прокуратура тарабынан ветеринардык чөйрөдө ишкердик субъекттеринин укуктарын чектөө фактылары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы көзөмөл жүргүзүү ишинин алкагында жеке ветеринардык практикага байланыштуу кабыл алынган актыларды изилдеп чыкты.

Көзөмөл ишинин жүрүшүндө, жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келбеген чечимдердин кабыл алынышы аныкталып, аны менен жеке ветеринардык адистердин азык-түлүк базарларында ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу жолу менен ишкердик субъекттеринин укуктары чектелгендиги такталган.

Башкы прокуратуранын чара көрүү актысынын негизинде Министрлер Кабинети тарабынан «Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, жеке ветеринардык дарыгерлерге азык-түлүк базарларында ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү жана сыноо протоколдорун берүү укугу кайра калыбына келтирилди.

Бүгүнкү күндө азык-түлүк базарларындагы ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториялары жөнүндө жобо бекитилип, 21 жеке ветеринардык адис менен ветеринардык-санитардык экспертиза жаатындагы айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча келишимдер түзүлдү.
Башкы прокуратура ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзүү иштерин улантууда.

***

Генеральной прокуратурой выявлены факты ограничения прав субъектов предпринимательства в ветеринарной сфере

Генеральной прокуратурой в рамках надзорной деятельности изучены принятые акты, регулирующие вопросы частной ветеринарной практики.

В ходе надзорной работы выявлены несоответствия решений требованиям нормативных правовых актов, имеющих более высокую юридическую силу, которыми ограничены права субъектов предпринимательства путем исключения возможности проведения ветеринарно-санитарной экспертизы частными специалистами на продовольственных рынках.

По акту реагирования Генеральной прокуратуры Кабинетом Министров внесены соответствующие изменения в постановление «О регулировании частной ветеринарной практики в Кыргызской Республике» и частным ветеринарным врачам восстановлены права по проведению ветеринарно-санитарной экспертизы на продовольственных рынках и выдаче протоколов испытаний.

В настоящее время утверждено Положение о лабораториях ветеринарно-санитарной экспертизы на продовольственных рынках и заключены договоры с 21 частным ветеринарным специалистом по передаче отдельных полномочий в сфере ветеринарно-санитарной экспертизы.

Генеральная прокуратура продолжает работу по надзору за соблюдением законодательства в сфере защиты прав предпринимательства.

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Address


Улица Токтоналиева, 139
Bishkek
720044

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00