05/06/2026
Ардак наам кут болсун!
Журналистика жана коммуникация институтунун жалпы жамааты филология илимдеринин кандидаты, доцент Дуйшекеева Айна Талгарбековнаны Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Ардактуу профессору» наамына ээ болушу менен куттуктайт.
Бул наам Айна Талгарбековнанын көп жылдык үзүрлүү эмгегине, журналистика илимин өнүктүрүүгө, жогорку кесипкөй адистерди даярдоого жана университеттин өнүгүшүнө кошкон зор салымынын татыктуу баасы болуп саналат.
Урматтуу Айна Талгарбековна, Сизге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүңүздө жаңы жетишкендиктерди жана түгөнгүс дем-күч каалайбыз. Ардак наамыңыз кут болсун!
01/06/2026
28-майда Ж. Баласагын атындагы КУУнун докторантура мектебинин "Журналистика" багыты боюнча PhD программасынын тарыхындагы алгачкы докторлук диссертация ийгиликтүү корголду
_________________________
Докторант Цзян Линь «Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ММКдагы конструктивдүү журналистиканын учурдагы концепциясы жана практикасы (салыштырма анализ)» аттуу темадагы изилдөөсүн сунуштап, журналистика илиминдеги актуалдуу багыттардын бири болгон конструктивдүү журналистиканын теориялык жана практикалык аспектилерин кеңири талдап берди.
Изилдөөнүн өзгөчө баалуулугу анын Кыргызстан менен Кытайдын улуттук маалымат агенттиктеринин ишмердүүлүгүн комплекстүү түрдө салыштырган алгачкы илимий эмгектердин бири болуп саналгандыгында. Диссертациянын алкагында Кыргыз улуттук маалымат агенттиги «Кабар» менен Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиктеринин материалдары сандык жана сапаттык талдоонун негизинде изилденип, эки өлкөнүн медиапрактикасындагы конструктивдүү журналистиканын өзгөчөлүктөрү аныкталган.
Илимий коомчулуктун өкүлдөрү белгилегендей, бул диссертация конструктивдүү журналистиканы улуттук контекстте изилдөөгө жаңы багыт ачып, Кыргызстан менен Кытайдын медиа тажрыйбаларын салыштырган маанилүү эмгек болуп эсептелет.
Эмгектин илимий деңгээлине жана сапатына докторанттын илимий жетекчилери олуттуу салым кошушкан. Диссертациялык изилдөө Ж. Баласагын атындагы КУУнун докторантура мектебинин "Журналистика" багыты боюнча PhD программасынын академиялык консультанты, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.Дуйшекееванын жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин журналистика факультетинин ага окутуучусу, PhD Ш.Нуржанованын жетекчилиги алдында даярдалган. Илимий жетекчилердин колдоосу менен докторант актуалдуу илимий маселелерди терең изилдеп, Кыргызстан менен Кытайдын улуттук маалымат агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө комплекстүү салыштырма талдоо жүргүзүүгө жетишкен.
26/05/2026
26-майда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылып келген «Кыргызстанда жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» (GESPSD) программасынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү.
_________________________________
Иш-чара Европа Биримдигинин, Германиянын жана Швейцариянын өкмөттөрүнүн колдоосу менен ишке ашырылган алты жылдык программанын негизги жыйынтыктарын чыгарууга арналды.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр, донорлор, эксперттер, бизнес коомчулук жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Катышуучулар жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктары менен таанышып, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуудагы жетишкендиктерди талкуулашты.
Расмий бөлүктө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли жана Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Программанын алкагында акыркы алты жыл ичинде үч негизги багыт боюнча иш жүргүзүлгөн. Алар: мамлекеттик реформаларды жана системалык өзгөрүүлөрдү колдоого багытталган «Жашыл саясат», ар түрдүү тармактарда экологиялык жана туруктуу чечимдерди жайылтууга арналган «Жашыл практикалар», ошондой эле коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга жана экологиялык жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандырууга багытталган «Жүрүм-турумдук өзгөрүүлөр» багыттары болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар атайын уюштурулган тематикалык павильондор аркылуу программанын жыйынтыктары менен таанышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө программанын өнөктөштөрүнө ыраазычылыктар айтылды. Анда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жетекчилигине жана Журналистика жана коммуникация институтуна программанын максаттарын ишке ашырууга кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык айтылды. КУУнун ректору Д.Чонтоевге расмий Ыраазычылык кат тапшырылды.
Мындан тышкары, GESPSD программасынын жетекчиси Ханна Забас өз сөзүндө Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунун 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, институттун өлкөдөгү журналисттик билим берүүнү өнүктүрүүдөгү жана коомдук маанилүү демилгелерди колдоодогу ордун өзгөчө белгиледи.
22/05/2026
Журналистика жана коммуникация институтунда белгилүү окумуштуу, журналист, педагог, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айна Талгарбековна Дуйшекееванын 70 жылдык мааракесине арналган «Көчмөндөрдүн маалымат алмашуу моделдери жана заманбап медиа системалар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү
_________________________________
Илимий иш-чара көчмөн коомдордо калыптанган маалымат алмашуу моделдерин изилдөөгө жана алардын азыркы медиа системалар менен байланышын талдоого арналды. Конференциянын катышуучулары көчмөндөрдүн коммуникациясы мобилдүүлүккө, оозеки маданиятка, символдук белгилерге жана тыгыз социалдык байланыштарга негизделгенин белгилешип, бул өзгөчөлүктөрдүн бүгүнкү санариптик доордо, айрыкча социалдык тармактардын өнүгүшүндө кайрадан актуалдуу болуп жатканын белгилешти.
Конференцияны Журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк алып барып, өз сөзүндө аталган илимий иш-чаранын көчмөндөр цивилизациясы үчүн маанилүү экенин, конференция VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын утурлай уюштурулуп жатканын баса белгиледи.
КУУнун биринчи проректору, окуу иштери боюнча проректор А.Шамшиев куттуктоо сөзүндө А.Дуйшекееванын журналисттик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана улуттук журналисттик илиминин калыптанышына кошкон салымын белгилеп, “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалын тапшырды.
Конференция үч тематикалык сессиядан турду. Биринчи сессия көчмөндөр коммуникациясынын теориялык жана методологиялык аспектилерине арналды. Анда философия илимдеринин доктору А.Бекбоев көчмөндөрдүн дүйнө таанымы тууралуу баяндама жасап, доцент Айнура Жумагул кызы элдик философия менен руханий баалуулуктардын коомдогу ордун талдап берди. Польшадагы Улуу Казимир университетинин профессору Н.Шукуралиева көчмөндөрдөн санарип дооруна чейинки маалымат агымдарынын өнүгүшүнө токтолуп, санариптик көчмөндүк тууралуу пикири менен бөлүштү.
Экинчи сессияда көчмөндөрдүн маалымат алмашуусунун тарыхый моделдери каралды. Анда филология илимдеринин доктору М.Көлбаева төкмө акындардын маалымат жеткирүүдөгү жана коомдук пикирди калыптандыруудагы ролун белгиледи. Казакстандын Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин профессору Р.Нуреден өз баяндамасында диний ишенимдердин коммуникациядагы таанып-билүүчүлүк аспектилерине токтолду.
Үчүнчү сессия оозеки маданиятка, каада-салттарга жана маалымат берүү механизмдерине арналды. «Манас» улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы кыргыздардын коммуникациясындагы «кудай конок» феномени тууралуу сөз сүйлөсө, Журналистика жана коммуникация институтунун «Эл аралык журналистика» билим берүү программасынын жетекчиси Ж.Акматбекова каада-салттар аркылуу маалымат жеткирүүнүн өзгөчөлүктөрүн талдап берди.
Конференциянын жыйынтыктоочу баяндамаларынын бири маараке ээсинин өзүнө таандык болду. Журналистика жана коммуникация институтунун «Телевидение» билим берүү программасынын жетекчиси, доцент А.Дуйшекеева «Көчмөн коммуникация модели» концепциясы жана анын заманбап медиасистемалар менен болгон байланышы тууралуу баяндама жасап, көчмөндөрдүн маалымат алмашуу тажрыйбасы бүгүнкү медиа мейкиндикте дагы өз маанисин жоготпой турганын белгиледи.
Конференциянын катышуучулары А.Дуйшекееванын журналистика илимин өнүктүрүүдөгү, жаш адистерди тарбиялоодогу жана кыргыз медиабилим берүү тармагына кошкон салымын жогору баалашып, окумуштууну 70 жылдык мааракеси менен куттукташты.
19/05/2026
“Первые ласточки” двойного диплома
___________________
18 мая 2026 года произошло знаменательное историческое событие для института журналистики и коммуникации.
Защитились первые магистранты по двойному диплому!
Магистрантки Сетевого университета института журналистики и коммуникации КНУ им. Ж. Баласагына и филологического факультета РУДН им. П. Лумумбы — Бербаева Айгелия Тимуровна и Джумалиева Бурулсун Бактыбековна, обучающиеся по направлению «Цифровые медиакоммуникации», с блеском защитили свои магистерские диссертации!
Государственная аттестационная комиссия института журналистики и коммуникации и филологичексого факультета, направления Цифровые коммуникации единогласно оценили диссертационные исследования на 100 баллов!
Их успех стал возможен благодаря профессионализму и поддержке профессорско-преподавательского состава двух факультетов: д.ф.н., профессора Г.Н. Трофимовой, д.ф.н., профессора Волковой И.И., к.ф.н., доценту Поплавской Н.В., профессору А.Д. Халилову, к.ф.н., профессору А. М. Матисакову, к.ф.н., доценту Дуйшекеевой А.Т., к.ф.н., доценту Касымалиевой К.Э., к.п.н, доценту Абдикеримовой Ж.Т., к.ф.н., доценту Ч.А. Капаровой, а также организаторам учебной деятельности Харченко А.В., Г.М. Алдашовой и Жумабек кызы Нелли и др.
Мы искренне благодарим руководство обоих Кыргызского национального университета имени Ж. Баласагына и Российского университета дружбы народов имени Патриса Лумумбы за уникальную возможность обучаться в двух ведущих вузах и получить два диплома международного образца.
Особая благодарность директору института журналистики и коммуникации к.с.н. доценту Ширин Аалиевне Костюк и декану филологического факультета д.ф.н.ф. профессору Виктору Владимировичу Барабашу за высокий уровень организации учебного процесса и создание комфортных условий для обучения.
Мы гордимся нашими выпускниками и желаем им дальнейших успехов в профессиональной деятельности!
Пусть этот успех пусть станет примером для всех студентов и вдохновит на новые достижения!
Автор Касымалиева Кайркул Эсенгуловна к.ф.н., доцент программы “Журналистика” института журналистики и коммуникации
19/05/2026
15 мая 2026 года в стенах Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына при поддержке Министерства науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики прошла международная научно-практическая студенческая конференция, посвященная юбилейному форуму имени Чингиза Айтматова “Ыссык-Көл”.
В этом значимом событии активное участие приняли студенты и преподаватели института журналистики и коммуникации КНУ.
На конференции прозвучали доклады студентов 3 курса направлений “Журналистика” и “Телевидение”. Успешно выступили наши студенты с докладами :
• Жакшымбекова Эльза (группа СЖ-1-23)
• Өмүшева Чолпон (группа ТЖ-1-23)
• Бектурсунова Сумая (группа ТВ-1-23)
• Азамат кызы Рабия (группа ТВ-1-23)
• Садырбаева Диана (группа ТВ-1-23)
Под руководством научных руководителей – к.ф.н., доцента Касымалиевой К.Э., старшего преподавателя Сакыбаевой Ж.Д. и старшего преподавателя Желденбаевой Ж.Ж. – студенты представили свои работы, которые были опубликованы в сборнике материалов конференции под названием “Этика, гуманизм жана глобалдык цивилизациялардын диалогу”.
За активное участие и высокий уровень докладов студенты и преподаватели были награждены дипломами и сертификатами от Министерства науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики.
Поздравляем участников и желаем дальнейших успехов!
Автор: Касымалиева К.Э. к.ф.н., доцент образовательной программы “Журналистика”
29/04/2026
Журналистика жана коммуникация институтунда доцент Ч.Капарованын китебинин бет ачары өттү
____________________________
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика жана коммуникация институтунда Кыргыз радиосунун 95 жылдыгына жана институттун 70 жылдыгына карата ф.и.к., доцент Ч.Капарованын «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (1926–2026)» аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү.
Иш-чарага медиа тармагынын өкүлдөрү, белгилүү журналисттер, окумуштуулар жана ардактуу коноктор, УТРКнын жамааты катышып, кыргыз журналистикасынын тарыхы, бүгүнкү абалы жана келечеги, китептин тарыхый орду тууралуу пикирлери менен бөлүшүштү.
Иш-чарада Улуттук университеттин ректору Д. Чонтоев журналистиканын коомдогу ордуна токтолуп, бул тармак коомдук пикирди калыптандырууда жана улуттук баалуулуктарды сактоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ал китептин жарыкка чыгышын тарыхый мааниге ээ эмгек катары баалады.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы А.Койчиев журналистика коомдун эс тутуму экенин айтып, бул китеп келечек муундар үчүн ишенимдүү маалымат булагы болоорун баса белгиледи.
Кыргыз эл артисти, профессор М.Мамбетакунов телерадио тармагынын маданий маанисине токтолуп, анын өнүгүшү улуттук искусство жана руханий дүйнө менен тыгыз байланышта экенин айтты.
Белгилүү тарыхчы, публицист жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты, профессор К.Молдокасымов китептин тарыхый баалуулугун белгилеп, анда кыргыз телерадиосунун калыптаныш жана өнүгүү этаптары кеңири чагылдырылганын билдирди.
Ал эми белгилүү журналист, окумуштуу жана дипломат, филология илимдеринин доктору, профессор Кубан Мамбеталиев эмгектин сапатына жогору баа берип, журналистиканын жоопкерчилиги жана тармактагы кесипкөйлүктүн мааниси тууралуу өз пикирин билдирди.
Белгиленгендей, китеп Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхына арналган. Анда өлкөнүн советтик доордон тартып эгемендик мезгилине чейинки радиоуктуруу жана телекөрсөтүү тармагынын калыптанышы, өнүгүү этаптары, мамлекеттик жана коомдук макамдагы ишмердүүлүгү кеңири баяндалат.
Автор эмгекти даярдоодо архивдик материалдарга, жеке иш тажрыйбасына, ошондой эле топтолгон аудио жана видео булактарга таянган. Мындан тышкары, азыркы санариптик технологиялар шартында телекөрсөтүүнүн өнүгүү тенденциялары талданып, корпорациянын бүгүнкү абалы да чагылдырылган.
П.Джаныбекова, адис
24/04/2026
Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк Россияда эксперттик комиссиянын төрайымы
____________________
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк Россияда өтүп жаткан билим берүү программаларынын эл аралык кесиптик-коомдук аккредитациясынын алкагында түзүлгөн эксперттик комиссиянын төрайымы болуп иштеп жатат.
Аккредитация академик С.П. Королев атындагы Самара улуттук изилдөө университетинин базасында (Самара шаары, Россия) өтүүдө. Эксперттик комиссия жогорку окуу жайдын филология жана журналистика факультетинин «Журналистика», «Жарнама жана коомчулук менен байланыш», «Телевидение», «Басма иши», «Филология» жана «Лингвистика» багыттары боюнча билим берүү программаларынын сапатына баа берет.
Комиссиянын курамына чет өлкөлүк эксперт, Россиянын академиялык чөйрөсүнүн адиси, кесиптик коомчулуктун өкүлү жана студент кирет. Үч күндүн ичинде эксперттер университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, жетекчилик, окутуучулар, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрөт.
Ошондой эле аккредитациянын алкагында эксперттик комиссия “Самара” мамлекеттик телерадио берүү компаниясына барып, кесиптештер менен тажрыйба алмашып, келечектеги кызматташуу маселелерин талкуулады. Жолугушууда биргелешкен чыгармачылык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде кыска метраждуу жана документалдык тасмаларды тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөр каралды.
Мындай эл аралык деңгээлдеги эксперттик ишке катышуу институттун академиялык жана кесиптик аброюнун жогорулап жатканынан кабар берет.
17/04/2026
Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ш.Костюк Кыргыз радиосунун 95 жылдыгына арналган медиафорумда баяндама жасады
______________________________
Кыргыз радио уктуруусунун 95 жылдыгына карата уюштурулган «Кыргызстанда радиолордун басып өткөн жолу, абалы жана келечеги» аттуу медиафорумда Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк баяндама жасады.
Директордун «Радио журналисттерин даярдоонун өзгөчөлүктөрү» деген темадагы баяндамасы азыркы шартта жаш кадрларды окутуунун өзгөчөлүктөрүнө арналды. Спикер радиожурналистиканы окутууда теория менен практиканын айкалышы, ошондой эле заманбап медиаталаптарга ылайык адистерди даярдоо маселелерине токтолду.
«Социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда радио дагы деле ишенимдүү маалымат булагы экенин көрсөттү. Андыктан институт радио журналисттерди даярдап келет. Бүгүнкү күндө радио журналистика боюнча диссертациялар жазылып, илимий макалалар жарыяланып жатат. Бул радионун ЖМК системасында дагы деле орду бар экенинен кабар берет. Албетте, технологиялардын өнүгүшү менен формасы, форматы өзгөрүп, жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат», — деди ал.
Иш-чарага М. Шерметалиев, Б. Асанов, Б. Орунбеков, М. Эргешов сыяктуу өлкөнүн алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, медиа эксперттер жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
Форумдун жүрүшүндө радионун өнүгүү багыттары, анын коомдогу орду жана санарип доордогу келечеги талкууланып, бир катар маанилүү маселелер көтөрүлдү. Катышуучулар радионун трансформациясы, жаңы форматтар жана аудитория менен иштөө ыкмалары боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүштү.
17/04/2026
В Институте журналистики и коммуникации завершилась «Неделя медиаграмотности»
_________________________
17 апреля в Институте журналистики и коммуникации КНУ состоялось официальное закрытие «Недели медиаграмотности», организованной образовательной программой «Журналистика». В рамках заключительного дня для студентов был проведён семинар с участием приглашённого спикера — универсального журналиста и спортивного комментатора, продюсера, PR-директора компании «ГЛП» Адилета Темирланова. Тема его выступления — «Медиаграмотность, журналистская этика и работа с информацией в Кыргызстане».
В ходе семинара спикер подробно остановился на трёх уровнях медиаграмотности: понимании источника, анализе содержания и проверке достоверности информации. Особое внимание было уделено базовым принципам журналистской этики, среди которых точность, баланс, ответственность и независимость.
Адилет Темирланов также рассказал студентам о практических аспектах работы журналиста: как искать и проверять информацию, какие источники использовать и какие навыки формируют профессиональную устойчивость в профессии. По его словам, современная журналистика в Кыргызстане находится на переходном этапе, и именно молодое поколение журналистов будет определять её качество в будущем. «Не бойтесь ошибаться. Бойтесь не проверять», — подчеркнул спикер, обращаясь к студентам.
Ежегодная «Недели медиаграмотности» проходило с 13 по 17 апреля и было направлено на развитие профессиональных навыков студентов в сфере современных медиа. Мероприятие позволило участникам углубить знания о современных медиапроцессах, развить критическое мышление и получить практические навыки, необходимые для будущей профессиональной деятельности.