Государственное агентство лесного хозяйства

Государственное агентство лесного хозяйства

Share

Лесная служба

Photos from Государственное агентство лесного хозяйства's post 05/06/2026

05.06.2026
ТОКОЙ КӨЧӨТТӨРҮН ӨСТҮРҮҮ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ТАПШЫРМАЛАР БЕРИЛДИ
Токой кызматынын директорунун орун басары Талантбек Садыров Бишкек токой чарбасынын Аэропорт участогуна барып, көчөткананын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө көчөттөрдү өстүрүү, багуу жана сапаттуу отургузуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралып, адистер менен пикир алышуу болду. Ошондой эле көчөт өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана токой чарбасын өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды.
Иш сапарынын соңунда иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу, көчөттөрдүн сапатын жакшыртуу жана өндүрүш көлөмүн арттыруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

03/06/2026

ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ БАКАЙ-АТА ТОКОЙ ЧАРБАСЫНЫН ДИРЕКТОРУНУН КАРМАЛЫШЫ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
Токой кызматы 2026-жылдын 3-июнунда АКИpress маалымат агенттигинде Талас облусундагы Бакай-Ата токой чарбасынын директору Касымов Эрзат Мухамбеталыевичтин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалгандыгы тууралуу жарыяланган маалымат боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.
Касымов Эрзат Мухамбеталыевич Токой кызматынын 2026-жылдын 15-апрелиндеги №2-5/43 буйругунун негизинде Бакай-Ата токой чарбасынын директору болуп дайындалган. Демек, ал аталган кызматта болгону бир жарым айга жакын убакыттан бери эмгектенип келген.
Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, Касымов Эрзат Мухамбеталыевичтин кармалышы анын буга чейинки эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Тактап айтканда, ал Талас токой чарбасында токойду коргоо жана сактоо боюнча инженер болуп иштеген мезгилдеги иш-аракеттерине байланыштуу тергөө иш-чараларынын алкагында кармалгандыгы маалымдалууда.
Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Токой кызматы тергөөнүн жүрүшүнө кийлигишпестен, мыйзамдуулуктун жана ачык-айкындуулуктун принциптерин толук колдой тургандыгын билдирет.

03/06/2026

03.06.2026
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
РЕЛИКТТУУ ЖАНГАК-МӨМӨ ТОКОЙЛОРУ -
ЖАРАТЫЛЫШТЫН УЛУУ МУРАСЫ

🗓️2026-жылдын 8-10-июнь кундөрү,
📍Жалал-Абад облусунун, Манас шаарында жана Арстанбап-Ата токой
чарбасында, Кыргызстандын жангак-мөмө
токойлоруна арналган эл аралык конференция өтөт.

🇰🇬🇹🇷🇹🇲🇦🇿🇺🇿🇲🇰🇦🇲🇮🇹🇬🇪🇭🇺🇵🇱🇲🇪🇦🇱🇧🇾🇷🇸
Конференцияга 30га жакын өлкөдөн тармактык эксперттер катышып, дүйнөдөгү эң ири табигый жаңгак
токойлорунун бири болгон бул уникалдуу экосистеманы сактоо, изилдөө жана туруктуу өнүктүрүү маселелери
талкууланат.

Миң жылдарды карыткан жаңгак дарактары -
жаратылыштын тируу мурасы, улуттук сыймыгыбыз
жана келечек муундар учун баа жеткис табигый байлык!
**

РЕЛИКТОВЫЕ ОРЕХОПЛОДОВЫЕ ЛЕСА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ —
ВЕЛИКОЕ НАСЛЕДИЕ ПРИРОДЫ
🗓️ 8–10 июня 2026 года,�📍 В городе Манас и в Арстанбап-Атинском лесном хозяйстве, Джалал-Абадской области состоится международная конференция, посвящённая орехоплодовым лесам Кыргызстана.

🇰🇬🇹🇷🇹🇲🇦🇿🇺🇿🇲🇰🇦🇲🇮🇹🇬🇪🇭🇺🇵🇱🇲🇪🇦🇱🇧🇾🇷🇸
В конференции примут участие эксперты почти из 30 стран.
В ходе мероприятия будут обсуждаться вопросы сохранения, изучения и устойчивого развития этой уникальной экосистемы, которая является одним из крупнейших в мире природных массивов ореховых лесов.

Орехоплодовые деревья, возраст которых насчитывает тысячи лет, — это живое наследие природы, национальная гордость нашей страны и бесценное природное богатство для будущих поколений!

RELICT WALNUT-FRUIT FORESTS OF THE KYRGYZ REPUBLIC —
A GREAT NATURAL HERITAGE

🗓️ 8–10 June 2026
📍 Manas City and Arstanbap-Ata Forestry Enterprise, Jalal-Abad Region, Kyrgyz Republic.
🇰🇬🇹🇷🇹🇲🇦🇿🇺🇿🇲🇰🇦🇲🇮🇹🇬🇪🇭🇺🇵🇱🇲🇪🇦🇱🇧🇾🇷🇸
The International Conference on the Walnut-Fruit Forests of Kyrgyzstan will bring together experts from around the world to discuss the conservation, research, and sustainable development of these unique forest ecosystems.

Experts from nearly 30 countries will participate in the conference.
Discussions will focus on the conservation, research, and sustainable development of this unique ecosystem, which is home to one of the world's largest natural walnut forest areas.

Walnut trees that have stood for thousands of years are a living natural heritage, a source of national pride, and an invaluable natural treasure for future generations.

Photos from Государственное агентство лесного хозяйства's post 02/06/2026

ТОКОЙ КЫЗМАТЫНДА МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА ӨРТ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО ИШТЕРИ КҮЧӨТҮЛДҮ

Өлкө аймагында өрт коркунучу мезгилинин башталышына байланыштуу Токой кызматы тарабынан мамлекеттик токой фондунун аймактарында укук бузуулардын алдын алуу, токой экосистемаларын коргоо жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Бул багытта Ош жана Баткен облустарындагы токой чарбаларынын жооптуу адистерине жеринде практикалык жана усулдук жардам көрсөтүлүп жатат. Атап айтканда, укук бузуулар боюнча протоколдорду мыйзам талаптарына ылайык туура тариздөө, укук бузуулардын бирдиктүү реестрине өз убагында жана так каттоо, ошондой эле маалыматтарды туура жана сапаттуу жүктөө маселелери боюнча жекече түшүндүрүү жана практикалык окутуулар өткөрүлүүдө.

Токой чарба кызматкерлерине мамлекеттик токой фондунун аймагында мыйзамдуулукту камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле өрт коопсуздугун сактоо, токойлордо жана эс алуу жайларында таштандыларды, тиричилик калдыктарын калтырбоо, жарандар арасында түшүндүрүү жана эскертүү иштерин активдүү жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөр жеткирилди.

Мындан тышкары, өрт коркунучу жогорулаган мезгилдин башталгандыгына байланыштуу токой чарбаларына алдын алуу иш-чараларын ыкчамдатуу, өрттүн келип чыгуу себептерин азайтуу, кооптуу тилкелерде көзөмөлдү күчөтүү жана калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин кеңири жайылтуу боюнча кошумча эскертүүлөр берилүүдө.

Токой кызматы токой ресурстарын сактоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылыш байлыктарын келечек муундар үчүн коргоо мамлекеттик маанидеги артыкчылыктуу милдеттердин бири экендигин белгилейт. Ошого байланыштуу бардык жарандарды токойдо жүрүү эрежелерин так сактоого, өрт коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыздоого чакырат.

Photos from Государственное агентство лесного хозяйства's post 01/06/2026

01.06.2026
ЖАШЫЛ МУРАС – КЕЛЕЧЕККЕ КАЛТЫРГАН МУРАС!
Ош токой чарбасынын Кара-Суу токойчулугуна караштуу Чыйырчык участкасында 2023-жылы “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында түзүлгөн экме токой аянтында көчөттөрдү толуктап отургузуу иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жабык тамыр системасында өстүрүлгөн 400 түп кызыл карагай көчөтү отургузулуп, экме токойдун айланасын кайрадан бекем тосуу иштери аткарылды.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Суу жана Алай райондорунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, ошондой эле Ош токой чарбасынын кызматкерлери активдүү катышышты.
Табиятты коргоо, токой аянттарын кеңейтүү жана жашыл мурастарды көбөйтүү — ар бирибиздин келечек алдындагы жоопкерчилигибиз.

30/05/2026

30.05.2026
ЖЕТИ-ӨГҮЗ ТОКОЙ ЧАРБАСЫНЫН ТЕХНИКАЛЫК-МАТЕРИАЛДЫК БАЗАСЫ ЧЫҢДАЛДЫ
Жети-Өгүз токой чарбасынын техникалык-материалдык базасын чыңдоо максатында төрт гибриддик унаа сатылып алынды.
Алардын экөө Көк-Жайык токойчулугуна бөлүнүп берилип, аймактагы тазалыкты сактоо иштерин жүргүзүүгө пайдаланылат. Бир унаа Кирпич участогуна берилип, көл жээгиндеги пляждарды тейлөө жана тазалыкты камсыз кылуу үчүн кызмат кылат.
Дагы бир унаа Барскоон капчыгайындагы Шаркыратма участогуна бөлүнүп берилип, аймактагы таштандыларды чыгаруу жана санитардык абалды жакшыртуу иштеринде колдонулат.

Photos from Государственное агентство лесного хозяйства's post 25/05/2026

25.05.2026
АК-ТАЛААДА ТОКОЙ ОТУРГУЗУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Ак-Талаа токой чарбасы Токой кызматынын буйругуна ылайык мамлекеттик токой фондунун жерлерине токой тилкелерин отургузуу боюнча тапшырма негизинде ири токой отургузуу иштерини жүргуздү.
Берилген тапшырманы аткаруу максатында Ак-Талаа районунда жалпы райондук ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке токой чарбасынын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү болуп жалпысынан 315 адам активдүү катышты.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттик токой фондунун 21,0 гектар жерине 50 000 түп Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулуп, кашаланды.
Бул иш-чара аймактагы токой аянттарын көбөйтүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого жана келечек муундар үчүн жаратылыш байлыктарын сактоого багытталган.

Photos from Государственное агентство лесного хозяйства's post 20/05/2026

20.05.2026
ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЭКМЕ ТОКОЙЛОРДУ КОРГОО ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БОЛДУ
Орток токой чарбасында экме токойлорду сактоо жана алардын өсүп-өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында токой аянттарында зыянкечтерге каршы дары себүү иштери жүргүзүлүп, көчөттөрдү күтүү иштери жүрдү.
Мындай иш-чаралар экме токойлордун сапатын жакшыртып, токой илдеттери менен зыянкечтеринин жайылышын алдын алууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, талаа шартындагы ыкчам иштерди натыйжалуу жүргүзүү жана мыйзам бузуу фактыларынын алдын алуу максатында демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 6 даана рация алынып берилди. Жаңы байланыш каражаттары 4 бөлүм башчыга жана 2 инженерге таратылып, кызматкерлердин өз ара байланышын чыңдоого шарт түзүлдү.

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Address


проспект Чуй 265а Бишкек
Bishkek
720005

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00