Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы

Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы, Public & Government Service, Московская 237, Bishkek.

02/06/2026

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров №1 ,2 автобазанын эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда кызматкерлердин сунуш-пикирлери жана көйгөйлөрү угулуп, аларды чечүүгө багытталган протоколдук тапшырмалар берилди.
Мындай жолугушуулар мекемеге караштуу бардык 5 автобазада улантылып, көтөрүлгөн маселелер этап-этабы менен чечүүгө алынат.
Башкы максат – кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүү жана коомдук транспорт тармагынын ишин мындан ары жакшыртуу.

02/06/2026

2026-жылдын 2-июнь күнү, болжол менен саат 07:10до 1-Базасынын 2-автоколоннасына караштуу 52-каттамына тиешелүү 01KG859AU болгон "Зонгтонг" үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу Бугучиев Ж. Манас проспектиси менен түштүктү көздөй жолдун оң тилкесинде бара жаткан учурунда, Рыскулов көчөсүнөн КИА-Оптима үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу "жол бер" бел белгисине баш ийбей күн батышты көздөй Манас проспектиси башкы жолго оңго бурулуп карама-каршы тилкеге чыгып рулду башкара албай автобусту сол бурчка сүзүп, андан ары Рено бусту сүзгөн. Натыйжада 2004-жылкы КИА-Оптиманын айдоочусу тез жардам кызматы келгиче кырсык болгон жерден каза болгон. (спирттик ичимдик жана жана башка наркотикалык заттарды аныктоо максатында судмедэкпертизадан кийин аныкталат). Жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар жок. Жогорудагы жол кырсыгы МККБга катталды. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

26/05/2026

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы коомдук транспортто тейлөө сапатын жогорулатуу максатында рейд иштери уланууда…

Анын алкагында айдоочуларга аялдамаларга туура токтоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, талапка жооп бербеген жана туура эмес жазылган трафареттер алынды. Маалыматтарды талапка ылайык келтирүү иштери уланууда.

23/05/2026
22/05/2026

Коомдук транспорттун аялдамаларга туура токтоосу жана жүргүнчүлөрдү коопсуз түшүрүп-алуу тартибин көзөмөлдөө максатында рейд өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө өз билемдик менен туура эмес орнотулган трафареттер алынды.

Урматтуу автоунаа айдоочулары! Коомдук транспорттун токтоосуна тоскоолдук жаратпоону өтүнөбүз. Жол эрежелерин сактап, башкаларга урмат менен мамиле кылууга чакырабыз.

Photos from Бишкек шаарынын Мэриясы  /  МЭРИЯ города Бишкек's post 15/05/2026
14/05/2026

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын өкүлдөрү жана майыптыгы бар жарандардын катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйында коомдук транспортто майыптыгы бар жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү жана тейлөө сапатын жакшыртуу маселелери талкууланып, жарандардын кайрылуулары угулду. Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилди.

Анын негизинде автобустардагы бардык үн коштоолору текшерилип, оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлүүдө.

13/05/2026

Жасалма акча менен айдоочуну алдаган жүргүнчү аныкталды

Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын №42 каттамында иштеген айдоочу эки жолу жасалма акчага алданып калган. Жүргүнчү коомдук транспортко түшүп, ар ирет 200 сомдук жасалма купюра берип кеткен. Айдоочу ал учурда акчанын жасалма экенин байкабай калган.

Урматтуу шаар тургундары!
Коомдук транспортто эмгектенип жаткан айдоочуларга сый-урмат менен мамиле кылып, мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга чакырабыз.

12/05/2026

Сиздин эң жакшы көргөн каттамыңыз кайсы?😍

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Website

Address


Московская 237
Bishkek
720054

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:00
Tuesday 08:30 - 17:00
Wednesday 08:30 - 17:00
Thursday 08:30 - 17:00
Friday 08:30 - 17:00