ММК фонду - Фонд ОМС

ММК фонду - Фонд ОМС

Share

Всё о правах и обязанностях пациента и врача.

Photos from ММК фонду - Фонд ОМС's post 04/06/2026

🔵Фонд ОМС Кыргызстана и Фонд государственного медицинского страхования Узбекистана укрепляют сотрудничество

4 июня в рамках официального визита в Республику Узбекистан делегация Фонда обязательного медицинского страхования при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики провела рабочую встречу в Центральном аппарате Фонда государственного медицинского страхования Узбекистана.

В ходе встречи стороны обсудили вопросы финансирования специализированной медицинской помощи, цифровизации системы здравоохранения, контроля качества медицинских услуг и организации работы с обращениями граждан.

Кыргызская делегация ознакомилась с возможностями информационной системы «МедРефер», а также современными механизмами мониторинга и оценки качества медицинской помощи.

Важным итогом дня стало подписание совместного Плана дальнейшего сотрудничества председателем Фонда ОМС КР Азаматом Мукановым и исполнительным директором Фонда государственного медицинского страхования Республики Узбекистан Зохидом Эрматовым. Документ предусматривает обмен опытом, развитие цифровых решений и укрепление взаимодействия в сфере медицинского страхования.

Рабочий визит продолжается. Впереди у делегации посещение региональных медицинских организаций и дальнейший обмен практиками с узбекскими коллегами.

#ФондОМСКР #МедицинскоеСтрахование #КыргызстанУзбекистан #Сотрудничество #ЦифровизацияЗдравоохранени

Photos from ММК фонду - Фонд ОМС's post 04/06/2026

🔷ММКФ эмчек безин үзгүлтүксүз текшерип туруунун маанилүүлүгү жөнүндө/

Эмчек безинин рагы (ЭБР) – Кыргызстандагы жана бүткүл дүйнөдөгү аялдар үчүн башкы онкологиялык коркунуч. Жыл сайын республикада оорулардын 400гө жакын жаңы учурлары катталууда жана диагноз коюлгандан кийин дээрлик ар бир алтынчы аял (16,7%) биринчи жылдын ичинде көз жумат.

Мындай кайгылуу окуянын башкы себеби – оорунун кеч аныкталышы: 46,6% күчөп кеткен рак учурлары (III жана IV стадиясында) аныкталган.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду эрте диагноз коюу – бул ооруну айыктырууга, жашоо сапатын сактоого жана татаал дарылоого байланышкан ири финансылык чыгымдардын алдын алууга реалдуу мүмкүнчүлүк экендигин эскертет.

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (МКП) алкагында ММК боюнча камсыздандырылган ар бир аял акысыз алдын алуу кароосунан өтүүгө укуктуу.

Эмчек безин кандайча текшерип туруу зарыл?
КР ССМнын клиникалык протоколуна ылайык 18 жаштан тартып бардык аялдар адистер тарабынан эмчегин үзгүлтүксүз кароодон өткөрүүсү зарыл:

•18ден 40 жашка чейин: үч жылда 1 жолу.
•40 жаштан жогору: жыл сайын (жылына 1 жолу).

ЭБРнын кандай кооптуу белгилери бар
Ар бир аял үзгүлтүксүз өз алдынча текшерүү жүргүзүп, төмөнкүдөй белгилер аныкталса, дароо дарыгерге кайрылуусу маанилүү:

•Кыйыр белгилер: шишиктер, эмчектин формасынын же симметриясынын өзгөрүшү, эмчектин үрпүсүнөн аккан суюктук, теринин түсүнүн өзгөрүшү.
•Анык белгилер: бездердин биринин кескин чоңойушу (1–2 айда), орой деформация, тартылган үрпү, теринин шишиги («лимондун кабыгы»), колтуктагы лимфа бездеринин чоңойушу.

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча текшерүүлөрдүн кандай түрлөрү жүргүзүлүп жатат:

Эгерде сиз камсыздандырылган болсоңуз, катталган жериңиз боюнча кайрылсаңыз, медициналык жардам этап-этабы менен көрсөтүлөт:
1. ФАП/ҮДТ: Үй-бүлөлүк дарыгер же медайым акысыз баштапкы клиникалык кароо жүргүзүп, өз алдынча туура текшерүүнүн туура ыкмаларын үйрөтөт. Патологияга шектүү болсоңуз, сизге үй-бүлөлүк медицина борборуна (ҮМБ) же жалпы дарыгердик практика борборуна (ЖДПБ) жолдомо берилет.
2. ҮМБ/ЖДПБ: Бул жерде тар профилдеги адистер тереңдетилген кароодон өткөрүшөт (акысыз), инструменталдык изилдөөлөр жүргүзүлөт (сүт бездеринин УЗИси 50% жеңилдик менен), ошондой эле маммография (тиешелүү жабдуу бар болгон учурда) жасалат. Онкологиялык диагноз ырасталса, бейтапка Улуттук онкология жана гематология борборуна текшерилүүгө жолдомо берилет.
3. Улуттук онкология жана гематология борбору: Улуттук онкология жана гематология борборунда онкологиялык диагноз ырасталган учурда бейтап эсепке алынат, МКПга ылайык зарыл болгон текшерүүлөр, консультациялар жүргүзүлөт жана адистештирилген дарылоо көрсөтүлөт.

Төмөнкүлөрдү эске алуу маанилүү: Дарылоонун ийгилиги дарыгерлердин жана аялдардын өздөрүнүн биргелешкен аракеттеринен көз каранды. Кабыл алууда дарыгер сизге бейтапканага пландуу кайрылуулардын ортосунда үй шартында эмчекти кантип туура кармалап текшерүү керектигин сөзсүз көрсөтүп берет.

PS: маалыматтар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын амбулатордук деңгээлинде эмчек безинин рагына шектелген аялдарды клиникалык баалоо жана жүргүзүү” аттуу клиникалык протоколаунан алынган.

Эгерде суроолор болсо ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыз, чалуулар бардык түзмөктөрдөн акысыз.

🔵ФОМС о важности регулярного обследования молочной железы/

Рак молочной железы (РМЖ) - главная онкологическая угроза для женщин в Кыргызстане и во всем мире. Ежегодно в нашей республике регистрируется около 400 новых случаев заболевания, и почти каждая шестая женщина (16,7%) умирает в течение первого года после постановки диагноза. Главная причина трагедии - поздняя диагностика: в 46,6% случаев рак выявляют уже на запущенных (III и IV) стадиях.

Фонд обязательного медицинского страхования напоминает, что ранняя диагностика - это реальная возможность вылечить болезнь, сохранить качество жизни и избежать огромных финансовых затрат на сложное лечение. В рамках Программы государственных гарантий (ПГГ) каждая застрахованная по ОМС женщина имеет право на бесплатные профилактические осмотры.

Как часто нужно проходить обследование молочной железы?
Согласно клиническому протоколу Минздрава КР, регулярный осмотр груди специалистом обязателен для всех женщин с 18 лет:
•От 18 до 40 лет: 1 раз в три года.
•Старше 40 лет: ежегодно (1 раз в год).

Какие тревожные симптомы РМЖ?

Каждой женщине важно регулярно проводить самообследование и немедленно обратиться к врачу при обнаружении следующих признаков:
• Косвенные признаки: уплотнения, изменение формы или симметрии груди, любые выделения из соска, изменение цвета кожи.
• Явные признаки: резкое увеличение одной из желез (за 1–2 месяца), грубая деформация, втянутый сосок, отек кожи («лимонная корка»), увеличенные лимфоузлы подмышками.

Какие виды обследований проводятся по Программе госгарантий/
Если вы застрахованы и обратились по месту приписки, медицинская помощь оказывается пошагово:
1. ФАП/ГСВ): Семейный врач или медсестра проводят бесплатный первичный клинический осмотр и обучают вас технике правильного самообследования. При подозрении на патологию вам выдадут направление в Центр семейной медицины (ЦСМ) или в Центр общеврачебной практики (ЦОВП).
2. ЦСМ/ЦОВП: Здесь узкие специалисты проводят углубленный осмотр (бесплатно), инструментальные исследования (УЗИ молочных желез с 50% скидкой), маммографию (при наличии оборудования). При подтверждении онкологического диагноза пациентке выдается направление в Национальный центр онкологии и гематологии для обследования.
3. Национальный центр онкологии и гематологии: При подтверждении онкологического диагноза в Национальный центр онкологии и гематологии пациентку ставят на учет, проводят необходимые обследования, консультации и оказывают специализированное лечения согласно ПГГ.

Важно помнить: Успех лечения зависит от совместных усилий врачей и самих женщин. Врач на приеме обязательно покажет вам, как правильно пальпировать грудь дома в промежутках между плановыми визитами в поликлинику.

PS: данные приведены из клинического протокола МЗ КР "Клиническая оценка и ведение женщин с подозрением на рак молочной железы на амбулаторном уровне первичной медико-санитарной помощи”.

☎Если есть вопросы звоните на горячую линию 113 ФОМС, звонки со всех устройств бесплатные.

Photos from ММК фонду - Фонд ОМС's post 28/05/2026

🔵Кыргызстанда балдарды ооруканага жаткыруу: ата-энелер эмнени билиши керек.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) ата-энелерге республикадагы стационарларда медициналык жардам алуу учурунда балдарынын укуктары тууралуу эскертет жана ооруканага жаткырылганда кайсы кызматтар үчүн төлөө керек, ал эми кайсылары үчү төлөөнүн кереги жок экенин түшүндүрөт.

Кыргызстанда 18 жашка чейинки бардык балдар Мамлекеттик кепилдиктер программасына (МКП) ылайык жеңилдетилген категорияга кирет жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болот.

Бирок берилүүчү жеңилдиктердин көлөмү баланын жашына жана ооруканага жаткырылган түрүнө жараша болот.

1. 6 жашка чейинки балдар:
6 жашка чейинки балдар (кошо алганда) стационарларда толугу менен акысыз медициналык жардам алууга укуктуу.
•Ооруканага түшкөндө (шашылыш да, пландуу да) ата-энелер көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн төлөм төлөшпөйт.
•Кошумча төлөм талап кылынбайт.

2. 6 жаштан жогору балдар:
Эгер бала 6 жаштан жогору (18 жашка чейинки) балага ооруканада пландуу дарылануу талап кылынса, ата-энелер ашыкча төлөмдөрдү төлөбөш үчүн төмөнкүдөй тартипти так сактоосу зарыл:
1.Үй-бүлөлүк дарыгерге баруу: Жашаган жериң боюнча ҮМБ/ҮДТга өзүңдүн үй-бүлөлүк дарыгериңе кайрылыңыз.
2.Акысыз анализдер: Бейтапкана деңгээлиндеги акысыз базалык лабораториялык диагностикалык изилдөөлөрдү алыңыз.
3.Жолдомо алуу: Стандарттык текшерүү пакетин толтургандан кийин, дарыгер жолдомо берет.

Ооруканага жаткырылганда акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине эмнелер кирет.

Бала стационарда жаткан учурда акысыз кызматтардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:
•Консультация, кароо, дарылоону дайындоо, анын ичинде операцияларды жасоо жана анестезия (наркоз).
•Бул ооруканада жеткиликтүү болгон бардык лабораториялык анализдер жана инструменттик изилдөөлөр.
•“Жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесинен” дары-дармектерди берүү, анын ичинде сарпталуучу материалдар (шприцтер, системалар, пахта ж.б.).
•Өзгөчө учур: Эгерде балага клиникалык көрсөткүчтөр боюнча ушул стационарда жүргүзүлбөгөн атайын анализдер же изилдөөлөр талап кылынса, алардын акысы ата-энелер тарабынан өзүнчө төлөнөт. Бул жөнүндө дарылоочу дарыгер алдын ала эскертүүгө милдеттүү.

Маанилүү: эгерде балаы жаш курагына карабастан ата-энеси үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосуз пландуу ооруканага жаткырууга алып келсе, ооруканага жаткыруу үчүн кошумча төлөм алынат.

Шашылыш түшкөндө (тез жардамда же өмүргө коркунуч туудурган шарттарда) жолдомо талап кылынбайт – медициалык жардам дароо жана акысыз көрсөтүлүшү керек.

☎Эгер суроо болсо, ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланшына чалыңыз. Чалуулар бардык түзмөктөрдөн акысыз.
-----------------------------
🟦Фонд обязательного медицинского страхования (ФОМС) напоминает родителям о правах их детей при получении медицинской помощи в стационарах республики и объясняет, за что нужно, а за что не нужно платить при госпитализации.

Все дети в Кыргызстане до 18 лет входят в льготную категорию граждан и находятся под особой защитой государства, согласно Программе государственных гарантий (ПГГ).

Однако объем предоставляемых льгот зависит от возраста ребенка и формата госпитализации.

◀️Дети до 6 лет:
Дети в возрасте до 6 лет (включительно) имеют право на абсолютно бесплатную медицинскую помощь в стационарах.
•При поступлении в больницу (как экстренно, так и планово) родители не оплачивают оказанные медицинские услуги.
•Внесение сооплаты не требуется.

◀️Дети старше 6 лет:
Если ребенку старше 6 лет (до 18 лет) требуется плановое лечение в больнице, родителям необходимо строго соблюдать следующий алгоритм, чтобы не платить лишнего:
1.Визит к семейному врачу: Обратитесь к своему семейному врачу в ЦСМ/ГСВ по месту жительства.
2.Бесплатные анализы: Пройдите бесплатные базовые лабораторно-диагностические исследования на уровне поликлиники.
3.Получение направления: После похождения стандартного пакета обследования, врач выпишет направление.

◀️Что входит в перечень бесплатных медицинских услуг при госпитализации?

При нахождении ребенка в стационаре в перечень бесплатных услуг включены:
•Консультация, осмотр, назначение лечения, в том числе проведение операций и анестезия (наркоз).
•Все лабораторные анализы и инструментальные исследования, которые доступны в данной больнице.
•Предоставление медикаментов из “Перечня жизненно-важных лекарственых средств”, в том числе расходные материалы (шприцы, системы, вата и др.).

Исключение: если ребенку по клиническим показаниям требуются специфические анализы или исследования, которые не проводятся в данном стационаре, они оплачиваются родителями отдельно. Об этом лечащий врач обязан предупредить заранее.

⚡Важно: если ребенка, независимо от возраста, родители привезли на плановую госпитализацию без направления семейного врача, взимается сооплата за госпитализацию.

При экстренном поступлении (по скорой помощи или при состояниях, угрожающих жизни) направление не требуется — медицинская помощь должна быть оказана безотлагательно и бесплатно.

☎Есть вопросы, звоните на круглосуточную горячую линию 113 Фонда ОМС. Звонки со всех устройств бесплатные.

Photos from ММК фонду - Фонд ОМС's post 27/05/2026

🔵 Россия Федерациясына болгон иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов менен биргеликте Москва шаарындагы Н.Н. Блохин атындагы Улуттук медициналык онкологиялык изилдөө борборуна барышты. Бул борбор Россиядагы алдыңкы жана ири онкологиялык медициналык мекемелердин бири болуп саналат.

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы онкологиялык жардам көрсөтүү системасынын уюштурулушу, ооруларды эрте аныктоо жана дарылоонун заманбап ыкмалары, ошондой эле адистештирилген клиникалык бөлүмдөрдүн иши менен таанышты.

Россиялык адистер жогорку технологиялык дарылоо ыкмаларын, анын ичинде заманбап хирургиялык операцияларды, нур терапиясын жана дары-дармек менен дарылоонун ыкмаларын, ошондой эле онкология тармагындагы инновациялык чечимдерди тааныштырышты.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана медициналык тажрыйба алмашууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Photos from Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги's post 27/05/2026
Photos from ММК фонду - Фонд ОМС's post 22/05/2026

🔵ФОМС: Что делать, если в больнице требуют необоснованную оплату

Фонд обязательного медицинского страхования (ФОМС) напоминает, что застрахованные граждане имеют право на бесплатную или льготную медицинскую помощь. Это право закреплено Программой государственных гарантий (ПГГ).

Одной из частых причин обращений граждан на горячую линию 113 остаются случаи, когда пациенты находящиеся на стационарном лечении сталкиваются с требованием необоснованной оплаты медицинских услуг, приобретения лекарственных средств или расходных материалов.

В связи с этим публикуем алгоритм действий для пациента, как действовать в подобных ситуациях:

1.Спросите у лечащего врача, входит ли назначенная процедура или манипуляция в Программу госгарантий. Для застрахованных граждан большинство базовых медицинских услуг предоставляется бесплатно (с перечнем медицинских услуг можно самостоятельно ознакомиться на информационных стендах, размещенных в каждом отделении).

2.Проверьте наличие лекарств. Если медицинский персонал просит вас самостоятельно приобрести препараты, обратите внимание на ежедневно вывешиваемый список имеющихся в наличии медикаментов. Если данный препарат есть в этом перечне, больница обязана предоставить его бесплатно - покупать его вы не должны.

3.Если просят деньги за медицинские услуги, обратитесь за разъяснениями к заведующему отделением или к администрации больницы, чтобы проверить обоснованность этих требований.

4.Платите только через кассу. Любая оплата должна производиться строго в кассу медицинского учреждения с обязательным получением официального кассового чека.

5.Если конфликтную ситуацию не удалось решить на месте, звоните на круглосуточную горячую линию ФОМС по номеру 113.

Граждане должны знать свои права и понимать, какие медицинские услуги предоставляются в рамках государственных гарантий. Это позволяет снизить финансовую нагрузку на население и повысить доверие к системе здравоохранения.
---------------------------------------
🔷ММКФ: Эгер ооруканада негизсиз төлөм талап кылынса, анда эмне кылуу керек

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) камсыздандырылган жарандар акысыз же жеңилдетилген медициналык жардам алууга укуктуу. Ал укук Мамлекеттик кепилдиктер программасы (МКП) менен бекемделген.

113 шыр байланышына жарандардын кайрылуусунун эң кеңири тараган себептеринин бири болуп стационардык дарыланууда жаткан бейтаптар медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн, дары-дармектерди же керектелүүчү материалдарды сатып алуу боюнча негизсиз төлөм төлөө талаптарына дуушар болушу болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, мындай учурларда бейтап кандай аракет кылышы керектиги боюнча алгоритмин жарыялайбыз:

1.Дарылоочу дарыгерден дайындалган процедура же манипуляция Мамлекеттик кепилдиктер программасына кирерин тактаңыз. Камсыздандырылган жарандар үчүн негизги медициналык кызматтардын көпчүлүгү акысыз көрсөтүлөт (медициналык кызматтардын тизмеси менен ар бир бөлүмдө жайгаштырылган маалымат такталарынан өз алдынча таанышсаңыз болот).

2. Дары-дармектердин бар-жогун текшериңиз. Эгер медициналык персоналдар сизден дарыларды өзүңүз сатып алууну суранышса, күн сайын илинип туруучу жеткиликтүү дарылардын тизмесине көңүл буруңуз. Эгер керектүү дары тизмеде бар болсо, оорукана аны сизге бекер берүүгө милдеттүү – аны сатып алуунун кереги жок.

3. Эгерде медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө талап кылынса, бул талаптардын негиздүүлүгүн текшерүү үчүн оорукананын бөлүм башчысынан же оорукананын администрациясынан түшүндүрмө сураңыз.

4. Төлөмдү касса аркылуу гана жүргүзүңүз. Ар кандай төлөмдөр медициналык мекеменин кассасы аркылуу жүргүзүлүп, сөзсүз түрдө расмий кассалык чек берилүүгө тийиш.

5. Эгер жаңжал кырдаалдар жеринде чечүү мүмкүн болбосо, ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына кайрылыңыз.

Жарандар өз укуктарын билип, кайсы медициналык кызматтар мамлекеттик кепилдиктердин алкагында көрсөтүлөрүн түшүнүшү зарыл. Бул калкка болгон финансылык жүктү азайтууга жана саламаттык сактоо системасына болгон ишенимди жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Website

Address


Чуй проспект, 122
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00