Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги

Share

КРнын Саламаттык сактоо министрлиги / Министерство здравоохранения КР

01/06/2026

2026-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош областына болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун тургундары менен жолугушкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө Төө-Моюн айылынын тургуну медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу маселе көтөргөн. Анын айтымында, медициналык жардам алуу үчүн кош бойлуу аялдар жана башка тургундар Ош шаарына чейин болжол менен 65 чакырым жол жүрүүгө мажбур.

Бул маселе каралып чыккандан кийин Саламаттык сактоо министрлиги Төө-Моюн айылынын тургундарын айылдан болгону 17 чакырым аралыкта жайгашкан Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна бекитүү жөнүндө чечим кабыл алган.
Бүгүнкү күндө Төө-Моюн айылынын 20 миңге жакын тургуну өздөрүнө кыйла жеткиликтүү болгон медициналык мекемеден медициналык жардам алышууда.
Апрель жана май айларында эле Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүндө айылдын 49 тургунуна медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын ичинен 7 аялга кесарево операциясы жасалган. Мындан тышкары, 145 балага жана ондогон бейтаптарга башка профилдер боюнча медициналык жардам көрсөтүлгөн.
25-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен болгон жолугушууда Төө-Моюн айылынын тургуну мамлекет башчысы менен жолугушууда көтөрүлгөн маселенин ыкчам чечилгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

29/05/2026

🎥Республикалык патологоанатомиялык бюрого жана Улуттук онкология жана гематология борборуна заманбап жабдуулар тапшырылды

******
🎥Современное оборудование получили Республиканское патологоанатомическое бюро и Национальный центр онкологии и гематологии

Photos from Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги's post 29/05/2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык патологоанатомиялык бюро жана Улуттук онкология жана гематология борбору үчүн жалпы баасы 750 миң сомду түзгөн төрт заманбап микроскоп сатылып алынды.
Диагностикалык базаны жаңылоо алкагында үч микроскоп Республикалык патологоанатомиялык бюрого, дагы бирөө онкологиялык оорулардын морфологиялык диагностикасы жүргүзүлгөн Улуттук онкология жана гематология борборунун лабораториясына берилди.

https://egov.kg/ru/ministry/health/news/23106

За счет средств Фонда Президента Кыргызской Республики для Республиканского патологоанатомического бюро и Национального центра онкологии и гематологии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики закуплены четыре современных микроскопа общей стоимостью 750 тысяч сомов.
В рамках обновления диагностической базы три микроскопа переданы Республиканскому патологоанатомическому бюро, еще один — в лабораторию Национального центра онкологии и гематологии, где проводится морфологическая диагностика онкологических заболеваний.

29/05/2026

🚭🗓️ Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күн — бул жөн гана календардагы дата эмес, бул жалпы жоопкерчиликке чакырган дүйнөлүк кайрылуу.
Мамлекет, медицина кызматкерлери, педагогдор, жалпыга маалымдоо каражаттары жана эң башкысы ата-энелер биригип, манипуляторлордун айла-амалдарын ашкерелеп, балдарыбыздын келечегин кыйратуучу көз карандылыктан коргошу керек.
Дени сак келечек никотин түтүнүнөн эркин коомдон башталат!
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) төмөнкү чараларды сунуштайт:
1️⃣ Даам берүүчү кошулмаларды тыюу салуу. Даам берүүчү кошулмалардын жоюлушу продукцияны балдар үчүн жагымсыз кылып, аларды кызыктыруучу «жемди» жок кылат.
2️⃣ Жөнөкөйлөштүрүлгөн (стандартташтырылган) таңгактоону киргизүү. Таңгактардагы логотиптердин, ачык түстөрдүн жана маркетингдик ыкмалардын жоктугу продукцияга болгон кызыгууну азайтып, адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берет.
3️⃣ Ар кандай жарнамага жана демөөрчүлүккө тыюу салуу. Тамеки жана никотин камтыган продукцияларды коомчулуктун көз алдында жарнамалоону толугу менен токтотуу, анын ичинде санариптик медиадагы жарнамаларды катуу чектөө.
4️⃣ Салыктарды жана акциздерди жогорулатуу. Баалардын өсүшү тамеки жана вейптерди өспүрүмдөр үчүн экономикалык жактан жеткиликсиз кылат.
5️⃣ 100 пайыз таза абаны камсыз кылуу. Коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуунун сакталышын катуу көзөмөлдөө — ар бир адамдын ден соолугун коргоого болгон негизги укугу.

******

🚭🗓️Всемирный день без табака — это не просто дата в календаре, а глобальный призыв к совместной ответственности.
Государство, медицинские работники, педагоги, СМИ и, самое главное, родители должны объединиться, чтобы раскрыть уловки манипуляторов и защитить будущее наших детей от разрушительной зависимости.
Здоровое завтра начинается с общества, свободного от никотинового дыма!
Всемирная организация здравоохранения (ВОЗ):
1. Запретить ароматизаторы: Ликвидация вкусовых добавок делает продукт непривлекательным для детей, убирая «приманку».
2. Внедрить простую (стандартизированную) упаковку: Отсутствие логотипов, ярких цветов и маркетинговых уловок на пачках спасает жизни, снижая интерес к продукту.
3. Запретить любую рекламу и спонсорство: Полное удаление табачной и никотиновой продукции из поля зрения (включая жесткие ограничения на рекламу в цифровых медиа).
4. Повышать налоги и акцизы: Рост стоимости делает сигареты и вейпы экономически недоступными для подростков.
5. Обеспечить 100% чистый воздух: Жесткий контроль запрета курения в общественных местах — это базовое право каждого человека на защиту здоровья.

28/05/2026

Оштогу областтар аралык балдардын клиникалык ооруканасы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин “Таза суу — таза кол — таза чөйрө” Улуттук компаниясынын челленджин колдойт!
Тазалык — ден соолуктун негизги кепилдиги.
Ар бирибиз таза айлана-чөйрөнү сактоого жана гигиенаны бекем кармоого салым кошолу.
Бул челленджин төмөнкү мекемелерге жолдойбуз:
🏥 Ошская межобластная объединенная клиническая больница Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына
🏥 Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна
🏥 Кара-Кулжа Жалпы дарыгерлик практика борборуна

Бирге — таза коом үчүн!
#ТазаСуу #ТазаКол #ТазаЧөйрө #Челлендж #СаламаттыкСактоо #Тазалык

Photos from Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги's post 28/05/2026

Никотинсиз дени сак келечек: Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күнүнө арналган пресс-конференция өттү

2026-жылдын 28-майында Бишкек шаарында «Азгырыкты ашкерелейбиз — никотин жана тамеки көз карандылыгына каршы турабыз!» аттуу маалыматтык жыйын болуп өттү. Кыргыз Республикасы жыл сайын 31-майда бүткүл дүйнөлүк коомчулук менен биргеликте белгилеп жаткан Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күндүн темасы ушундай.

Маалыматтык жыйынга КР саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова, БДСУнун Кыргызстандагы өкүлү Д-р Ливиу Ведраско, м.и.д., УОжГБнын торакалдык онкохирургия бөлүмүнүн башчысы Мукаш Бейшембаев жана КР РДЧжМКБнын тамеки тартуунун алдын алуу жана тамекини таштоо бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова катышты.

Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күн — бул жөн гана маалыматтык дата эмес, ошондой эле азыркы жана келечек муундардын ден соолугу үчүн мамлекеттин, коомдун, ата-энелердин, педагогдордун, медицина кызматкерлеринин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын биргелешкен жоопкерчилигине чакырык болуп саналат.

Кыргыз Республикасы Тамекиге каршы күрөшүү боюнча БДСУнун Алкактык конвенциясын (БДСУнун ТККАК) жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарын тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айлана-чөйрөдөгү тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ырааттуу саясатты улантууда.

📍https://egov.kg/kg/ministry/health/news/23040

Здоровое будущее без никотина: в Бишкеке прошла пресс-конференция ко Всемирному дню без табака

28 мая 2026 года в Бишкеке прошла пресс-конференция «Разоблачая приманку — противостоим никотиновой и табачной зависимости!». Так звучит тема Всемирного дня без табака, отмечаемого Кыргызской Республикой вместе со всем мировым сообществом ежегодно 31 мая.

В пресс-конференции приняли участие заместитель министра здравоохранения КР Гульбара Ишенапысова, Представитель ВОЗ в Кыргызстане Д-р Ливиу Ведраско, д.м.н., заведующий отделением торакальной онкохирургии НЦОиГ Мукаш Бейшембаев и зав. отделом профилактики и прекращения курения РЦУЗиМК МЗ КР Чинара Бекбасарова.

Всемирный день здоровья (ВДБТ) — это не только информационная дата, но и глобальный призыв к совместной ответственности государства, общества, родителей, педагогов, медицинских работников и средств массовой информации за здоровье нынешнего и будущих поколений.

Кыргызская Республика продолжает последовательную стратегию по реализацию Рамочной конвенции ВОЗ по борьбе против табака (РКБТ ВОЗ) и Закона Кыргызской Республики «О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от последствий потребления табака, никотина и воздействия окружающего табачного дыма и аэрозоля».

27/05/2026

🎥 Улуттук госпиталда кытайлык офтальмологдордун гуманитардык миссиясы жыйынтыкталды

***********
🎥 В Национальном госпитале состоялась церемония завершения гуманитарной офтальмологической миссии китайских специалистов

Photos from Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги's post 27/05/2026

Бишкек, 2026-жылдын 27-майы - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда «Экспресс ден соолук — жаркын саякат» долбоорунун алкагында ишке ашырылган кытайлык адистердин гуманитардык офтальмологиялык миссиясынын расмий жабылыш аземи болуп өттү.
2026-жылдын 18-майынан 26-майына чейин Кытай Эл Республикасынын алдыңкы офтальмологдору Бишкекте катаракта диагнозу коюлган бейтаптарга акысыз операцияларды жүргүзүштү. Аталган долбоор Кыргыз Республикасында 2023-жылдан бери Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын базасында ишке ашырылып келет жана калкка жогорку квалификациялуу офтальмологиялык жардам көрсөтүүгө, сокурлуктун алдын алууга жана саламаттык сактоо тармагындагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Ушул жылдар аралыгында 1500дөн ашуун кыргызстандык жаран катаракта боюнча акысыз операциядан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

https://egov.kg/ru/ministry/health/news/23014

Бишкек, 27 мая 2026 года - В Национальном госпитале при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики состоялась официальная церемония закрытия гуманитарной офтальмологической миссии китайских специалистов, реализованной в рамках проекта «Экспресс здоровье — яркое путешествие».
С 18 по 26 мая 2026 года ведущие офтальмологи Китайской Народной Республики проводили в Бишкеке бесплатные операции пациентам с катарактой. Данный проект реализуется в Кыргызской Республике с 2023 года на базе Национального Госпиталя и Ошской межобластной объединенной больницы и направлен на оказание высококвалифицированной офтальмологической помощи населению, профилактику слепоты и развитие гуманитарного сотрудничества в сфере здравоохранения. За эти годы более 1500 кыргызстанцев смогли бесплатно прооперироваться по поводу катаракты.

27/05/2026

Орган алмаштыруу - Кыргыз медицинасынын жаңы баскычы
УТРК

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Address


Московская, 148
Bishkek
720040

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00