05/06/2026
IV БИШКЕК ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЫНДА ДОГДУРБЕК КЫДЫРАЛИЕВДИН ТАСМАЛАРЫНЫН РЕТРОСПЕКТИВАСЫ ӨТӨТ
IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, чыгаан актер жана сүрөтчү Догдурбек Кыдыралиевдин чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективалык көрсөтүүлөр уюштурулат.
Фестивалдын негизги максаттарынын бири — улуттук кинематографиянын тарыхы менен жандуу байланышты сактоо жана көрүүчүлөрдү кыргыз кино өнөрүнүн классикалык мурастары менен кайрадан тааныштыруу болуп саналат. Бул ретроспектива устат актердун чыгармачылык жолуна, анын терең мазмундуу жана өзгөчө образдарына арналган урмат-сый жана таазим катары сунушталат.
Фестивалдын күндөрү көрүүчүлөр “Синематика” кинотеатрында (“Космопарк” эс алуу борбору) актердун катышуусундагы белгилүү тасмаларды чоң экрандан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ретроспективалык программага төмөнкү тасмалар кирет:
«Ак илбирстин тукуму» (1984) — режиссёр Төлөмүш Океевдин культтук чыгармасы болуп саналган бул тасма актердун чоң киного болгон жолун баштап, ага эл аралык деңгээлде таанылуу алып келген.
«Отрардын кыйрашы» (1991) — тарыхый масштабдагы драма, актердук чеберчиликтин күчүн айгинелеген маанилүү эмгектердин бири.
Атайын көрсөтүүлөр “QARASH LAB” платформасынын катышуусунда уюштурулууда. Ретроспектива жаңы муундагы көрүүчүлөргө Догдурбек Кыдыралиевдин чыгармачылыгынын кеңдигин ачып берүүгө, ал эми кино сүйүүчүлөрүнө кыргыз классикалык тасмаларынын көркөм дүйнөсүнө кайрадан кайрылууга мүмкүнчүлүк түзөт.
*******
В IV БИШКЕКСКОМ МЕЖДУНАРОДНОМ КИНОФЕСТИВАЛЕ СОСТОИТСЯ РЕТРОСПЕКТИВА ФИЛЬМОВ ДОГДУРБЕКА КЫДЫРАЛИЕВА
В рамках IV Бишкекского международного кинофестиваля будет организована специальная ретроспективная программа, посвящённая творчеству Народного артиста Кыргызской Республики, выдающегося актёра и художника Догдурбека Кыдыралиева.
Одной из ключевых целей фестиваля является сохранение живой связи с историей национального кинематографа и повторное знакомство зрителей с классическим наследием кыргызского кино. Данная ретроспектива представлена как дань уважения и признательности мастеру за его творческий путь, глубокие и выразительные экранные образы.
В дни фестиваля зрители смогут увидеть на большом экране в кинотеатре «Синематика» (развлекательный центр «Космопарк») известные фильмы с участием актёра. В программу ретроспективы вошли следующие картины:
«Белый пардус» (1984) — культовая работа режиссёра Толомуша Океева, ставшая началом большого кинематографического пути актёра и принесшая ему международное признание.
«Падение Отрара» (1991) — историческая драма, одна из значимых работ, ярко демонстрирующая силу актёрского мастерства.
Специальные показы организованы при участии платформы «QARASH LAB». Ретроспектива предоставляет возможность новому поколению зрителей открыть для себя масштаб творчества Догдурбека Кыдыралиева, а любителям кино — вновь обратиться к художественному миру классических кыргызских фильмов.
05/06/2026
«МАНАС» ТЕАТРЫНДА АЛМАЗ ҮКҮЕВДИН АРХИТЕКТУРАЛЫК ДОЛБООРЛОРУНУН КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТТҮ
Кыргыз улуттук «Манас» театрында скульптор жана сүрөтчү-дизайнер Алмаз Үкүевдин «Манас мунарасы» жана «Манас дарбазасы» аталышындагы архитектуралык долбоорлорунун көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чарада автордун улуттук баалуулуктарды, тарыхый мурастарды жана заманбап архитектуралык чечимдерди айкалыштырган эмгектери коомчулукка сунушталды.
Көргөзмөнүн негизги максаты — «Манас мунарасы» долбоорунун концепциясын кеңири коомчулукка тааныштыруу, ошондой эле архитектуралык көркөм ой жүгүртүү аркылуу кыргыз элинин руханий мурасынын маанисин даңазалоо болуп саналат.
Иш-чарага маданият жана искусство өкүлдөрү, чыгармачыл чөйрөнүн мүчөлөрү, архитекторлор жана өнөр сүйүүчүлөр катышып, автордун эмгектери менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Катышуучулар долбоорлордун көркөм жана идеялык өзгөчөлүктөрүнө жогорку баа беришип, улуттук символиканы заманбап формада чагылдыруу аракети маанилүү экенин белгилешти.
05/06/2026
БИШКЕКТЕ ЖАШ РЕЖИССЁРЛОРДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ДОЛБООРУ ӨТҮҮДӨ
2026-жылдын 4–6-июнь күндөрү Бишкек шаарында жаш режиссёрлордун чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө, эл аралык маданий кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаш театр ишмерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган чыгармачылык долбоор өткөрүлүүдө.
Аталган долбоор 2027-жылы Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өтө турган А.П. Чехов атындагы Эл аралык театралдык фестивалдын алкагында уюштурулуучу Жаштар театралдык форумуна катышуучуларды тандоо этабы болуп саналат.
Тандоо процессине Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Театр ишмерлер союздарынын конфедерациясынын өкүлдөрүнөн жана театр тармагынын алдыңкы адистеринен турган комиссия катышууда. Комиссия көрсөтүлгөн спектаклдерге баа берип, форумга сунушталуучу мыкты чыгармачылык эмгекти аныктайт.
Долбоордун алгачкы күнү, 4-июнда, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театрынын «Каргыш» жана А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын «Ревизор» спектаклдери көрсөтүлдү.
Бүгүн, 5-июнда, саат 18:00дө Ч. Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик орус драма театрында «Учур» жаштар театрынын «Чиркин өмүр» спектакли көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.
Долбоордун жыйынтыктоочу күнү — 6-июнда Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын эки спектакли көрсөтүлөт. Саат 12:00дө «Күн автопортретин тартып бүтө элек», ал эми саат 18:00дө «Сексендеги Сейне эненин 80-дискотекасы» спектаклдери сахналаштырылып, чыгармачылык долбоордун тандоо этабы жыйынтыкталат.
********
В БИШКЕКЕ ПРОХОДИТ ТВОРЧЕСКИЙ ПРОЕКТ МОЛОДЫХ РЕЖИССЁРОВ
С 4 по 6 июня 2026 года в Бишкеке реализуется творческий проект, направленный на развитие творческого потенциала молодых режиссёров, расширение международного культурного сотрудничества и повышение профессионального мастерства молодых деятелей театра.
Данный проект является отборочным этапом для участия в Молодёжном театральном форуме, который пройдёт в 2027 году в городе Душанбе (Республика Таджикистан) в рамках Международного театрального фестиваля имени А.П. Чехова.
В процессе отбора принимает участие комиссия, состоящая из представителей Конфедерации союзов театральных деятелей государств — участников СНГ, а также ведущих специалистов театральной сферы. Комиссия оценивает представленные спектакли и определяет лучшие творческие работы для дальнейшего представления на форуме.
В первый день проекта, 4 июня, в Кыргызском государственном театре юного зрителя имени Б. Кыдыкеевой были представлены спектакли «Каргыш» Таласского областного музыкально-драматического театра имени К. Медетбекова и «Ревизор» Баткенского областного музыкально-драматического театра имени А. Жайнакова.
Сегодня, 5 июня, в 18:00 в Кыргызском государственном русском драматическом театре имени Ч. Айтматова будет представлен спектакль «Чиркин өмүр» молодёжного театра «Учур».
В заключительный день проекта — 6 июня — на сцене Чуйского областного музыкально-драматического театра и театра сатиры имени Ш. Термечикова будут показаны два спектакля. В 12:00 — «Күн автопортретин тартып бүтө элек», а в 18:00 — «Сексендеги Сейне эненин 80-дискотекасы». Этими показами завершится отборочный этап творческого проекта.
Проект направлен на поддержку творческих поисков молодых режиссёров, открытие новых имён в театральном искусстве, а также укрепление позиций кыргызского театра в международном культурном пространстве.
05/06/2026
IV БИШКЕК ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЫНЫН СЫНАКТЫК ТАСМАЛАРЫ “BROADWAY” ЖАНА ЦУМ КИНОТЕАТРЛАРЫНДА АКЫСЫЗ КӨРСӨТҮЛӨТ
8–11-июнь күндөрү Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында өтүүчү акысыз кино көрсөтүүлөргө күбө боло алышат. Фестивалдын сынактык программалары борбор калаадагы “Broadway” жана ЦУМ кинотеатрларында көрсөтүлөт.
Төрт күнгө созулган көрсөтүүлөрдүн алкагында көрүүчүлөр фестивалдын үч негизги сынактык бөлүмүнө кирген тасмаларды көрө алышат.
Эл аралык сынак программасына Италия, Иран, Кытай, Индия, Түркия, Черногория, Индонезия жана Якутиядан келген автордук көркөм тасмалар кирген. Борбор Азия сынагы Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын кинематографисттеринин соңку жылдардагы мыкты эмгектерин сунуштайт. Ал эми «Kyrgyz Box» улуттук сынагы заманбап кыргыз киносунун маанилүү жана актуалдуу чыгармаларын бириктирет.
Фестивалдын программасы дүйнөлүк, эл аралык жана улуттук премьераларды камтып, көрүүчүлөргө жаңы кинодолбоорлор менен биринчилерден болуп таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Көрсөтүүлөрдүн өзгөчө артыкчылыгы – тасмалардан кийин уюштурулуучу суроо-жооп (Q&A) жолугушуулары. Анын жүрүшүндө көрүүчүлөр режиссёрлор, продюсерлер жана чыгармачыл топтор менен түз баарлашып, тасмалар тууралуу кеңири маалымат ала алышат.
Сеанстардын толук жүгүртмөсү менен ticket.kg сайтынан таанышып, акысыз билеттерди алдын ала алуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Көрсөтүү жайлары:
-“Broadway” кинотеатры (“Asia Mall” соода-оюн-зоок борбору, 3-кабат)
-ЦУМ кинотеатры (5-кабат)
Көрсөтүү күндөрү: 8–11-июнь, 2026-жыл
***********
КОНКУРСНЫЕ ФИЛЬМЫ IV БИШКЕКСКОГО МЕЖДУНАРОДНОГО КИНОФЕСТИВАЛЯ БУДУТ БЕСПЛАТНО ПОКАЗАНЫ В КИНОТЕАТРАХ «BROADWAY» И ЦУМ
С 8 по 11 июня жители и гости Бишкека смогут посетить бесплатные кинопоказы в рамках IV Бишкекского международного кинофестиваля. Конкурсные программы фестиваля будут представлены в кинотеатрах «Broadway» и ЦУМ.
В течение четырёх дней зрители смогут посмотреть фильмы, вошедшие в три основные конкурсные секции фестиваля.
В Международный конкурс вошли авторские художественные фильмы из Италии, Ирана, Китая, Индии, Турции, Черногории, Индонезии и Якутии. Конкурс Центральной Азии представит лучшие новые работы кинематографистов Кыргызстана, Казахстана, Узбекистана и Таджикистана. Национальный конкурс «Kyrgyz Box» объединит наиболее значимые и актуальные произведения современного кыргызского кино.
Программа фестиваля включает мировые, международные и национальные премьеры, предоставляя зрителям возможность одними из первых познакомиться с новыми кинопроектами. Особую ценность показам придают встречи в формате вопросов и ответов (Q&A), которые пройдут после ряда сеансов. Зрители смогут напрямую пообщаться с режиссёрами, продюсерами и членами творческих групп, а также узнать больше о создании представленных фильмов.
С подробным расписанием сеансов можно ознакомиться на сайте ticket.kg, где также доступны бесплатные билеты.
Площадки показов:
— Кинотеатр «Broadway» (ТРЦ «Asia Mall», 3-й этаж)
— Кинотеатр ЦУМ (5-й этаж)
Даты показов: 8–11 июня 2026 года.
05/06/2026
УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ОКУМУШТУУ, ГРАФ АЛЕКСАНДР ШЕРЕМЕТЬЕВ КЕЛДИ
Улуттук тарых музейине искусство таануу боюнча илимдин доктору, Шереметьев фондунун Европалык бөлүмүнүн жетекчиси, граф Александр Шереметьев баштаган делегация иш сапары менен келди.
Конокторду музейдин директору Назгүл Өмүрзакова кабыл алды. Анда тараптар маданий мурастарды сактоо, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Кыргызстандын «Ала-Кийиз» борборунун чакыруусу менен келген Александр Шереметьев учурда Улуу Жибек жолундагы Кыргызстандын ордун жана тарыхый ролун изилдеп келет. Ошондой эле ал «Кыргызский войлок в снаряжении самураев XII–XIV вв.» аттуу илимий долбоордун алкагында музейдин ишмердүүлүгү жана анын уникалдуу коллекциялары менен таанышты.
Изилдөөчү Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин ачык жана жабык сактоо фонддорундагы баалуу экспонаттарды көрүп чыгып, кыргыз элинин бай маданий мурасына жана анын көп кырдуулугуна жогору баа берди. Ал өз сөзүндө кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлде таанытууга жана анын дүйнөлүк маданий мейкиндиктеги ордун чыңдоого салым кошууга даяр экендигин белгиледи.
******
В НАЦИОНАЛЬНЫЙ ИСТОРИЧЕСКИЙ МУЗЕЙ ПРИБЫЛ УЧЁНЫЙ, ГРАФ АЛЕКСАНДР ШЕРЕМЕТЬЕВ
В Национальный исторический музей с рабочим визитом прибыла делегация во главе с доктором искусствоведения, руководителем Европейского отделения Фонда Шереметьева, графом Александром Шереметьевым.
Гостей приняла директор музея Назгуль Омурзакова. В ходе встречи стороны обсудили вопросы сохранения культурного наследия, развития научных исследований и расширения международного сотрудничества.
Александр Шереметьев, прибывший по приглашению кыргызстанского центра «Ала-Кийиз», в настоящее время занимается исследованием роли и места Кыргызстана на Великом Шёлковом пути. Кроме того, в рамках научного проекта «Кыргызский войлок в снаряжении самураев XII–XIV вв.» он ознакомился с деятельностью музея и его уникальными коллекциями.
Исследователь посетил открытые и закрытые фондохранилища Национального исторического музея Кыргызской Республики, ознакомился с ценными экспонатами и высоко оценил богатство и многообразие культурного наследия кыргызского народа. В своём выступлении он отметил готовность содействовать популяризации кыргызской культуры на международном уровне и укреплению её позиций в мировом культурном пространстве.
05/06/2026
IV БИШКЕК ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЫНЫН АЛКАГЫНДА МОҢГОЛИЯ КИНО ЖУМАЛЫГЫ ӨТӨТ
9–12-июнь күндөрү IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында сынактан тышкаркы атайын программа — Моңголия кино жумалыгы өтөт. Көрсөтүүлөр Ала-Тоо кинотеатрынын Чоң залында уюштурулат.
Моңголия кино жумалыгы көрүүчүлөргө заманбап монгол кинематографиясынын мыкты үлгүлөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Программа таланттуу режиссёрлордун чыгармаларын тартуулап, монгол элинин маданиятын, салттарын жана коомдогу актуалдуу маселелерди чагылдырган окуяларды кеңири аудиторияга сунуштайт.
Көрсөтүлө турган тасмалар:
«Горизонт» (Horizon) — режиссёр Батделгер Бямбасурен. Кино жумалыгынын ачылыш тасмасы.
«Жымжырт шаардын айдоочусу» (Silent City Driver) — режиссёр Сэнгэдорж Жанчивдорж. Тасма мыкты режиссура жана мыкты эркек ролу үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болуп, мурдагы Бишкек кинофестивалынын жеңүүчүлөрүнүн бири болгон.
«Салкын жел» (City of Wind) — режиссёр Лхагвадулам Пүрев-Очир. Жаш шамандын турмушу жана ата-бабалары менен болгон руханий байланышы тууралуу баяндаган драма. Тасма 80-Венеция кинофестивалынын «Горизонттор» программасына катышып, Моңголиянын атынан «Оскар» сыйлыгына расмий талапкер катары көрсөтүлгөн.
Кино сүйүүчүлөр бул көрсөтүүлөр аркылуу Азия аймагындагы эң кызыктуу кинематографиялардын бири саналган Моңголиянын заманбап тасмалары менен жакындан тааныша алышат.
Өтүүчү жайы: «Ала-Тоо» кинотеатры, Чоң зал
Күндөрү: 9–12-июнь, 2026-жыл
Кирүү бардык кино сүйүүчүлөр үчүн ачык.
*******
В РАМКАХ IV БИШКЕКСКОГО МЕЖДУНАРОДНОГО КИНОФЕСТИВАЛЯ ПРОЙДЁТ НЕДЕЛЯ МОНГОЛЬСКОГО КИНО
С 9 по 12 июня в рамках IV Бишкекского международного кинофестиваля состоится специальная внеконкурсная программа — Неделя монгольского кино. Показы пройдут в Большом зале кинотеатра «Ала-Тоо».
Неделя монгольского кино предоставит зрителям уникальную возможность познакомиться с лучшими образцами современного кинематографа Монголии. В программу вошли работы талантливых режиссёров, отражающие культуру, традиции и актуальные социальные вопросы монгольского общества.
В программе представлены следующие фильмы:
«Горизонт» (Horizon) — режиссёр Батделгэр Бямбасурэн. Фильм открытия Недели монгольского кино.
«Водитель тихого города» (Silent City Driver) — режиссёр Сэнгэдорж Жанчивдорж. Картина, удостоенная наград за лучшую режиссуру и лучшую мужскую роль, а также ставшая одним из триумфаторов предыдущего Бишкекского кинофестиваля.
«Город ветров» (City of Wind) — режиссёр Лхагвадулам Пурэв-Очир. Драма о молодом шамане, чья жизнь и духовная связь с предками подвергаются серьёзному испытанию после встречи с девушкой. Фильм участвовал в программе «Горизонты» 80-го Венецианского кинофестиваля и был выдвинут Монголией в качестве официального кандидата на премию «Оскар».
Посетители смогут познакомиться с яркими произведениями одной из самых интересных кинематографий региона и открыть для себя новые истории современного монгольского кино.
Место проведения: кинотеатр «Ала-Тоо», Большой зал
Даты: 9–12 июня 2026 года
Вход открыт для всех любителей кино.
05/06/2026
ТУРАР КОЖОМБЕРДИЕВДИН 85 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ПОЭЗИЯ ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ
Бүгүн кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, таланттуу акын жана котормочу, Кыргыз Республикасынын Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты Турар Кожомбердиевдин 85 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечеси жана эл аралык поэзия фестивалы өткөрүлдү.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин искусство башкармалыгынын начальниги Акжол Доранбек уулу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Марат Тагаев, Жазуучулар союзунун жетекчиси Каныбек Иманалиев жана акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, поэзия сүйүүчүлөрү жана чет өлкөлөрдөн келген меймандар катышты. Салтанатта Турар Кожомбердиевдин кыргыз адабиятына кошкон зор салымы белгиленип, анын чыгармачылык мурасы тууралуу кеңири сөз болду.
Мааракелик иш-чаранын алкагында Түркия, Казакстан жана Өзбекстан республикаларынан келген белгилүү акындардын катышуусунда эл аралык поэзия фестивалы уюштурулуп, Турар Кожомбердиевдин чыгармачылыгынын эл аралык деңгээлдеги орду жана мааниси дагы бир жолу белгиленди.
Мындан тышкары, акындын “Күн, жер, жүрөк” аттуу китебинин түрк тилиндеги басылышынын бет ачар аземи өткөрүлдү. Бул чыгарма аркылуу акындын көркөм дүйнөсү түрк тилдүү элдерге дагы кеңири жайылып, анын поэзиясы жаңы окурмандарга жол тартууда.
Иш-чаранын катышуучулары Турар Кожомбердиевдин чыгармачылык мурасы бүгүнкү күндө дагы жаш муундарды мекенчилдикке, адамгерчиликке, эмгекчилдикке жана руханий тазалыкка тарбиялоодо чоң мааниге ээ экенин белгилешти.
********
ТВОРЧЕСКИЙ ВЕЧЕР ПАМЯТИ И МЕЖДУНАРОДНЫЙ ПОЭТИЧЕСКИЙ ФЕСТИВАЛЬ, ПОСВЯЩЁННЫЕ 85-ЛЕТИЮ ТУРАРА КОЖОМБЕРДИЕВА
Сегодня состоялись вечер памяти и Международный поэтический фестиваль, посвящённые 85-летию со дня рождения выдающегося представителя кыргызской поэзии, талантливого поэта и переводчика, лауреата премии Ленинского комсомола Кыргызской Республики Турара Кожомбердиева.
В мероприятии приняли участие начальник Управления искусства Министерства культуры, информации и молодёжной политики Кыргызской Республики Акжол Дооронбек уулу, постоянный представитель Кыргызстана в международной организации ТЮРКСОЙ Марат Тагаев, председатель Союза писателей Каныбек Иманалиев, а также поэты и писатели, деятели культуры, представители творческой интеллигенции, любители поэзии и гости из зарубежных стран. В ходе торжественной части была отмечена огромная роль Турара Кожомбердиева в развитии кыргызской литературы, а также подробно освещено его творческое наследие.
В рамках юбилейных мероприятий был организован Международный поэтический фестиваль с участием известных поэтов из Турции, Казахстана и Узбекистана. Участники ещё раз подчеркнули международное значение творчества Турара Кожомбердиева и его вклад в развитие литературных связей между тюркоязычными народами.
Кроме того, состоялась презентация турецкого издания книги поэта «Солнце, земля, сердце» («Күн, жер, жүрөк»). Благодаря этому изданию художественный мир Турара Кожомбердиева становится доступным более широкой аудитории тюркоязычных народов, а его поэзия находит новых читателей.
Участники мероприятия отметили, что творческое наследие Турара Кожомбердиева и сегодня играет важную роль в воспитании молодого поколения в духе патриотизма, гуманизма, трудолюбия и духовной чистоты.
05/06/2026
БИШКЕКТЕ КМШНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛ ЖАНА ИЛИМИЙ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН XIX ФОРУМУ ӨТӨТ
2026-жылдын 9–10-июнунда Бишкек шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX форуму өтөт. Форум Шериктештик мейкиндигиндеги маданият, илим, билим берүү, искусство жана коомдук тармак өкүлдөрүн бириктирген ири гуманитардык аянтчалардын бири болуп саналат.
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, илим, билим берүү, маданият, маалымат, туризм, спорт жана жаштар саясаты багытындагы актуалдуу маселелерди талкуулашат. Иш-чаранын негизги темалары КМШнын 35 жылдыгы жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун алдыдагы 100 жылдык мааракеси болмокчу.
Форумдун алкагында «Шериктештиктин жылдыздары» мамлекет аралык сыйлыгынын жана «Шериктештиктин дебюттары» жаштар сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо аземи өтөт. Ошондой эле чыгармачылык жолугушуулар, концерттик программалар, КМШнын Жаштар симфониялык оркестринин концерти жана «Чыңгыз Айтматовдун жүз жылдыгына карай» аттуу чыгармачылык кече уюштурулат.
Форумдун жыйынтыгында КМШ мамлекеттеринин мындан аркы гуманитардык кызматташтыгынын негизги багыттарын камтыган жыйынтык резолюция кабыл алынат.
******
В БИШКЕКЕ ПРОЙДЕТ XIX ФОРУМ ТВОРЧЕСКОЙ И НАУЧНОЙ ИНТЕЛЛИГЕНЦИИ СНГ
9–10 июня 2026 года в Бишкеке состоится XIX Форум творческой и научной интеллигенции государств — участников СНГ. Форум является одним из крупнейших ежегодных гуманитарных мероприятий на пространстве Содружества, объединяющим представителей культуры, науки, образования, искусства и общественных институтов стран СНГ.
В ходе форума участники обсудят актуальные вопросы гуманитарного сотрудничества, развития науки, образования, культуры, информации, туризма, спорта и молодежной политики. Центральными темами мероприятия станут 35-летие СНГ и предстоящий 100-летний юбилей выдающегося кыргызского писателя Чингиза Айтматова, чье творчество стало духовным достоянием народов Содружества.
Кульминацией форума станет церемония вручения Межгосударственной премии СНГ «Звезды Содружества» за выдающиеся достижения в сфере искусства, науки и образования, а также молодежной премии «Содружество дебютов». В рамках культурной программы состоятся творческие встречи, концертные программы, выступление Молодежного симфонического оркестра СНГ и творческий вечер «Навстречу столетию Чингиза Айтматова».
По итогам работы форума будет принята итоговая резолюция, отражающая основные направления дальнейшего гуманитарного взаимодействия государств — участников СНГ.
04/06/2026
ШКУНУН ЖАШТАРДЫН САНАРИПТИК ФОРУМУНУН САЛТАНАТТУУ АЧЫЛЫШ АЗЕМИ ӨТТҮ
Бүгүн, 4-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Жаштардын санариптик форумунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, форумдун катышуучуларына куттуктоо сөзүн сүйлөп, форумдун ишин расмий ачып берди.
Ачылыш аземи расмий өкүлдөрдүн саламдашуу сөздөрү менен башталып, андан соң форумдун иш программасына ылайык тематикалык сессиялар өз ишин баштады.
Форумдун негизги багыттары катары ШКУ өлкөлөрүндөгү жасалма интеллект жана санариптик экономика, ошондой эле жаштардын AI-стартаптары жана технологиялык ишкердиги маселелери талкууланууда. Катышуучулар санариптик технологияларды өнүктүрүү, инновациялык долбоорлорду колдоо, тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышууда.
ШКУнун Жаштардын санариптик форуму технология, инновация жана тажрыйба алмашууну бириктирген маанилүү аянтча катары өз ишин улантууда. Форумдун алкагында эксперттик талкуулар, тематикалык сессиялар жана жаңы технологиялык чечимдердин презентациялары өткөрүлөт.
********
СОСТОЯЛАСЬ ТОРЖЕСТВЕННАЯ ЦЕРЕМОНИЯ ОТКРЫТИЯ МОЛОДЕЖНОГО ЦИФРОВОГО ФОРУМА ШОС
Сегодня, 4 июня, состоялась торжественная церемония открытия Молодежного цифрового форума Шанхайской организации сотрудничества (ШОС). В мероприятии принял участие первый заместитель министра культуры, информации и молодежной политики Кыргызской Республики Союзбек Надырбеков, который выступил с приветственной речью и официально открыл форум.
Церемония открытия началась с приветственных выступлений официальных представителей, после чего в соответствии с программой форума стартовали тематические сессии.
Основными направлениями форума стали вопросы искусственного интеллекта и цифровой экономики стран ШОС, а также молодежные AI-стартапы и технологическое предпринимательство. Участники обсуждают развитие цифровых технологий, поддержку инновационных проектов, обмен опытом и расширение международного сотрудничества.
Молодежный цифровой форум ШОС продолжает свою работу как важная площадка, объединяющая технологии, инновации и обмен опытом. В рамках форума проходят экспертные дискуссии, тематические сессии и презентации новых технологических решений.
04/06/2026
КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТАР ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кытай Эл Республикасынын Улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чень Жуйфэндин расмий иш сапарынын алкагында жолугушуу өттү.
Конокторду Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова тосуп алып, музейдин ишмердүүлүгү, Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу багытындагы иштери тууралуу маалымат берди. Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн музей мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий байланыштарды чыңдоо жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Маданий программанын алкагында делегация музейдин экспозициялары менен таанышып, кыргыз жана кытай элдеринин кылымдарды карыткан тарыхый байланыштарын чагылдырган уникалдуу экспонаттарды көрүштү. Конокторго Улуу Жибек жолу аркылуу калыптанган маданий алакалар, байыркы цивилизациялар жана тарыхый табылгалар тууралуу кеңири маалымат берилди.
Жолугушуунун соңунда Чень Жуйфэн музей жетекчилигине жылуу кабыл алуу жана мазмундуу экскурсия үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык мындан ары да бекемделерине ишенимин билдирди.
******
ПРЕДСЕДАТЕЛЬ ГОСУДАРСТВЕННОГО КОМИТЕТА ПО ДЕЛАМ НАЦИОНАЛЬНОСТЕЙ КИТАЙСКОЙ НАРОДНОЙ РЕСПУБЛИКИ ОЗНАКОМИЛСЯ С НАЦИОНАЛЬНЫМ ИСТОРИЧЕСКИМ МУЗЕЕМ
В Национальном историческом музее Кыргызской Республики состоялась встреча в рамках официального визита председателя Государственного комитета по делам национальностей Китайской Народной Республики Чэнь Жуйфэна.
Гостей встретила директор Национального исторического музея Назгуль Омурзакова, которая ознакомила делегацию с деятельностью музея, а также рассказала о работе по сохранению и популяризации историко-культурного наследия Кыргызстана. Стороны также обсудили вопросы развития сотрудничества между музейными учреждениями двух стран, укрепления культурных связей и обмена опытом.
В рамках культурной программы делегация ознакомилась с экспозициями музея и уникальными экспонатами, отражающими многовековые исторические связи кыргызского и китайского народов. Гостям была представлена подробная информация о культурных контактах, сформировавшихся благодаря Великому шелковому пути, древних цивилизациях и исторических находках.
В завершение встречи Чэнь Жуйфэн выразил благодарность руководству музея за тёплый приём и содержательную экскурсию, отметив уверенность в дальнейшем укреплении культурно-гуманитарного сотрудничества между Кыргызстаном и Китаем.