2026-жылдын 5-июнунда Нарын шаарында «Доор өзгөрткөн билим» аттуу ата-энелер форуму өттү. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берди.
Министр өз сөзүндө баланын өнүгүүсүндө үй-бүлөнүн, мугалимдин жана мамлекеттин ролу өзгөчө экенин белгиледи. Анын айтымында, мамлекет, мугалим жана ата-эне баланын сапаттуу билим алышы жана инсан катары калыптанышы үчүн биргелешип аракеттенүүгө тийиш.
Билим берүү жана илим министрлиги
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги / Министерство просвещения Кыргызской Республики / Ministry of Education of the Kyrgyz Republic
Министерство просвещения Кыргызской Республики является центральным органом исполнительной власти, проводящим государственную политику и осуществляющим управление в области образования и государственный контроль за доступностью и качеством образования, обеспечением конституционного права граждан Кыргызской Республики на образование.
05/06/2026
НАРЫН ОБЛУСУНДА «ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ» ФОРУМУ ӨТТҮ
Бүгүн, 5-июнда, Нарын облусунун Нарын шаарында мектептик билим берүү системасын жаңылоого арналган «Доор өзгөрткөн билим» форуму өттү.
Форумга Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жылдыз Мамбетова, Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер жана ата-энелер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева «Алтын казык» билим берүүнү трансформациялоо программасынын жана 12 жылдык мектептик билим берүүнү киргизүүнүн биринчи этабынын жыйынтыктарын коомчулукка тааныштырып, ата-энелердин жана жарандардын суроолоруна жооп берип, билим берүү тармагындагы реформалар боюнча ачык диалог жүргүздү.
Өз сөзүндө министр «Алтын казык» концепциясынын маңызына токтолуп:
«Биз көчмөн элбиз. Көчмөндөр үчүн багыт көрсөткөн негизги жылдыз - Алтын Казык болгон. Бүгүнкү күндө да бала биздин негизги багытыбыз болушу керек. Ата-эне, мугалим жана мамлекет баланын өнүгүүсү үчүн бир максаттын айланасында биригип иш алып барышы зарыл», - деп белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар 12 жылдык билим берүү системасынын артыкчылыктары, жаңыланган окуу программалары, окуу жүктөмүнүн бөлүштүрүлүшү, жаңы штаттарды түзүү жана реформаны ишке ашырууга байланыштуу башка уюштуруучулук маселелер боюнча суроолорун беришти. Аларга Агартуу министрлигинин өкүлдөрү жана жооптуу адистер тарабынан кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Форум билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдү коомчулукка жеткирүү, жарандардын сунуш-пикирлерин угуу жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатын көздөдү.
Бала бакчага каттоо боюнча нускама видео
05/06/2026
ПОЧЕМУ ОТМЕНИЛИ ЛЬГОТНЫЕ КАТЕГОРИИ ПРИ ЭЛЕКТРОННОЙ ЗАПИСИ В ДОШКОЛЬНЫЕ ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЕ ОРГАНИЗАЦИИ?
Закон Кыргызской Республики «Об образовании» устанавливает, что порядок приёма детей в государственные и муниципальные дошкольные образовательные организации (далее-ДОО) определяется Кабинетом Министров Кыргызской Республики.
В соответствии с Положением о дошкольных образовательных организациях, при приёме в ДОО запрещено устанавливать какие-либо ограничения или преимущества по полу, национальности, языку, социальному и имущественному положению, состоянию здоровья, вероисповеданию и другим признакам.
Аналогичные нормы закреплены и в Конституции Кыргызской Республики, которая гарантирует равенство прав и запрещает любую дискриминацию.
Закон Кыргызской Республики «Об образовании» является основным (профильным) законом в вопросах приёма детей в ДОО. В случае противоречий между нормативными актами применяются нормы закона, регулирующего именно эту сферу, либо акта с более высокой юридической силой.
Даже если ранее предусматривались льготы для первоочередного или внеочередного зачисления, теперь они реализуются только через единую электронную очередь. Это означает, что все дети должны быть зарегистрированы в системе на общих основаниях.
Введение электронной очереди направлено на обеспечение прозрачности, исключение коррупционных рисков и соблюдение равенства прав.
Таким образом, отмена льготных категорий связана не с ограничением прав, а с обеспечением равного доступа к образованию и справедливого распределения мест в дошкольных образовательных организациях.
ПРЕДОСТАВЛЕНИЕ ЛЬГОТНЫХ КРЕДИТОВ ДЛЯ РАЗВИТИЯ ДОШКОЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ
Распоряжением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 мая 2026 года №382-т утверждён проект
«Льготное кредитование для развития дошкольного образования - 3».
Проект предусматривает оказание государственной поддержки частным предпринимателям в создании благоприятных условий для строительства зданий дошкольных образовательных организаций, проведении капитального ремонта/реконструкции в имеющихся помещениях и зданиях, а также для укрепления материально-технической базы действующих организаций, включая приобретение оборудования.
В рамках проекта льготные кредиты будут предоставляться частным лицам до декабря 2026 года.
Чтобы получить льготный кредит, необходимо вначале пройти комиссию Министерства просвещения. Для этого необходимо подать следующие документы:
- Заявление на имя министра;
- Бизнес-план, отражающий концепцию, формат, проектную мощность, основные средства, персонал и созданные условия в детском саду;
- Проектно-сметная документация.
На втором этапе требуется также пройти комиссию в «АБанк» и «Элдик Банк».
Желающие получить льготный кредит могут подать документы в Министерство просвещения либо направить его по электронной почте: [email protected]
Телефон для справок: 0 (312) 66 36 92
05/06/2026
“ЭЛЕКТРОНДУК КЕЗЕК” СИСТЕМАСЫ BALALYK.EDU.GOV.KG ПОРТАЛЫНА КӨЧҮРҮЛДҮ
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды каттоо жана орундарды бөлүштүрүү үчүн колдонулган “Электрондук кезек” мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун функционалы mektep.edu.gov.kg порталынан balalyk.edu.gov.kg порталына көчүрүлүп, интеграциялангандыгын маалымдайт.
Бул өзгөртүү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын бирдиктүү санариптик платформага топтоп, ата-энелер үчүн кызматтарды пайдаланууну жеңилдетүүгө багытталган.
Эми баланы бала бакчага каттоо, кезекке туруу, орундардын кыймылын көзөмөлдөө жана башка кызматтарды balalyk.edu.gov.kg порталы аркылуу алуу мүмкүн.
Белгилей кетсек, mektep.edu.gov.kg порталында буга чейин катталган бардык арыздар жана кезек боюнча маалыматтар толугу менен сакталган жана жаңы платформага автоматтык түрдө өткөрүлгөн. Кезекте турган балдардын катталган маалыматтары өзгөрүүсүз калат.
“Электрондук кезек” системасы балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кабыл алуу процессинин ачыктыгын камсыздап, кезекти автоматтык түрдө түзүүгө, бош орундарды автоматтык бөлүштүрүүгө жана адам факторун азайтууга мүмкүндүк берет. Система ошондой эле бардык балдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга багытталган.
Ата-энелер балдарын balalyk.edu.gov.kg порталы, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу каттай алышат.
Жобо менен таанышуу - https://edu.gov.kg/posts/5037/
***
СИСТЕМА «ЭЛЕКТРОННАЯ ОЧЕРЕДЬ» ПЕРЕНЕСЕНА НА ПОРТАЛ BALALYK.EDU.GOV.KG
Министерство просвещения Кыргызской Республики сообщает, что функционал государственной цифровой технологической системы «Электронная очередь», используемой для регистрации детей и распределения мест в дошкольных образовательных организациях, перенесён и интегрирован с портала mektep.edu.gov.kg на портал balalyk.edu.gov.kg.
Данное изменение направлено на объединение услуг в сфере дошкольного образования на единой цифровой платформе и упрощение доступа родителей к государственным услугам.
Теперь зарегистрировать ребёнка в детский сад, поставить его в очередь, отслеживать движение очереди и получать другие услуги можно через портал balalyk.edu.gov.kg.
Отметим, что все заявления и данные об очереди, ранее зарегистрированные на портале mektep.edu.gov.kg, полностью сохранены и автоматически перенесены на новую платформу. Данные детей, уже состоящих в очереди, остаются без изменений.
Система «Электронная очередь» обеспечивает прозрачность процесса приёма детей в дошкольные образовательные организации, позволяет автоматически формировать очередь, распределять свободные места и минимизировать влияние человеческого фактора. Система также направлена на обеспечение равных возможностей для всех детей и предотвращение коррупционных рисков.
Родители могут зарегистрировать своих детей через портал balalyk.edu.gov.kg, а также с помощью мобильного приложения «Түндүк».
Ознакомление с Положением - https://edu.gov.kg/posts/5037/
5-июнда Нарын шаарында билим берүү уюмдарындагы оңдоп-түзөө иштерин уюштуруу боюнча жыйын өттү. Жыйында республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана оңдоо иштерин жергиликтүү деңгээлде координациялоо маселелери каралды.
05/06/2026
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА НАРЫНДА МЕКТЕПТЕРДИ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ
Бүгүн, 5-июнда, Нарын шаарында билим берүү уюмдарындагы оңдоп-түзөө иштерин уюштуруу маселелерине арналган жыйын өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жылдыз Мамбетова, агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, ошондой эле райондук мамлекеттик администрация башчыларынын социалдык тармакты тейлеген орун басарлары, Нарын шаарынын мэринин орун басары Элмира Турганбаева, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана мектеп директорлору катышты.
Жыйындын жүрүшүндө билим берүү уюмдарында жүргүзүлө турган утурумдук оңдоп-түзөө иштерин уюштуруу, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана жергиликтүү деңгээлде аткарылуучу иштерди координациялоо маселелери талкууланды.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү уюмдарындагы оңдоо иштеринин өз убагында жана сапаттуу аткарылышы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ал республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу менен катар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан курулуш жана оңдоо иштерин уюштуруу, көзөмөлдөө жана координациялоо иштерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Белгилей кетсек, 2025–2026-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоп-түзөө иштерине 404 млн сом каралган. Бөлүнгөн каражаттардын алкагында оңдоо иштерин уюштуруу жана координациялоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
05/06/2026
💻 БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САНАРИПТИК ЖЕТИШКЕНДИКТЕР
🎙️ Кыргыз Республикасынын агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билим берүү тармагын санариптештирүү боюнча аткарылып жаткан иштер жана жетишилген жыйынтыктар тууралуу кеңири маалымат берди.
4 АЙДА 40 ЖЕКЕ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ. СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ? Enjoy the videos and music you love, upload original content, and share it all with friends, family, and the world on YouTube.
05/06/2026
ОШ ШААРЫНДА МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН ОКУУ-СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылга карата календардык-тематикалык планына ылайык Ош шаарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарында дарылоо-алдын алуу кызматтарын уюштуруу боюнча окуу-семинар өткөрүлдү.
Окуу-семинарга Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарында эмгектенген медицина кызматкерлери катышты. Катышуучулар балдардын ден соолугун коргоо, оорулардын алдын алуу, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо жана медициналык тейлөөнү уюштуруу боюнча билимдерин жана кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүштү.
Иш-чаранын негизги максаты мектепке чейинки билим берүү уюмдарында медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, балдардын ден соолугун сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди күчөтүү жана медицина кызматкерлеринин кесиптик потенциалын өнүктүрүү болуп саналат.
Мындай окуу-семинарлар өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлүп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында системалуу негизде улантылат.
*****
В ОШЕ ПРОШЕЛ ОБУЧАЮЩИЙ СЕМИНАР ДЛЯ МЕДИЦИНСКИХ РАБОТНИКОВ ДОШКОЛЬНЫХ ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫХ ОРГАНИЗАЦИЙ
В рамках сотрудничества между Министерством просвещения Кыргызской Республики и Министерством здравоохранения Кыргызской Республики, а также в соответствии с календарно-тематическим планом Министерства здравоохранения Кыргызской Республики на 2026 год, в городе Ош состоялся обучающий семинар по вопросам организации лечебно-профилактической работы в дошкольных образовательных организациях.
В семинаре приняли участие медицинские работники дошкольных образовательных организаций города Ош и Кара-Суйского района. Участники повысили свои знания и профессиональные навыки в вопросах охраны здоровья детей, профилактики заболеваний, соблюдения санитарно-гигиенических требований и организации медицинского обслуживания.
Основной целью мероприятия является повышение качества медицинских услуг в дошкольных образовательных организациях, усиление работы по сохранению здоровья детей и развитие профессионального потенциала медицинских работников.
Подобные обучающие семинары будут проводиться и в других регионах страны, а также продолжатся на системной основе в целях дальнейшего совершенствования медицинского обслуживания в дошкольных образовательных организациях.
Click here to claim your Sponsored Listing.
Location
Category
Contact the business
Telephone
Website
Address
К. Тыныстанов көчөсү, 257
Bishkek
720000
Opening Hours
| Monday | 10:00 - 18:00 |
| Tuesday | 10:00 - 18:00 |
| Wednesday | 10:00 - 18:00 |
| Thursday | 10:00 - 18:00 |
| Friday | 10:00 - 18:00 |
