02/06/2026
Курманжан датка атындагы Көчмөн Цивилизация Борборунун кызматкерлери “Жетиген” эл аралык балдар лагеринде эс алып жаткан бөбөктөр үчүн чебер-класс уюштурушту.
Чебер-класстын жүрүшүндө катышуучулар боёлгон жүндөр менен кийиз бетине кыргыз оюуларын түшүрүп жана ар кандай кездемелерди, чийди колдонуп чий куурчак жасоону үйрөнүштү. Музей кызматкерлери ар бир иштин аткарылышын түшүндүрүп, балдарга практикалык жардам көрсөтүштү. Балдар өз колдору менен жасаган эмгектерине кубанып, чыгармачылык тапшырмаларды чоң кызыгуу менен аткарышты. Мындай иш-чаралар балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, улуттук кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусун арттырууга жана пайдалуу убакыт өткөрүүсүнө өбөлгө түзөт.
25/05/2026
Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунун директору Алымова А.К. Москва шаарында өткөн эл аралык «Интермузей БРИКС+» фестивалына уюштуруучулардын чакыруусу менен Кыргызстандын ICOM Улуттук комитетинин төрайымы катары катышып келди.
Фестивалдын алкагында «Заманбап музейдеги салттуулук жана инновациялар» жана «Музей ассоциациялары жана музей аралык кызматташуунун жаңы форматтары» аттуу эки пленардык жыйында белгилуу эксперттердин арасында спикер катары сөз сүйлөп, Кыргызстандын музей тармагындагы тажрыйбасын жана эл аралык кызматташтык боюнча демилгелери менен тааныштырды.
21/05/2026
Биздин борбордо фетр жана жүндөн буюм жасоо боюнча кызыктуу жана чыгармачыл чебер класс өткөрүлдү. Иш-чарага Чоктал айылында жайгашкан «Сапат» билим берүү лицейинин кол өнөрчүлүккө кызыккан окуучулары катышты.
Чебер класстын жүрүшүндө катышуучулар фетр жана жүндү колдонуу аркылуу кооз гүлдөрдү жана улуттук стилдеги жасалгаларды жасоонун негизги ыкмаларын өздөштүрүштү. Практикалык иш аркылуу ар бир катышуучу өз колу менен өзгөчө эмгектерди жаратууга мүмкүнчүлүк алды.
Иш-чараны Малиева Элиза жетектеп, катышуучуларга ар бир этап боюнча кеңеш берип, колдоо көрсөтүп турду. Чебер класстын алкагында окуучулар жүндү иштетүүнүн өзгөчөлүктөрү жана фетрден буюм жасоонун негизги технологиялары менен жакындан таанышты.
Мындай чебер класстар улуттук кол өнөрчүлүктү жайылтууга, жаштардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө жана салттуу өнөрдү кийинки муунга жеткирүүгө өбөлгө түзөт.
13/05/2026
18-май Эл аралык музейлер күнүнө арналган "Музейлер бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик: Музейдеги бир күн-миң сыр" аттуу иш чарабызга чакырабыз!
Өтүлүчү күнү: 14- май, саат 14:00.
04/05/2026
Арт-велопробег вокруг озера- ежегодная инициатива коллег из музея МоФА, направленная на поддержку художниц, для которых велосипед становится символом свободы — как физического передвижения, так и творческого самовыражения.
Это не просто маршрут, а пространство живого взаимодействия, где движение, природа, музейное пространство соединяются в единый опыт.
Арт-велопробег — это свобода в движении и в творчестве, где рождается искусство!