30/05/2026
РАЗЗАКОВ ШААРЫНЫН АЙМАГЫНДА МАСШТАБДУУ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ
📝 30-май 2026-жыл
🏵️ Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын тапшырмасына ылайык Раззаков шаарынын аймагында коомдук тазалыкты сактоо максатында массалык ишембилик өткөрүлдү.
🏵️Ишембиликке Раззаков шаарынын мэриясынын аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы кызматкерлери ошондой эле Раззаков шаарынын жашоочулары активдүү катышышты.
🏵️ Урматтуу жарандар.
Ар бириңиздерге жарандык милдетиңиздерди аткарып аймагыныздарды таза сактооңуздарды суранабыз.
🖋️Раззаков шаарынын мэриясы!
29/05/2026
✅Раззаков шаарынын аймагында “АКЫРКЫ КОҢГУРОО” аземи салтанаттуу белгиленди!
📌2026-жылдын 29-май күнү Раззаков шаарынын мэриясына караштуу 14 жалпы билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” аземи белгиленди. Майрамдык иш-чарага Раззаков шаарынын мэриясынын жана райондук мекеме-ишканалардын кызматкерлери, ата-энелер катышышты.
📌Раззаков шаарынын мэри Кенжебаев Данияр Исамидинович Раззаков шаарына караштуу Исфана жалпы билим берүү мектебиндеги майрамдык иш-чарага катышып, бүтүрүүчүлөргө жашоодогу окуучулук этабын жабып, алдыдагы мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, келечеке карай жаны кадамдарды таштап, өз кесибинин ээси болуп, эли-жерине кызмат кылган татыктуу инсандардан болуусун билдирилди.
📌Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан жалпы билим берүү мекемелеринде 2025–2026-окуу жылында республикалык, облустук жана райондук деңгээлдеги олимпиадаларда, сынактарда жана коомдук иш-чараларда ийгиликтерди жараткан окуучулар менен мугалимдер Ардак грамоталар, Ыраазычылык каттар жана Алкыш барактары менен сыйланышты.
🖋️Раззаков шаарынын мэриясы!
27/05/2026
✅✅✅Урматтуу мекендештер!
Ардактуу момун мусулмандар!
Баардыгыңыздарды ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм!
📌Эзелтен Курман айт–ыйман менен гумандуулуктун зор баалуулуктарды камтыган ыйык майрам. Бул майрам адам баласынын дилинин тазарышына, ыймандуу, кайрымдуу болушуна үндөп келет. Бул күнү Улуу Алла Таалага ыраазылык билдирүүнүн белгиси катары ар бир мусулман курмандык чалып, жараткан алдында ыйык милдетин аткарышат.
📌Курман айтты белгилеп жатып Раззаков шаарыбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, улуттар аралык достук, биримдик, ынтымак бекемделип, достук мамилелери күчөп, бир туугандык сезимдери чыңала берсин. Ушул күнү ыйман нуру ар бирибиздин жүрөгүбүзгө жылуулукту ыроолосун. Ылайым элибизден ырыскы куту кетпесин.
Мамлекетибизде тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү орносун!
📌Кадырлуу Раззаков шаарынын тургундары!
Сиздерге, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш, бекем ден-соолук каалайм. Ыйык айтта ниет кылган жакшы тилектердин бардыгы кабыл болсун!
Мээрим, ырайым, кут-береке жылоологон Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!
терең урматтоо менен, мэр Д.И.Кенжебаев!
🖋️Раззаков шаарынын мэриясы!
19/05/2026
✅ Раззаков шаарында Энелер күнү салтанаттуу белгиленди
🏵️ 2026-жылдын 19-май күнү Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
🏵️ Иш-чарага Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Полотов Алмазбек Адылбекович, Раззаков шаарынын мэри Кенжебаев Данияр Исамидинович, Раззаков шаардык Кеңештин төрагасы Саматов Санжарбек Анаркулович, баатыр энелер, мамлекеттик жана коомдук ишмер аялдар жана шаардын аймагындагы энелер катышышты.
🏵️ Шаар башчысы Данияр Исамидинович өз сөзүндө энелер – тынчтыктын, биримдиктин жана жылуулуктун башаты, коомдун пайдубалы жана үй-бүлөнүн таянычы экенин белгилеп, жалпы аял затын майрамы менен куттуктады.
🏵️ Ошондой эле шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана активдүү ишмердүүлүгү үчүн бир катар энелер Раззаков шаарынын мэриясынын сыйлыктары менен сыйланышты.
🏵️ Майрамдык иш-чаранын алкагында Лейлек районунун маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
🖋️Раззаков шаарынын мэриясы!
18/05/2026
Урматтуу Раззаков шаарынын тургундары!
Раззаков шаарынын мэринин, мэрдин орун басарынын жана аппаратынын жетекчисинин жарандарды өздүк маселеси менен кабыл алуу күндөрүнүн графиги:
Раззаков шаарынын мэри
Дүйшөмбү, Шейшемби, Шаршемби
13:00 - 15:00
Мэрдин орун басары
Дүйшөмбү, Шейшемби, Шаршемби
09:00 — 12:00
Бейшемби, Жума
13:00 - 16:00
Аппарат жетекчиси
Дүйшөмбү, Шейшемби, Шаршемби
09:00 - 12:00
Бейшемби, Жума
15:00 - 17:00
Кошумча маалымат алуу үчүн Раззаков шаарынын мэриясына кайрылсаңыз болот.
🖋️Раззаков шаарынын мэриясы!
16/05/2026
✅✅✅Раззаков шаарынын мэри Кенжебаев Данияр Исамидинович тарабынан мыктылар сыйланды.
📌Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучулары арасында өткөрүлгөн “Кичинекей каармандар”, “Манас таануу” интелектуалдык таймаштан Раззаков шаарындагы √5 “Наристе”МЧББУМси шаардык, райондук, облустук деңгээлде1- орунду ээлешип, республикалык таймашта 3 орунду камсыз кылган.
📌Шаар башчысы Данияр Исамидинович жеңүүчүлөрдү кабыл алып, сыйлыктарын тапшырып, ыраазычылык билдирди.
Шаар башчысы өз сөзүндө мындай иш-чаралар балдардын руханий дүйнөсүн байытып, улуттук мурастарды урматтоого багытталган маанилүү кадам жана келечек муунду мекенчилдикке, ынтымакка жана биримдикке тарбиялоодо чоң роль экендигин белгиледи.
🖋️Раззаков шаарынын мэриясы!
09/05/2026
✅Раззаков шаарында Улуу Жеңиш майрамына карата ооруктун ардагерлерине урмат көрсөтүлдү
📌Раззаков шаарынын мэри Кенжебаев Данияр Исамидинович жана Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасы Саматов Санжарбек Анаркулович менен биргеликте Улуу Жеңиш майрамын утурлай, шаар аймагындагы ооруктун ардагерлерин куттуктап, алардын ал-акыбалынан кабар алып, белектерин беришти.
📌Ардагерлердин бардыгы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тылда үзүрлүү эмгектенип, жеңишке өз салымдарын кошушкан. Согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерине да активдүү катышып, ар түрдүү тармактарда ак ниет эмгек өтөп, ардактуу эс алууга чыгышкан.
📌Данияр Исамидинович ардагерлер менен баарлашуу учурунда алардын Улуу Жеңишке кошкон салымы өчпөс тарых экенин белгилеп, мамлекет тарабынан улуу муундун эмгеги ар дайым жогору бааланарын айтты.
🖋️ Раззаков шаарынын мэриясы!
09/05/2026
Улуу Жеңиш майрамына карата Советтер Союзунун баатыры Самат Садыковдун эстелигинде эскерүү иш-чарасы өттү.
📌Раззаков шаарынын Самат айылында Улуу Жеңиштин 81-жылдыгына карата Советтер Союзунун баатыры Самат Садыковдун эстелигинде эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
📌Иш-чарага Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин биринчи орун басары Полотов Алмазбек Адылбекович, Раззаков шаарынын мэри Кенжебаев Данияр Исамидинович жана Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасы Саматов Санжарбек Анаркулович жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери катышып, жарандарды Жеңиш майрамы менен куттукташты.
📌Данияр Исамидинович өз сөзүндө Улуу Жеңишке катышкан ар бир баатырдын ысымы тарыхта калаарын белгилеп, жаштарды мекенчилдикке, биримдик чакыруу менен баатырларды эскерүү жаштардын милдети экенин билдирди.
🖋️ Раззаков шаарынын мэриясы!