Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы / УВД Джалал-Абадской области

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы / УВД Джалал-Абадской области

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы / УВД Джалал-Абадской области, Public & Government Service, Улица Д. Шопокова 37, Jalal-Abad.

Photos from Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы / УВД Джалал-Абадской области's post 21/01/2025

Сузак РИИБдин кызматкерлери эл алдында жыл жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрүштү.

Бүгүн, 2025-жылын 21-январында Сузак РИИБдин кызматкерлери райондун аймагында жер-жерлерде жергиликтүү жашоочулардын алдында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча аткарган иштеринин маалыматын беришти.

Ошондой эле жашоочуларга жаш өспүрүмдөрдүн топтошуп мушташууларына бөгөт коюуу жана ар кандай кылмыштардын, кырсыктардын алдын алуу максатында милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышта иш алып баруусун эскертишти.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

21/01/2025

Жалал-Абад облусунун аймагында профилактика учурунда психотроптук заттарды саткандар аныкталды.

✅2024-жылдын 20-ноябрынан тартып 2025-жылдын 20-январына чейинки аралыкта Укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чара учурунда, Жалал-Абад ОИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан эки күндүк “Дарыкана наркоманиясын алдын алуу” боюнча профилактикалык иштер уюштурулуп, дарыканаларды көзөмөлдөө учурунда тыюу салынганына карабастан, акыл-эске күчтүү таасир этүүчү психотроптук заттардын мыйзамсыз сатылып жаткандыгы аныкталды.

✅Аталган маалымат Базар-Коргон РИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталагн.

✅Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Базар-Коргон районунун Алтын-Төр ресторандын жанында “Шевролет Малибу” үлгүсүндөгү автоунаанын арткы орундугунда жүргүнчү катары бара жаткан 1992-жылы туулган Х. уулу Р. аттуу тургундун жанындагы пакеттеринин ичинде “Тропикамид” (238 даана), “Регапен” (100 даана ар бир пачкада 14 даанадан капсула бар, жалпы 1400 даана капсула) аталышындагы медициналык эмес максаттарда пайдаланылуучу дары-дармектер далил зат катары алынып, соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

✅Ал эми аталган автоунаанын айдоочусу 2002-жылы туулган Ш. уулу Ф. жана Х. уулу Р. Базар-Коргон РИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилди.

✍️Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Photos from Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы / УВД Джалал-Абадской области's post 20/01/2025

Кара-Көл шаарында “Селсаяк” аталышта алдын алуу иш-чара өткөрүлдү.

Бүгүн, Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте "Селсаяк" аталышындагы алдын алуу иш-чара өткөрүлдү. Анда шаар аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук, коомдук тартип, топтошуп мушташуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин алып барышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жашы жете элек өспүрумдөрдүн болжолду жолугушуу жерлери (парк, стадион, интернет клубтар) текшерилип, кечки саат 22:00 дон кийин ата-энесинин коштоосу жок көчөдө жүргөндөр аныкталса же кандайдыр бир кылмыштуулукка барса мыйзам чегинде жоопко тартыла тургандыгы эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Photos from Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы / УВД Джалал-Абадской области's post 20/01/2025

Токтогул милициясы “Селсаяк” аталышында иш-чара өткөрүштү

Бүгүн, 20-январда Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу жана аларды болтурбоо максатында “Селсаяк” аталышындагы иш-чара болуп өттү.

Анда түндөсү 22:00дөн кийин убакытта максатсыз жүргөн жаш өспүрүмдөрдү ар кандай кылмыштуулуктан сактоо, ошндой эле жашоочулар арасында укук бузуучулуктарды болтурбоо болуп саналат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Photos from Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы / УВД Джалал-Абадской области's post 20/01/2025

✅Тогуз-Торо районунда “Селсаяк” аталышта рейд өткөрүлдү.

✅Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери райондун аймагында “Селсаяк” аталышта ыкчам алдын алуу рейд өткөрүлдү.

✅Аталган рейддин максаты түнкү 22:00 дөн кийин жаш өспүрүмдөрдүн көчөдө максатсыз жүрүүсүнө бөгөт коюуу жана райондун аймагында ар кандай кылмыштардын алдын алуу болуп саналат.

✅Ал эми рейд учурунда түнкү мезгилде максатсыз ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 14 жаш өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелерине укук бузуулар кодексинин 102-беренесинин негизинде айып пулдар салынып, эскертүүлөр берилди.

✅Мындай рейддер байма бай өткөрүлүп турмакчы.

✍️Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кыматы .

Photos from Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы / УВД Джалал-Абадской области's post 20/01/2025

Таш-Көмүр шаарында тоноочулар кармалды

2024-жылдын 29-декабрь күнү Таш-Көмүр ШИИБне 1958-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын А.Ж. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 29-декабрь күнү саат 18:00 чамасында шаардын аймагындагы дүкөндөрдүн биринде ага сыттан тааныш болгон Улан аттуу бала достору менен уруп чөнтөгүндөгү 35000 (отуз беш миң ) сом акчасын алып койгондугун билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү сураган.

Аталган факты Таш-Көмүр ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде, Таш-Көмүр ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, 2025-жылдын 11-январь күнү кылмышка шектүү катары 1997-1988-жылы туулган Ноокен районунун Ж.уулу Б жана У.А. аттуу жарандары кармалып, Таш-Көмүр ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1997-жылы туулган Ж.уулу Б. мурда соттолуп чыккандыгы маалым болгон.

2025-жылдын 13-январь күнү Таш-Көмүр шаардык соту тарабынан эки айга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Photos from Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы / УВД Джалал-Абадской области's post 18/01/2025

👮Жалал-Абадда АБПнун кызматкерлери сыйланды.

👮Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 11 жылдык маарекесине карата, Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери ИИМдин медаль жана грамоталар менен сыйланышты.

👮Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырып, аларды кесиптик майрамдары менен куттуктады.

✍️Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

17/01/2025

✅Жалал-Абад ОИИБде 2024-жылдын жыйынтыгы чыгарылды.

✅Бүгүн,17-январь күнү Жалал-Абад ОИИБдин 2024-жылдын 12 ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы каралган ыкчам кеӊешме өттү. Кеӊешмеге Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, орун басарлары, бөлүм кызматтарынын башчылары жана ШРИИБдин жетекчилери катышты.

✅Жыйындын башында 2024-жыл ичинде өз кызматтык милдеттерин так аткарган, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда, кесиптери боюнча мыктылар жана Ардагерлер кеңештери сыйланды.

✅2024-жылдын жыйынтыгы менен 1-орунду Жалал-Абад ОИИБдин, 2-орун Аксы РИИБдин, 3-орун Тогуз-Торо РИИБдин Ардагерлер кеңештери татыктуу болушту.

✅Ошондой эле “Мыкты ички иштер бөлүмү” боюнча 1-орун Сузак, 2-орун Токтогул, 3-орун Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмдөрү ээледи.

✅Нурбек Абдиев кесиби боюнча мыктыларды жана Ардагерлер кеңештерин куттуктап, вымпел, дипломдорду жана кызматкерлерге чет өлкөгө эс алууга жолдомо тапшырды. Ошондой эле мындан ары да элибиз үчүн ар дайым талыкпастан, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды.

✅Коюлган негизги эки маселени кароодо бөлүм, кызмат жана ШРИИБдин башчылары баяндама беришип, аткарылган иштер, ошону менен катар бир топ кемчиликтерге да токтолуп, аларды жоюудагы иштери каралды.

✅Ошону менен катар жалпы кылмыштулуктун, укук бузуулардын алдын алуу, синтетикалык баӊгизатка каршы күрөшүүнү, диний-экстремизмге каршы аракеттерди күчөтүү жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бир нече талаптарды койду.

✅Ал эми ыкчам кеңешменин соңунда бир катар жетекчилер өздөрүнүн кызматтык милдеттерин жеткиликтүү деңгээлде аткарбагандыктары үчүн тартиптик жазаларды алышты.

✍️Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Photos from Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы / УВД Джалал-Абадской области's post 17/01/2025

16/01/2025

Ноокен районунун аймагында өтүп жаткан профилактикалык иш-чара учурунда дагы бир кылмыштын бети ачылды.

2024-жылдын 8-ноябрь күнү Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ноокен районунун 1991-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган.
Анда ага сырттан тааныш болгон Акылбек аттуу жаран “Мерседес-Бенц 210” үлгүсүндөгү автоунааны 550000 (беш жүз элүү миң) сомго берем деп, алдын ала 100000 (жүз миң) сом акча которгузуп, автоунааны 2024-жылдын 9-ноябрь күнү алып келип берем деп ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолорду айтып бербей жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факты 2025-жылдын 14-январь күнү Ноокен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

2025-жылдын 14-январь күнү Ноокен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш аракеттеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун 1988-жылы туулган А.С. аттуу тургуну Бишкек шаарынан кармалып, Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1988-жылы туулган А.С. аттуу жаран буга чейинда бир нече жолу соттолуп, уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катарында каттоодо тургандыгы маалым болгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы.

Want your business to be the top-listed Government Service in Jalal-Abad?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Website

Address

Улица Д. Шопокова 37
Jalal-Abad

Opening Hours

Monday 09:00 - 19:00
Tuesday 09:00 - 19:00
Wednesday 09:00 - 19:00
Thursday 09:00 - 19:00
Friday 09:00 - 19:00