26/04/2025
Тилек Текебаев Улуттук тазалык күнү жана жалпы республикалык ишембиликке катышты
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана облустук мекеме-ишканалардын жамааттары Курорт аймагында уюштурулган Улуттук тазалык күнү жана жалпы республикалык ишембиликке катышты
Облус башчысы Тилек Текебаев иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулганын белгиледи.
Өкүл бул аракет жаратылышты таза сактоо, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жалпы жарандык жоопкерчиликти арттырууга арналган маанилүү иш-чара экенин айтып, жалпы катышуучуларды абаттоо жумуштарына активдүү катышууга чакырды.
Белгилей кетсек, ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы менен 2025-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин Жалал-Абад облусунда үч айлык ишембилик жарыяланган. Быйыл Улуттук “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында Сузак районунда 100 гектар, Ноокен районунда 300 гектар жерге көчөт тигилди.
14/04/2025
Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тарабынан окутуу өттү
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Бек Абдырахманов жана Сатып алуулар борборунун директору Сагынбек Кудаяров катышты.
Окутууда облус аймагындагы район, шаарлардын бюджеттик мекемелеринде сатып алуулар боюнча адистерге жана бухгалтерлерге “Сатып алуулар борбору” боюнча кенен маалыматтар берилди.
Буга чейин өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уставдык капиталындагы үлүштүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке жана алардын туунду компанияларына таандык болгон чарба жүргүзүүчү субъектилердин сатып алууларынын маалыматтык системасы иштелип чыккан.
Анын негизинде бүгүн Борборлоштурулган сатып алуунун натыйжалуулугу жана экономикалык эффективдүүлүгү, жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер, веб-портал, товарлардын аталыштарынын тизмеси, арыздарды туура берүү, өнүгүү перспективалары тууралуу айтылды.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында борбордоштурулган сатып алуулардын ролу, ар бир сатып алууда бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жана сарамжалдуулугун уюштуруу зарылдыгы белгиленди.
12/04/2025
Жалал-Абадда коомдук транспортторго жол кире тарифин жогорулатуу пландалууда
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Жалал-Абад район, шаарлар аралык багыттардын басымдуу бөлүгүн тейлеген “Манас” ААК тарабынан күйүүчү май жана унаа тетиктерине болгон баанын өсүшү, жол кире тарифин жогорулатуу муктаждыгын жаратып жатканын айтып кайрылышкан.
Анын негизинде ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы менен облус башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эрматов баштаган тиешелүү орган жетекчилеринен түзүлгөн комиссия, мониторинг жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады.
Көтөрүлгөн баа тарифине ылайык, жакынкы Базар-Коргон районуна азыркы жол кире акысы 50 сом болсо, 10 сом кошулуп, 60 сом, алыскы Токтогул районуна азыркы каттам акысы 460 сом болсо, 60 сомго көтөрүлүп, 520 сом болоору пландалган.
11/04/2025
Жалал-Абадда кыргыз-өзбек достугун бекемдеген маданий иш-чара өттү
Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында Өзбекстан Республикасынан келген “Ватандошлар” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулган маданий иш-чара өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов баштаган коомдук фонддун өкүлдөрү, маданият тармагынын жана жергиликтүү бийлик кызматкерлери катышты.
Облус башчысынын орун басары Урматбек Самаев, эки элдин өнүгүп келе жаткан ар тараптуу достук байланыштарын белгилеп, аларды мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү жаатында социалдык чөйрөнүн, өнөр адамдарынын орду чоң экенин кошумчалады.
Салтанаттуу иш-чарада кыргыз-өзбек элдеринин улуттук ыр-күүлөрү тартууланды.
10/04/2025
Жалал-Абад облустук ооруканасынын короосундагы эски имараттар буздурула баштады
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев облустук клиникалык ооруканасына барып, эскилиги жеткен имараттарды бузуу жумуштары менен таанышты.
Буга чейин Жалал-Абад облустук ооруканасына 7 кабаттуу имарат куруу планы коюлган. Ага карата Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, эскилиги жеткен имараттарды бузуу, жеке менчик клиникаларды, өз алдынча куруп алган турак-үйлөрдү оорукана аймагынан чыгаруу тапшырмасын койгон.
Облус башчысы Тилек Текебаев жергиликтүү бийлик жана оорукана жетекчилигине тийиштүү жумуштарды өз убагында жүргүзүү, коопсуздукту камсыздоо, жаңы имарат жана анын айланасын туура архитектуралык пландаштыруу зарылдыгын эскертти.
08/04/2025
Жалал-Абадда медиктерге ипотекадан үй алуунун шарттары түшүндүрүлдү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен Жалал-Абад шаарында иш алып барган медицина кызматкерлери үчүн жыйын өткөрүлдү.
Анда облустагы Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясынын кызматкерлери тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр, программага катышуу, кезектүүлүк, турак жай каржылоо багыттары тууралуу кенен маалыматтар берилди.
Ошол эле учурда, дарыгерлер компания кызматкерлеринен өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Белгилей кетсек, облус боюнча Жалал-Абад шаары, Сузак району жана Таш-Көмүр шаарында жалпы 11 миңге жакын ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүүдө. Жыл ичинде миңден ашуун батир өз ээлерине тапшырылат.
Алар үлүштүк курулуш, социалдык, жеңилдетилген жана арзан ипотекалык багыттар боюнча кезектүүлүк менен бөлүштүрүлөт.