Инновационная общеобразовательная школа им. Н.Жүндүбаевой
1976-жылы эски Калинин мектебинин базасында ХХV-партсъезд атындагы сегиз жылдык мектеп болуп уюшулган. Мектепте алгач 300гө жакын окуучу 24 мугалим эмгектенген.
1985-жылы мектептин имараты курулуп бүтүп Кара-Коо орто мектеби болуп, аталып, 1993-жылы жердешибиз акын- жазуучу Н. Жүндүбаеванын ысымы ыйгарылган.
2002-окуу жылында Н. Жүндүбаева атындагы «мектеп-гимназия» статусуна Нарын облусунда алгач
кылардан болуп ээ болгон. Андан бери билинбей 27 жылдай убакыт өтүп мектеп, уясынан миңдеген окуучуларды учурду. Алардын көпчүлүгү Республикабыздын булуң - бурчунда, жакынкы чет мамлекеттерде үзүрлүү эмгек жолун улантып келүүдө. Алардын арасында көптөгөн жогорку адистер, кызматкерлер, интелегенттер, окумуштуулар, илимдин кандидаттары, аскер кызматкерлери бар.
Мектеп гимназиянын алгачкы директору болуп Турсун Темирова, Мусаев Каналбек, Асангазиев Мурзабектер билим фундаментин түзүп кетишкен.
Мектепте Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери: Темирова Т., Асангазиев М., Базаров С. жана азыркы учурда эмгектенип жаткан Венера Турдукуловалар иштеп өз салымдарын кошуп кетишкен жана кошууда.
Азыр мектепте 1300дөн ашык окуучу билим алышууда, 50 класс комплект, окутуу эки тилде кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Мектепте 98 мугалим үзүрлүү иштеп, окуучуларга таалим тарбия берүүдө.
Мектеп эл аралык уюмдар, фонддор менен иш алып барып, мектептин окуу жана материалдык техникалык базасын чыңдоодо. Акыркы эки жылда мектепте 3 млн.
450 миң сомго инвестиция тартылган. Алар АРИС уюмунан 200 миң сомго мектептин ашканасына инвентарлар жана оборудование алынган. Ошол эле АРИСтен экинчи жолу 160 миң сомго башталгыч класстардын корпусуна кошумча жылыткыч электроконвекторлор коюлган. 350 миң сомго Кочкор айыл өкмөтү тарабынан бир от казан жаңыртылган.
Мектептин үстүн чатырлоого дем берүүчү грантка проект жазылып 1 млн. 691 миң 375 сомго үстү толук жабылган. Спонсорлор аркылуу 217 миң сомго 38 класс кабинеттин эшиктери алмашылган.
Мектеп инклюзивдик билим берүү проектисине катышып пилоттук мектеп катары 6 миң АКШ долларына ээ болу менен Япон гранты аркалуу бир кабинет толук жабдылып, туалет, пандус курулуп, 500 миң сомго 2 компьютер принтери менен, кардиотренажер, магнитик доска жана окуу куралдар алынган. Ошол эле Япон гранты аркалуу 2 -проектиси менен 229 миң сомго бир корпустун электричествосу толук оңдолгон.
Мектеп Тынчтык Корпусу менен тыгыз иш алып баруу менен Америка Кошмо Штатынан англис тилин үйрөтүүгө 5 волонтер мектепте иштеп кеткен. Алардын жардамы менен проект жазылып мектепке 69 миң 750 сомго бир компьютер, принтер, диапроектор жана кошумча англис тилиндеги окуу куралдар шкафы менен алынып окуучуларга кызмат кылууда.
Мектепте окуучуларга 36 кабинет толугу менен азыркы талапкы ылайык жабдылган.
Мектепте 17 класс гимназия болуу менен үч багытта тереңдетилип окутулат, гуманитардык, табигый-математикалык, коомдук тарыхый.
Мектепте 48 кружок иштеп аларга 500 ашык окуучу тартылган, андан тышкары клуб студияларда балдар кошумча билим тарбия алышат. Класстан тышкаркы уюшулган «Сезим» бий тобу, вокал, комузчулар ансамбли, хоровая студия, «Манас таануу» кружоктору иштейт. USAID, IREX, FTI Коомдук эл аралык уюм аркалуу уюшулган «Тынчтык» жаштар театры өзүнчө программа менен иш алып барып райондун мектептерине спектакль менен чыгууда.
Информатика, математика, англис тили боюнча Ага Хан фонду каржылаган Борбордук Азия университетинин алдындагы профессионалдык үзгүлтүксүз билим берүү мектеби биздин окуучулар менен тыгыз байланышта, кошумча өзүнчө программа менен билим алышууда. Быйылкы окуу жылында Америка посольствосу аркалуу англис тили мугалими 1 айлык стажировкага барып, билимин өркүндөтүп келүү менен социалдык абалы начар окуучуларды чогултуп, район боюнча англис тилин кошумча берүүдө.
Райондогу англис тилин окутуучу мугалимдерге семинар-тренингдерди өтүп турат.
Ошонун натыйжасында информатика, англис тили сабактарынан райондук, облустук, республикалык олимпиадаларда алдынкы орундарды камсыз кылып келебиз.
«АКСЕЛС» программасы аркылуу биздин мектептен 10дон ашык окуучу Америкадан билим алып келишкен. Биздин бүтүрүүчүлөр Кытайда, Америкада, Германияда, Россияда билим алышууда.