Нарын Жаштар Ордосу

Нарын Жаштар Ордосу

Share

Общественное Объединение "Нарын Жаштар Ордосу"

Миссия: Содействие созданию устойчивых условий для са

Работаем с 2012 года в сфере реализации молодежной политики...

Миссия: Содействие созданию устойчивых условий для саморазвития и самореализации молодежи...

Photos from Нарын Жаштар Ордосу's post 14/03/2026

🔹Нарын Жаштар Ордосу ишембиликте

🔹Нарын Жаштар Ордосунда ишембилик өткөрүлдү. 🧹🌿
🔺Ишембиликке жаштар, ыктыярчылар жана кызматкерлер активдүү катышты. Алар имараттын айланасын тазалап, таштандыларды жыйнап, аймакты иретке келтиришти. Ошондой эле бак-дарактарды сугарып, короону көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Бул иш-чаранын негизги максаты — шаардын тазалыгын сактоо жана жаштарды коомдук иштерге активдүү катышууга үндөө. Ишембилик учурунда катышуучулар биргелешип иштеп, ынтымакты жана жоопкерчиликти көрсөтүштү. 🤝
🔺Мындай иш-чаралар шаарды таза кармоого гана эмес, жаштардын биримдигин чыңдоого да чоң салым кошот.

08/03/2026

Урматтуу айымдар!

8-Март — Эл аралык айымдардын майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана алдыга койгон максаттарыңыздардын ишке ашышын каалайбыз. Ар дайым коомубузга дем берип, жашоону көрктөндүрүп жүрө бериңиздер.

Терең урматтоо менен,
“Нарын Жаштар Ордосу” коомдук бирикмеси жана
Нарын облустук жаштар кеңеши.

Photos from Нарын Жаштар Ордосу's post 08/02/2026

🔹2026-жылдын 5-февраль күнү “Нарын Жаштар Ордосу” коомдук бирикмесинин алдындагы “Биздин Тилек” жаштар кайрымдуулук фондунун демилгеси менен кайрымдуулук иш чарасы уюштурулду.
🔺Кайрымдуулук иш чаранын алкагында Нарын шаарында жашаган аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө азык-түлүк жардамдары жана акчалай (30 000 сом) жардамдар көрсөтүлдү. 🔺Кайрымдуулукка жумшалган акча булагы Нарын Жаштар Ордосундагы “Биздин Тилек” кинотеатрдан түшкөн каражаттан каржыланды.

Photos from Нарын Жаштар Ордосу's post 31/01/2026

😱😱😱30 жылда мындай долбоор болгон эмес😍😍😍!
🔹30-январь күнү Нарын шаарында 14–18 жаштагы эркек окуучулар үчүн уникалдуу “Мырзалар мектеби” долбоору өз ишин баштады.
🔺Бул демилге “Нарын Жаштар Ордосу” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып, келечектин тарбиялуу, жоопкерчиликтүү, аң-сезимдүү мырзаларын тарбиялоону максат кылат.
🔺Бул — жөн гана долбоор эмес, бул — келечекке салынган инвестиция! #жаштар #мырзалар #билим

24/01/2026

Англияга сезондуу жумуштарга барууну каалаган тургундарга коопсуз жолдору боюнча маалыматтык иш чара 26-январда саат 15.00 дө Нарын жаштар ордосунда өткөрүлөт. Шылуундарга алданып калбаш үчүн бул окууга катышууңуз абдан маанилүү.

Байланыш тел. 0701731010

Photos from Нарын Жаштар Ордосу's post 12/11/2025

🔹️"Алтын муун" жумалыгынын алкагында акысыз кино-саат уюштурулду.

🔹️Аталган иш-чара Нарын Жаштар Ордосунун жыйындар залында өтүп, жаштар күнү менен куттуктоо сөздөрү айтылырэп, тарбиялык маанидеги кыргыз тасмасы акысыз көрсөтүлдү.

🔹️Алдыда дагы жумалыктын алкагында спорттук иш-чара, окутуулар жана жаштар форуму өтмөкчү.

#нарын
#нарынжаштарордосу

Photos from Нарын Жаштар Ордосу's post 12/11/2025

Youth night 🎊

10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата өткөрүлүп жаткан жумалыктын алкагында кезектеги Youth night аталышындагы иш-чара өттү.

Иш-чара Нарын Жаштар Ордосунда өтүп, ага мектеп парламенттеринин өкүлдөрү, активист студенттер катышты. Анда эркин баарлашуу, чакан интеллектуалдык оюн өткөрүлүп, суроо-жооптор менен коштолду.

Иш-чара "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

kg

#нарын
#жаштар

Photos from Нарын Жаштар Ордосу's post 07/11/2025

6-ноябрь күнү "Жаштар сүйлөйт" интеллектуалдык-таанып-билүү оюну уюштурулду.

🔹️Иш-чара Нарын Жаштар Ордосунда өтүп, аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын мамлекеттик университетинин, Нарын Жаштар Ордосунун өкүлдөрү жана жаштар катышты.

🔹️Иш-чара жаштардын шайлоо жана алдыда КР ЖКнын депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду.

Иш-чара "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

kg

Photos from Нарын Жаштар Ордосу's post 06/10/2025

▫️“Нарын Жаштар Ордосу” коомдук бирикмесинин жана Нарын облустук жаштар кеңешинин төрагасы “Узнай Россию” аттуу жаштар форумунда катышууда.

▫️Форумдун алкагында: жаңы тажыйбалар, кызматташуулар жана жаштар, ыктыярчылар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү мерчемделүүдөө.

gov

05/10/2025

Урматтуу мугалимдер, устаттар!

Сиздерди мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!🎊

▫️Мугалим — бул коомдун тиреги, өсүп келе жаткан муундун багытын аныктап берген, адамдык асыл сапаттарды сиңирип, акыл-эс, тарбия, билим менен куралдандырган улуу кесиптин ээси. Сиздердин өбөк-жөлөк, сабырдуу жана тынымсыз эмгегиңиздердин аркасында элибиздин эртеңки келечеги жаралып жатат.

▫️Бүгүнкү коомдо жаштардын билимдүү, ой жүгүртүүсү кең, адеп-ахлакка бай болушунда мугалимдердин ролу эбегейсиз зор. Биз жаштар ар дайым сиздердин артынан ээрчип, үлгү алып келебиз. Ар бир ийгиликтүү инсан — бул мугалимдин үзүрлүү эмгегинин жемиши экенин унутпайбыз.

Жашообуздун жарык шамы болгон эмгегиңиздер ар дайым бааланып, урмат-сыйдын, ардактоонун үстүндө болуңуздар✨️

Сиздерди урматтап,
Нарын Жаштар Ордосунун жамааты

22/09/2025

Урматтуу Нарын шаарынын аксакалдары! Кадырман аталар жана Акылман апалар!

Сиздерди жаңы түзүлүп жаткан "Аксакалдар ынтымагы" клубуна мүчө болууга чакырабыз!

Курдаштарыңыз менен бирге жумасына 2 жолудан "Аксакалдар ынтымагы" клубунун кызыктуу талкууларына катышып, турмуштук тажрыйбаларыңыз менен бөлүшүп, биргелешип маданий иш чараларды уюштуруп турасыздар.

"Аксакалдар ынтымагы" клубу КР социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен "Нарын Жаштар Ордосу" коомдук бирикмеси тарабынан иш ашырылат.

Ордун чектелүү.

Катталуу жана кененирээк маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефонго байланышсаңыз болот:

📞 Телефон:0704614246
📍 Дарек: Нарын ш. Ленин көч. №76/2 “Нарын Жаштар Ордосу”

19/09/2025

-🎤 DEBATE & TALKING CLUB 🎤
📍г.Нарын,Дом молодежи
🗓️ Каждые две недели, в субботу, 13:00 – 16:00

🔥 Почему стоит прийти?
Здесь ты раскроешь лидерские качества, прокачаешь английский и найдёшь новых друзей!

✨ Что ты получишь:
•Свободное общение на английском
•Уверенность в публичных выступлениях
•Новые знакомства и полезные связи

👥 Для кого?
Для студентов, школьников и всех, кто хочет развиваться и общаться свободно!

Программа
•13:00-13:16-знакомство
•13:15-14:45-Дебаты
•14:45-15:05-Coffee Break
•15:05-16:00-Talking club

❗️Ограничение по возрасту: 14-18 лет.

Номер телефона:(+996) 777 192 254

📲 Подписывайся на нас:
👉 Instagram .life

Want your business to be the top-listed Government Service in Naryn?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Website

Address


Улица Ленина 76
Naryn
722900

Opening Hours

Monday 08:30 - 20:00
Tuesday 08:30 - 20:00
Wednesday 08:30 - 20:00
Thursday 08:30 - 20:00
Friday 08:30 - 20:00
Saturday 08:30 - 20:00