Урматтуу кичинекей достор, сүйүктүү окурмандар!Нарын облустук С Орозбаков атындагы китепканасынын балдар окуу залында уюштурулган "Китептерге эс алуу жок" жайкы китеп окуу лагерине китептердин керемет дүйнөсүнө чакырабыз!!!!
Иштөө убактысы:
10-00дөн 16-00гө чейин
түшкү тыныгуу 12-00дөн 13-00гө чейин
#балдар
#китеп
#лагерь
Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкана
Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкана, Ленина 33, Naryn.
04/06/2026
Ардагерлердин эмгеги - келечек муун үчүн өчпөс мурас"
27-май Кыргыз Республикасында Китепканачылар күнүнө карата ардагерлерге арналган онлайн маалыматтар биздин Narynlib.kg сайтына жүктөлүп турмакчы. Биздин сайттан маалымат алыңыздар. Кезектеги маалымат Эркин Акмалиева эженин 80 жылдыгына арналат.
https://narynlib.kg/ky/blog/ardagerlerdin-emgegi-kelechek-chn-chps-muras-erkin-akmatalieva-80-zhash
"Ардагерлердин эмгеги - келечек үчүн өчпөс мурас" Эркин Акматалиева 80 жаш "Ардагерлердин эмгеги - келечек үчүн өчпөс мурас" Эркин Акматалиева 80 жаш
Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкананын ардагери, Маданияттын мыкты кызматкери, Нарын шаарынын ардактуу атуулу Эркин Акматалиева 80 жашка толду.
Китепкананын Манас таануу жана маалымат берүү бөлүмү тарабынан ай сайын чыгуучу "МААРАКЕ ЭЭЛЕРИ" рубрикасынын алдында эженин өрнөктүү өмүр жолу, эмгектеги жетишкендиктери тууралуу окурмандарга онлайн баяндаманы сунуштайбыз.
Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасынын Манас таануу жана маалымат берүү бөлүмү тарабынан ай сайын чыгуучу "МААРАКЕ ЭЭЛЕРИ"рубрикасынын алдында Советтик жана Кыргызстандык публицист-жазуучу, адабият изилдөөчү, педагог-окумуштуу, профессор, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер Советбек Байгазиевдин 80 жылдыгына карата чыгармачылык ишмердуулугу, омур жолу тууралуу " Адабияттын алпы-С Байгазиев" аталышындагы онлайн баяндаманы окурмандарга сунуштпайбыз.
02/06/2026
🎊СҮЙҮКТҮҮ КИЧИНЕКЕЙ ОКУРМАНДАР ЖАНА УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР! 👋
Жайкы эс алууну кызыктуу гана эмес, пайдалуу дагы өткөрүүнү каалайсызбы? Анда биз сиздерди Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасына чакырабыз!
Биздин "КИТЕП ОКУП ЭС АЛУУ - КЫЗЫКТУУ ДА, ПАЙДАЛУУ" аттуу жайкы лагерибиз эшигин ачат! 🎉
Лагерде балдарды эмнелер күтөт:
📖 Сыйкырдуу китеп дүйнөсү: Жаңы жомоктор, дүйнөлүк жана кыргыз адабиятынын мыкты чыгармалары менен таанышуу.
🎲 Көңүлдүү оюндар жана конкурстар: Интеллектуалдык викториналар, спорттук жана логикалык оюндар.
🎨 Чыгармачылык сааттар: Сүрөт тартуу, ар кандай кол өнөрчүлүк сааттары, фантазияны өстүрүү.
🎬 Кызыктуу кинолор жана мультфильмдер: Балдар үчүн атайын тандалган тасмаларды көрүү.
🤝 Жаңы достор: Биргеликте баарлашуу, ойноп, эс алуу жана унутулгус көз ирмемдерди бөлүшүү.
🗓Убактысы: 10:00-16:00
Түшкү тыныгуу: 12:00-13:00
Дүйшөмбү-Жума
📍 Дареги: Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасы, Тоголок Молдо көчөсү 15, Нарын райондук маданият борборунун имараты.
📞 Байланыш номери: 0709 66 51 55
Жайды китепканада өткөрөлү!
Биз сиздерди күтөбүз! 💛
#КитепканаЛагери #ЖайкыЛагерь #НарынЛагери #КитепОку #ПайдалууЭсАлуу #БалдарЛагери
02.06.26 Бүгүн Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасында Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романы боюнча китеп талкуусу өткөрүлдү.
Иш-чарага Нарын педагогикалык колледжинин студенттери, маданият кызматкерлери жана китеп сүйүүчүлөр катышышты. Талкуунун жүрүшүндө китепкананын активдүү окурмандары Азамат Мамбетов жана НПК тарых мугалими Гүлжан Эсеналиева роман тууралуу кеңири ой бөлүшүп, чыгарманын тарыхый жана көркөм маанисине токтолушту. Талкуу учурунда катышуучулар суроолорду берип, чыгарма боюнча өз ойлору, пикирлери жана таасирлери менен бөлүшүштү. Иш – чаранын жүрушундө жазуучунун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу даярдалган видео-слайд көрсөтүлүп, анын кыргыз адабиятына кошкон зор салымы жөнүндө маалымат берилди. Талкуу абдан кызыктуу жана мазмундуу өттү. Мындай жолугушуулар жаштарды китеп окууга, тарыхты терең түшүнүүгө жана өз оюн эркин айтууга шыктандырат.
📚🎉 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Бактылуу балалык – жаркын келечек” фестивалы өттү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен уюштурулган “Бактылуу балалык – жаркын келечек” аттуу майрамдык фестивалда Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасы өзүнүн ишмердүүлүгүн кеңири тааныштырып, балдар үчүн кызыктуу жана мазмундуу аянтчаларды уюштурду.
Фестивалдын алкагында китепкана кызматкерлери жаш окурмандар үчүн китеп көргөзмөлөрүн уюштуруп, балдардын китепке болгон кызыгуусун арттырууга багытталган иш-чараларды өткөрүштү. Ошондой эле чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүүгө өбөлгө түзгөн түрдүү мастер-класстар, оюндар жана маданий программалар сунушталды.
✨ Майрамдык программанын алкагында:
📚 Кызыктуу китеп көргөзмөлөр жана концерттик программа;
🎭 Көркөм бөлүк: “Уңгу жол – урпактарга мурас” жана “Манасым менин мурасым” аттуу чыгармалардын мектепке чейинки уюмдардын тарбиялануучулары тарабынан аткарышты;
🎨 Мастер-класстар: бисер менен иштөө, түстүү кагаздардан кол өнөрчүлүк жасоо жана кызыктуу стол үстүндөгү оюндар өткөрүлдү;
🍿 Балдар үчүн таттуу фуршет уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды.
Бул иш-чара балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга жана алардын бактылуу балалыгын камсыздоого багытталган жаркын майрам болду.
🌞 Балдар – өлкөбүздүн келечеги. Алардын жаркын келечеги үчүн түзүлгөн мындай майрамдык иш-чаралар өсүп келе жаткан муундун руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө чоң салым кошот.
Click here to claim your Sponsored Listing.
Location
Contact the business
Website
Address
Ленина 33
Naryn
722600
Opening Hours
| Monday | 09:00 - 17:00 |
| Tuesday | 09:00 - 17:00 |
| Wednesday | 09:00 - 17:00 |
| Thursday | 09:00 - 17:00 |
| Friday | 09:00 - 17:00 |
