11/04/2026
Кезектеги ишембилик өткөрүлдү✅
📌 “Ошжылуулукэнерго” ишканасынын эмгек жамааты бүгүн Абдыкадыров жана Бекбалаев көчөсүндөгү ирригациялык арыктарды тазалап, бак-дарактарды актоо иштерин аткарышты
#ош
19/03/2026
‼️ Ошто жылуулук берүү токтотулат
Ош шаарында 23-марттан тарта жылуулук берүү токтотулуп, 2025-2026-жылдардагы жылытуу мезгили аяктайт.
Тиешелүү буйрукка шаар мэри Жанарбек Акаев кол койду.
Белгилесек, жылуулук абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан жогору болгон учурда өчүрүлөт.
17/03/2026
🔔👏Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.
Шаар мэри Жанарбек Акаев коммуналдык чарба кызматкерлерин куттуктап, шаардын өнүгүүсүндө ар бир ишкананын салымы зор экенин белгиледи.
📌 Белгилесек, майрамга карата “Ошжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын төмөнкү кызматкерлери шаардык мэриянын ардак грамотасы менен сыйланды:
Замирбек Жакупов
Мамасадык Исаков
Сыргабек Абдирайимов
Шаардык кеңештин ардак грамотасына төмөнкү кызматкерлер татыды:
Азим Юлдашев
Садык Кайыпов
Максат Өмүркулов
Ишкананын күзөтчүсү Эшмурза Абдираимовго “Мамакеев санаториясына” эс алууга жолдомо берилди.
Ал эми электрик кызматын аркалап келе жаткан Махамат Рузиев менен слесарь Эмилжан Сыдыковго “Ташкент шаарына” эс алууга жолдомо сертификаты ыйгарылды.
10/03/2026
Кулактандыруу❗️ Акция жарыяладык👇
“Ошжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасы өз абоненттери үчүн акция жарыялады. Ага ылайык, керектөөчүлөр 2026-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин негизги карызын толук төлөгөн учурда, туум акчасы жоюлат.
Аталган мекеме ар бир төлөм текшерилип, эсептелген туум автоматтык түрдө кыскартыларын кошумчалады.
Белгилесек, бул акцияга бардык категориядагы абоненттер катыша алышат.