Төлөйкөн айыл өкмөтү

Төлөйкөн айыл өкмөтү

Share

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Кара-Суу району
Төлөйкөн айыл өкмөтү

Photos from Төлөйкөн айыл өкмөтү's post 02/11/2023

Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Жапалак айылында 75 орундуу 2кабаттуу "Акылтай" аталышындагы балдар бакчасы курулуп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Бала-бакчанын курулуш иштери 2022-жылы башталып, акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Photos from Центр ГЧП Кыргызской Республики's post 29/09/2023
Photos from Төлөйкөн айыл өкмөтү's post 29/09/2023

Төлөйкөн айыл өкмөтүндө ишке ашырылып жаткан "бала бакча куруу жана башкаруу" долбоору "ЖЫЛДЫН АЙМАКТЫК ДОЛБООРУ" аталды.

Photos from Төлөйкөн айыл өкмөтү's post 26/08/2023

Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагында ишембилик өтүп жатат.

Photos from Төлөйкөн айыл өкмөтү's post 22/08/2023

Жол четтерин иретке келтирүү иштери жүрүүдө

Төлөйкөн айылы

Photos from Төлөйкөн айыл өкмөтү's post 22/08/2023

АРИСтин түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына карата
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана бала- бакча, мектеп мугалимдеринин арасында волейбол оюну уюштурулуп, жеңүүчүлөргө АРИС уюмунун жетекчилиги тарабынан 1-орунга кубог жана акчалай белектер тапшырылды.

Уюштурган АРИС уюмунун жетекчилигине жана жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз.

Photos from Төлөйкөн айыл өкмөтү's post 21/08/2023

Ар жуманын ишемби күндөрү Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар тарабынан 31-август " "Эгемендүүлүк" күнүнө карата Ош шаарында өтүлүүчү иш-чарага даярдыктарды көрүү, жолдорду таштандылардан арылтуу максатында айыл аймактарда жогорку деңгээлде ишембилик өткөрүлүп жатат.

21/08/2023

КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

Урматтуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын тургундары!

Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн салык инспекторлору эскертет!

2023-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

1.транспорт каражатына салык;

2.турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);

3.үй жанындагы, бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Салыктарды Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 1-кабатындагы 8-кабинеттен жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары жана башкалардан да төлөсөңүздөр болот.

Салык төлөө учурунда тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл. Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган район, ээсинин ИННи, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы

турак жай жана үй жанындагы жер участоктун салыгы үчүн – мүлк жайгашкан район, аймак, ээсинин ИННи жана салыктын суммасы көрсөтүлөт.

Photos from Төлөйкөн айыл өкмөтү's post 21/08/2023

Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Дыйкан-Кыштак айылындагы Х.Салиев көчөсүнө жалпы 680м жолго жергиликтүү жашоочулардын демилгеси менен асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү.

Photos from Төлөйкөн айыл өкмөтү's post 19/08/2023

Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылындагы Чопошев жана Мектеп көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери аягына чыгарылды.
Белгилей кетсек: жалпы 650м жолду асфальттоого акча каражаты Стим гранттан бөлүнгөн.

Photos from Төлөйкөн айыл өкмөтү's post 12/08/2023

Бүгүн Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Озгур айылында жаңы курулган "Ак-Буура" футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземге Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.А.Токсонбаев, Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Турдиев, айылдык кеңештин депутаттары жана Озгур айылынын тургундары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө С.А.Токсонбаев жалпы Озгур айылынын элин, өзгөчө жаштарды футбол аянтчанын ачылышы менен куттуктап, дүйнөнү багындырган спорт чеберлери чыгуусуна тилектештигин билдирип, мындан ары дагы жаңы ачылыштар, ийгиликтер болуп, Озгур айылы чоң өзгөрүүгө жетишүүсүн каалады.
Ошондой эле ушул Ак-Буура футбол аянтчасынын бүтүшүнө чоң салым кошкон төмөндөгү атуулдар Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланды.
1.Омурзаков Сапарбек
2.Турдиев Сайдилла
3.Маматкадиров Эрланбек
4.Омурзаков Акыл
5.Батыров Чоро
6.Алимжан уулу Санжар
7.Мадимаров Курустанбек
8.Мамедов Медет
9.Абдувапов Азамат

Белгилей кетсек: Футбол аянтча Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн колдоосу жана Озгур айылынын жалпы жашоочуларынын салымы менен ишке ашырылды.

Бүгүнкү иш-чараны уюштурган Озгур айылынын айыл башчысы А.Жоробаевге ыраазычылык билдиребиз.

Жалпы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты Озгур айылынын жашоочуларын футбол аянтчанын ачылышы менен куттуктап, ийгиликтерди жана өнүгүү каалайбыз!

Want your business to be the top-listed Government Service in Osh?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Osh

Telephone

Website

Address


Ош
Osh
723509

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30