📚Сулайман-Тоо УТАМКсынын китепканасы
Сулайман-Тоо УТАМКсынын китепканасы - тарых, археология, этнография жана маданий мурастар боюнча баалуу маалыматтарды сактаган илимий-маалымат борбору.
Китепкана фондунда китептер, илимий басылмалар, каталогдор жана музей ишмердүүлүгүнө байланышкан материалдар топтолгон.
Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси
Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кыргызстандан кирген эң биринчи эстелик
Музей өзүнүн өнүгүү тарыхында бир нече жолу наамы өзгөргөн.
1949-1978-жылдары Ош облустук аймак таануу музейи.
1978-1982-жылдарда Ош облустук тарыхый-маданий музейи.
1982-2004-жылдарда Оштогу бириккен тарыхый-маданий музей коругу.
2004-жылдын 10-апрелинен баштап «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси деп аталат.
2009-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине ка
АКШнын негиздөөчүлөрүнө арналган көргөзмө ийгиликтүү өттү
«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде АКШнын негиздөөчүлөрүнө арналган атайын көргөзмө өткөрүлдү. Көргөзмө АКШнын тарыхы, көз карандысыздык идеялары жана мамлекеттин калыптануу жолун чагылдырган материалдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди.
СУЛАЙМАН-ТООДОГУ КӨРҮСТӨНДӨРДҮ
ИРЕТКЕ КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ УЛАНУУДА
“Сулайман-Тоо” музей-комплексинин корук аймагындагы көрүстөндөрдүн абалын жакшыртуу максатында тиешелүү мекемелер тарабынан биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында Сулайман-Тоодогу көрүстөндөрдүн экологиялык абалын жакшыртуу, өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана зыяратчылар үчүн шарт түзүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыкты.
Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан тиешелүү фатва чыгарылып, темир тосмолорду алардын ээлеринин макулдугу менен алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ушуга байланыштуу, Сулайман-Тоодо жайгашкан мүрзөлөрдүн жакын туугандарына 2026-жылдын 7-июнуна чейин темир тосмолорду алууга макулдук берүү өтүнүчү айтылат.
Маалымат үчүн: Сулайман-Тоонун түштүк тарабындагы көрүстөндөргө 1978-жылдан тартып сөөк коюуга тыюу салынган.
VII Эл аралык «Салам Ош – 2026» туристтик фестивалы 2026-жылдын 21-майында расмий түрдө старт алды. Беш-Мерген жайлоосунун кооз аймагында өтүп жатат.
Иш-чарага «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси да активдүү катышып, фестиваль жогорку деңгээлде уюштурулду.
СУЛАЙМАН-ТООДО ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
18-май Эл аралык музейлер күнүнө карата "Сулайман-Тоо" УТАМКсында майрамдык салтанат ийгиликтүү өттү.
Иш чарага Казакстан Республикасынын Түркстан аймагындагы Ходжи Ахмет Ясави музей күмбөзүнөн жана Өзбекстан Республикасынын музейлеринен келген ардактуу коноктор, Казакстандын Ош шаарындагы башкы консулу М.Карибай, Орусия кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы төрагасынын орун басары, Ош шаарындагы Орус үйүнүн жетекчиси Д.Аврам, Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулдугунун өкүлдөрү жана шаар коомчулугу катышты.
Иш чара «Музейлер бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик» деген аталышта өттү.
Программада: расмий ачылыш аземи, коноктор үчүн акысыз кирүү жана атайын экскурсиялык программалар, тарыхый инсандардын образдарын чагылдырган «Экспонаттар сүйлөйт» театралдаштырылган көргөзмөсү, экологиялык маданиятты көтөрүүгө багытталган «Плоггинг» чуркоо акциясы, улуттук кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси, сайма саюу, курак токуу боюнча интерактивдүү мастер-класстар, ордо, тогуз коргоол, топ таш сыяктуу улуттук интеллектуалдык жана спорт оюндары өткөрүлдү.
🏛️✨ **СУЛАЙМАН-ТООДО ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ ӨЗГӨЧӨ БЕЛГИЛЕНИП ЖАТАТ**
**ОШ ШААРЫ.** 2026-жылдын 18-майында Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде Эл аралык музейлер күнү салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. Иш-чара **«Музейлер — бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик»** деген ураан алдында өтүүдө.
Бул маданий иш-чаранын негизги максаты — улуттук баалуулуктарды, байыркы каада-салттарды жана тарыхый-маданий мурастарды коомчулукка, өзгөчө өсүп келе жаткан жаш муунга кеңири таанытуу болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында **«Сулайман-Тоо — балдардын көз карашы менен»** аттуу сүрөт конкурсу уюштурулуп, ага ОшТУнун студенттери активдүү катышышты. Катышуучулар өз эмгектеринде Сулайман-Тоонун тарыхый өзгөчөлүгүн, кооз жаратылышын жана руханий маанисин чагылдырууга аракет кылышты.
Ошондой эле коноктор үчүн музейге акысыз кирүү, атайын экскурсиялык программалар, таанып-билүү иш-чаралары жана маданий көрсөтүүлөр уюштурулуп жатат.
✨ Эл аралык музейлер күнү — бул тарых менен маданиятты даңазалоо гана эмес, муундарды байланыштырган жана руханий баалуулуктарды бекемдеген өзгөчө күн болуп саналат.
Эл аралык музейлер күнүнө карата уюштурулган “Сулайман-Тоо” балдардын көз карашы менен” аттуу сүрөт сынагы ийгиликтүү өттү.
📌 Студенттер Сулайман-Тоонун тарыхый маанисин, кооз жаратылышын жана руханий баалуулуктарын сүрөттөр аркылуу чагылдырышты.
Катышуучулардын эмгектеринен мекенге болгон сүйүү, улуттук мураска болгон урмат-сый жана чыгармачылык өзгөчө байкалды.
Эл аралык музейлер күнү Сулайман-Тоодо шаңдуу өтүүдө!
Коноктор үчүн маданий иш-чаралар, көргөзмөлөр жана сүрөт тартуу сынактары уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланууда.
Саат 16:00дө иш-чаранын расмий ачылышы болот. Баарыңыздарды башкы музейде күтөбүз.
Сулайман-Тоо УТАМКсында 18-май - Музейлер күнү спортчулар менен башталды.
Ош шаардык спорт комитети менен биргеликте Сулайман-Тоодо “Плоггинг” иш-чарасы өткөрүлдү. Жаш спортчулар чуркоо менен бирге айлана-чөйрөнү тазалап, таштандыларды чогултушту.
Мындай иш-чаралар сергек жашоону даңазалап, экологияны коргоого чоң салым кошот.
Тазалык- ар бирибиздин жоопкерчилигибиз!
18-май - Эл аралык музейлер күнүнө карата “Музейлер бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик” аттуу өзгөчө маданий иш-чара өтөт.
Программада:
- театралдаштырылган көргөзмө
- улуттук оюндар
- кол өнөрчүлөр жарманкеси
- мастер-класстар
- акысыз экскурсиялар
📍 Дареги: Ош шаары, Г. Айтиев көчөсү, 26
❗️Кирүү акысыз
Тарых менен маданият айкалышкан руханий кечеде жолугалы!
Click here to claim your Sponsored Listing.
Location
Contact the business
Telephone
Website
Address
Курманжан Датка б/н
Osh
714000
Opening Hours
| Monday | 09:00 - 17:00 |
| Tuesday | 09:00 - 17:00 |
| Wednesday | 09:00 - 17:00 |
| Thursday | 09:00 - 17:00 |
| Friday | 09:00 - 17:00 |
| Saturday | 09:00 - 17:00 |
| Sunday | 09:00 - 17:00 |
