Баткенское региональное управление экологии и технического надзора КР

Баткенское региональное управление экологии и технического надзора КР

Share

КР Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Баткен регионалдык башкармалыгы

16/05/2026

Жаратылышка чыгып эс алгандарга көзөмөл күчөтүлдү.

#Баткенэкология #Жаратылыштысактайлы #Экологдордункөзөмөлүндө

Photos from Баткенское региональное управление экологии и технического надзора КР's post 12/05/2026

Жашыл мурас — келечекке салым

ЖРЭТКМнин Баткен регионалдык башкармалыгы «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында - Баткен районуна караштуу Рават айылына жана Баткен шаарындагы “Жаңы Достук” айылына 300 түп ийне жалбырактуу “Можжевельник” көчөттөрү отургузулду . Баткен аймагында жашылдандыруу иштери уланууда. Билим берүү мекемелери менен айыл аймактарга арча көчөттөрү жеткирилип, аймакты жашылдандырууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана келечек муун үчүн таза айлана-чөйрөнү түзүүгө багытталууда. Кадамжай районундагы ,,Орозбеков" айыл аймагына да арча көчөттөрү отургузулуп, жалпысынан 1000ден
ашык арча көчөттөрү тигилди.
«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү — бул келечек муунга калтырылган мурас. Ар бир көчөт — табият менен болгон жоопкерчиликтин белгиси. Табиятка кам көрүү — келечекке кам көрүү.

#ЖашылМурас #ЖашылКелечек #Экология #Баткен #ТабияттыСактайлы

05/05/2026

Мои публикации получили больше 100 реакций за последнюю неделю! Спасибо вам всем за поддержку! 🎉

Photos from Баткенское региональное управление экологии и технического надзора КР's post 28/04/2026

Санарип кадам: ЖРЭТКМнин төлөмдөр системасы эми МБанкта жеткиликтүү

ЖРЭТКМ системасы - МБанкта! Экологиялык төлөмдөр — эми онлайн жана ыңгайлуу.
ЖРЭТКМги боюнча маалыматтар MБank тиркемесинде жеткиликтүү болду. Тагыраагы - жарандар үчүн экологиялык төлөмдөрдү жүргүзүү жана кызматтарды алуу мурдагыдан да жеңил болду. Эми сиз:
— Төлөмдөрдү онлайн жүргүзө аласыз,
— Убакытты үнөмдөйсүз,
— Кызматтарды тез жана ыңгайлуу аласыз.
Экологиялык төлөмдөрдү жана тиешелүү кызматтарды үйдөн чыкпай эле, онлайн түрдө жүргүзө аласыз.
Бул:
— Убакытты үнөмдөйт,
— Кызмат алууну жеңилдетет,
— Ачык-айкындуулукту камсыз кылат
Ыкчам төлөмдөр: Экологиялык жыйымдарды, айып пулдарды же кызмат акыларын банкка барбай эле, телефон аркылуу төлөө.
Ачыктык: Бардык транзакциялар жана кызматтар системада так көрүнүп, коррупциялык тобокелдиктерди азайтат. Экологиялык аң-сезимди жогорулатуу — ар бирибиздин жеке
милдетибиз!

Ыкчам ✔ Жөнөкөй ✔ #МПРЭТН #БаткенЭкология #Кыргызстан

Photos from Баткенское региональное управление экологии и технического надзора КР's post 27/04/2026

Табиятка зыян-жазасыз калбайт: Социалдык тармак аркылуу аныкталган мыйзамсыз балык уулоо фактысы.

Экологдор – белгисиз жаран жарыялаган соцтармактагы материалдын негизинде мыйзам бузуу фактысын аныкташты. Баткен районуна караштуу Төрт - Гүл айыл аймагындагы, Ак турпак айылынын М.А.С. аттуу жараны өзүнүн жеке Instagram баракчасына кармаган балыктарын сүрөтү менен жарыялаган. Аталган факт боюнча Баткен регионалдык башкармалыгынын аңчы - адистери тарабынан Instagram баракчаларына жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында текшерүү жүргүзүлүп, жаран аныкталып кармалды. Натыйжада Баткен районуна караштуу Төрт – Гүл айыл аймагынын Кожоашкан дарыясынан мыйзамсыз эч кандай тийешелүү уруксат кагазы жок М.А.С. аттуу жаран 38 ( отуз сегиз) баш балык кармагандыгы аныкталган. КРнын “Укук бузуулар жөнүндөгү” кодексинин №266-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык 1000 сом өлчөмүндө админстративдик айып пул салынып, КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3- майындагы №224 токтому менен бекитилген КРнын юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө таксасына ылайык 19190 сом доо (иск) коюлду.
Экологдор жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого жана мыйзамсыз аракеттерди социалдык тармактарга жарыялоодон алыс болууга чакырат.
#Баткенэкология #Мыйзамсызбалыкуулоогоманиторингжүргүзүү #

Photos from Баткенское региональное управление экологии и технического надзора КР's post 24/04/2026

Акыл Токтобаев ЭЭТ-2026 саммитинде: «Тоо күн тартиби — аймактык коопсуздуктун пайдубалы»

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Астанада өткөн Регионалдык экологиялык саммиттин алкагындагы «Тоолор жана климаттын өзгөрүшү: аялуулуктан туруктуу өнүгүүгө карай» аттуу жогорку деңгээлдеги негизги сессияда сүйлөдү.

Катышуучуларга кайрылып жатып, Министр Кыргызстан үчүн бийик тоолуу мамлекет катары климаттын өзгөрүшү абстракттуу тема эмес, калктын бакубаттуулугуна жана бүтүндөй Борбор Азиянын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этүүчү реалдуу көйгөй экенин баса белгиледи. Ал бүгүнкү күндө аймак маанилүү чекке — декларациялардан практикалык инвестицияларга жана реалдуу жыйынтыктарга өтүү мезгилине келгенин белгиледи.

Өз сөзүндө Акыл Токтобаев аймактын «суу мунаралары» болгон мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын коргоого өзгөчө көңүл бурду. Министр кесиптештерин биргелешкен эксперттик жумушчу топторду түзүүгө жана климаттык чакырыктарды өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө айланта турган масштабдуу аймактык долбоорлорду ишке ашырууга чакырды. Баяндаманын өзөктүү бөлүгү катары делегацияларды 2027-жылы өтө турган *«Бишкек+25» экинчи Глобалдык тоо саммитине жигердүү катышууга чакыруусу болду.

Министр Акыл Токтобаев өз сөзүндө:
«Биз үчүн тоо экосистемаларын коргоо — бул улуттук гана эмес, аймактык коопсуздук маселеси, анткени тоолордун туруктуулугу бүтүндөй Борбор Азия мейкиндигинин бакубаттуулугу менен түздөн-түз байланыштуу. Бүгүнкү күндө биздин аймактын климаттык лидерлиги практикалык келишимдерде жана макулдашылган мамилелерде чагылдырылышы керек. Кыргыз Республикасы кызматташууга ачык жана биздин биргелешкен демилгелерибиз Борбор Азиянын үнү КС31 саммитине карай жолдо ишенимдүү, мазмундуу жана ырааттуу угулушу үчүн бекем негиз болоруна ишенем».

Маалымат үчүн: «Тоолор жана климаттын өзгөрүшү» сессиясы Астанадагы саммиттин борбордук аянтчаларынын бири болуп, аймактын бирдиктүү климаттык позициясын калыптандыруу үчүн Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын делегацияларын бириктирди.

#РЭС2026 #АкылТоктобаев #МинприродыКР #Кыргызстан #ТооКүнТартиби #Бишкек25 #Климат #Астана #КС31 #Мөңгүлөр

***********

24/04/2026
Photos from Министерство природных ресурсов, экологии и технического надзора КР's post 24/04/2026
"Мөңгүлөр 16% кыскарды, сел жана ташкын үч эсе көбөйдү". Аймактын экологиясын талкуулаган Астана саммити 24/04/2026

"Мөңгүлөр 16% кыскарды, сел жана ташкын үч эсе көбөйдү". Аймактын экологиясын талкуулаган Астана саммити Казакстандын борбору Астана шаарында Борбор Азиядагы климат жана экология маселелери боюнча кызматташтыкты бекемдөөнү көздөгөн аймактык экологиялык саммит өтү....

Want your business to be the top-listed Government Service in Sarykamysh?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Website

Address


Sarykamysh