Кыргызский Национальный Комплекс "Манас Ордо"

Кыргызский Национальный Комплекс "Манас Ордо"

Share

Официальная страница Кыргызского национального комплекса "Манас Ордо". Здесь Вы можете узнать все новости происходящее в комплексе.

Photos from Кыргызский Национальный Комплекс "Манас Ордо"'s post 26/07/2016

Добрый день, страна!

Сегодня нас ждут - великие дела, ведь каждое наше движение создает настроение и задает ритм жизни. Всем удачного дня и по больше успехов во всех начинаниях!

И немного интересных новостей.

Прочитав о кыргызах в Интернете, Джеки Чан посоветовал актеру, играющего роль воина Китайской империи, выкрикивать во время съемок батальных сцен слова на кыргызском языке.

Джеки Чан на съемочной площадке интересовался, кто такие кыргызы, что это за народ, рассказал корреспонденту Sputnik проживающий в Пекине этнический кыргыз Элчоро Курман.

Всю свою жизнь Элчоро провел в Китае и говорит в основном на языке Поднебесной. Он поведал о подробностях знакомства с великим китайским актером и каскадером Джеки Чаном, почему оказался в Китае и планах посетить историческую родину в следующем году.

Photos 15/07/2016

“Манас”дүйнөсү.

“Марасиана”картасы дүйнөдө айрыкча Азия континентинде канча географиялык аталыш Манастын ысымы менен байланышып тургандыгын жана алардын таралышын көргөзүп турат. Ошол аталыштар, негизинен “Манас”эпосунун окуялары өткөн чөлкөмдөргө таандык. Шартка ылайык төмөнкүдөй жиктерге бөлүнгөн.
Манаска байланыштуу, Манаска тиешеси бар, жогу белгисиз жана “Манас” аттуу жасалма ысымдар. Булардын акыркысы “Манас”кыштактары, район, аэрпорт жана “Манас” мөңгүсү кирсе,тиешеси бар, жогу белгисиздерге Кавказ (Дастан), Индия, Бутан, Тибет аймагындагы аталыштар, ошондой эле Самаркандын жанындагы Манас-Арык топоними да кирет. Себеби, аталган топоним биздин заманга чейинки доордо эле кездешкени тарыхый булактардан белгилүү. Ал эми Манаска байланыштуу топонимдер тиешелүү тарыхый жана картографиялык булактардан алынды.
“Манас дүйнөсү” деген карта эмнелер жөнүндө баяндап, эмнелерди кучагына камтыйт? Бул карта Сагынбай Орозбаковдун вариантынын негизинде түзүлүп, айрым гана учурда кошумча маалыматтар менен бирге Саякбай Каралаевдин да варианты пайдаланылды. Картага эпосто кезиккен жер, суу аттары (көлдөрү, дарыялар, шаарлар, жерлер, этностор, өлкөлөр мифологиялык түшүнүктөр жана башка табигый чөйрөгө ылайыкталып, табылгандары гана киргизилген. Ошондой эле эпостун негизги окуялары: Чоң казат, ээликтер, ар кандай багыттар ж. б.) киргизилип, алардын аттары жазылып, же болбосо цифра менен белгиленген. Ар бир аталыш өзүнүн функциясына жараша өзгөчөлөнүп, ал эмне экендиги (тоо, өлкө, өзөн...) жазылат да, шартуу белгилердин жардамы менен айкын түшүнүүгө болот. “Манас дүйнөсү” картасынын уландысы Кыргызстанга жана ага чектеш аймактарга арналган. Бул картада эпоско тиешелүү жер, суу аттары мүмкүн болушунча түшүрүлгөн. Алар эпостун ар кыл окуяларын кеңири чагылдырууга көмөк көргөзүп турат. Ошол себептен, картага көрсөтүүгө мүмкүн болгон айрым мазмунунан орун алды.
“Талас”, “Манас доорунда”картасы “Манас дүйнөсүн” толуктап турган картанын бири болуп саналат. Талас “Манастын” өзүндө кеңири берилбегендиктен, бул үчүн “Семетей” менен “Сейтек” эпосторунан Саякбай Каралаевдин варианты пайдаланылган.
Картага эпосто жолуккан аталыштар (тоо, өзөн, жер...) түшүрүлүп, айрым негизги окуялардын аймактары жана багыттары көрсөтүлүп,ошондой эле эпоско байланыштуу келип чыккан жер-суу аттары да кошо киргизилген.
Картага көнүл бөлөрдүн алдында шарттуу белгилерин жакшылап карап,карта камтыган мейкиндик жана аймак боюнча багыт ала билүү керек. Себеби, экөө дайыма бири-бирин толуктап турат. Ал эми бул экөөнү “Талас”,“Манас” эпосунун аймак жана мейкиндик боюнча таасиринин жыйынтыгын биз “Манасиана” толуктап жана соңунан чыгарып тургандыгын айкын баамдайбыз.

Картаны түзгөндөр:Т Эшенкулов, С. Өмүрзакав, А. Бөрүбаев.

Даярдаган: Ага илимий кызматкер Эралиев Р.

Photos from Кыргызский Национальный Комплекс "Манас Ордо"'s post 15/07/2016

Өркүндөй бер, Улуттук комплекс!

Элибиз өткөн тарыхын, жашоо –турмушка болгон ой-жорумун, келечектен күткөн мүдөө максатын, үрп-адатын, салт-санаасын “Манасында” укумдан тукумга өткөрүп, уламалап айтып келген. Эркин мамлекеттүүлүктү эңсөө, Атажуртун сүйүү, элдин биримдигин, ынтымагын туу тутуу, гуманизм идеялары эпикалык дастаныбыздын өзөгүн түзөт. Улуттук идеябыздын тамыры мына ушул түбөлүк соолгус гүлазыктан азыктанат. Айкөл Манастын арбагына таазим жасап, Жараткандан жанына, элге журтка жакшылык тилеп, зыяратчылык жасоо, “Манас” эпосунун керемет дүйнөсү менен таанышуу элибиздин түбөлүк улуу рухун аздектеп жана ага, өз элинин кулуну катары, терең сыймыктануу деп түшүнүшүбүз керек. Зыяратчылардын көпчүлүгү ыйык жайга келгенде жан дүйнөлөрү арууланып, сезимдери бөтөнчө таасирлерге бөлөнүп каларын көп айтышат. Ал керемет таасирлер Айкөл Манастын, анын Кырк-Чоролорунун, дүйнө элдеринин бири болгон кыргыз элинин улуу руху, жан дүйнөсү.
Кумдай куюлган сансыз жылдар өттү. Элибиз башынан бактылуу күндөрдү, азаптуу түндөрдү өткөрдү. Далай тарыхый окуялар өткөн аймак, жер элдин эсинде бекем сакталып калат да, анан жылдар жылып, мезгилдер өтүп, бара бара ал жер эл ыйык туткан мазарлуу жайга айланат. Андай жер энергиялуу келип, тилеген тилегиң Теңирге түз жетет дешет.
Манастын арбагына таазим жасоо ар бир кыргызстандык атуулдун ыйык парзы болуп калууга тийиш. Өз элинин асыл нарктарын барктай билген адам өзүн өзү барктай билет. Өзүн өзү тааныган адамдын көөнү таза, көкүрөгү билимдүү болот, Ата Журту үчүн ак дилинен кызмат кылат. Аруу, түшүнүктүү патриот адамдар көп болгон эл, дүйнөлүк цивилизация менен тең адымдап өнүгө алат.
Улуттук комплекске чет элдик туристтердин келиши жылдан жылга көбөйүп баратат. Индиядан, Голландиядан, Финляндиядан, Австриядан, Швецариядан, Белгиядан, Болгариядан, Венгриядан туристтер келип, “Манас” жана “Манас Ордо” туурасында бай маалыматтарды алып кетишет.
Айкөлдүн Ордосу-элдики, келечек муундуку. Арабдар Хеопс баш болгон пирамидаларын жанында жаткан ташына чейин бекем кайтарып, аздектеп мамиле жасашат. Алар таш менен дүйнөнүн жети кереметинин бирин тургузушса, кыргыздар адамдын акылын айран кылгандай деңгээлде көркөм сөздөн кайталангыс руханий улуу мурас тургузган элибиз. Эпикалык өнөр жагынан алганда “Манас” эпосу жалпы адамзаттын кайталангыс маданий мурасы болуп саналат. Андыктан “Манасыбыздын” жана “Манас Ордобуздун” дүйнө коомчулугунун арасында дагы көкөлөп, кеңири тааныла беришине аракеттенишибиз керек.
Улуу “Манас” эпосу- элибиздин түбөлүктүү эпикалык чыгармасы. Демек, Улуттук Манас Ордо комплекси да түбөлүктүү!

Өркүндөй бер, Улуттук Ыйык жай!
Даярдаган: Илимий кызматкер Эралиев Р.

Photos from Кыргызский Национальный Комплекс "Манас Ордо"'s post 15/07/2016

“Манас Ата” гүлзар багы.

Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинде көздүн жоосун алган, келген конокторду суктанткан, ажайып кооз Манас атабыздын гүлзар багы калктын калың катмарына белгилүү. Мында бир нече миң деген ар түрдүү карагай, кайың, арча, жана башка ар түрдүү декоративдик кооз бак дарактар жана областагы эң чоң роза талаасы орун алган. Бул парк жыл сайын ар түрдүү көчөттөр менен толукталып турат. Мына быйыл дагы, жаздын келиши менен “Манас ата” гүлзар багына миңден ашуун роза жана 48 даана сакура дарагынын көчөттөрү отургузулду
Сакура–Японияда жаштыктын, сулуулуктун символу катары бааланат. Гүлдөгөндө эч бир өсүмдүк тең келе алгыс кооз алча дарагы. Сакура-алчанын эң кооз түрү. Ал эрте жазда гүлдөйт жана анын гүлдөрү агыш, ачык-гүлгүн түстө болот дагы, көңүлүңдү өзүнө тартып турат. Япон элинин түшүнүгүндө - сакура көзү өткөн ата-бабалардын руху жашаган жай катары эсептелет жана аны суктанып тиктөө, ата-бабалардын арбагын тынчтандырат, ыраазы кылат, гүлдөрүнө болгон урмат, ата-бабаларга болгон сый деп эсептешет. Эгер сакураны көңүлүңдү төшөп, мээримиңди төгүп карасаң, сен ата-бабаларыңды урматтаганың, сакураны сүйүп тикте, ошондо сенин ата-бабаларың сага ыраазы болот, сени колдойт, сага жардам берет деп эсептешет.

Даярдаган: Илимий кызматкер Кайыпов С.

15/07/2016

Тарыхый инсан. Полот хан.

Исхак Молдо (1844-ж чен., Маргалаң уезди, Охна кыштагы-1876, Жаңы Маргалаң шаары.)-1873-76-жылдардагы Кокон көтөрлүшүнүн жетекчилеринин бири. Ичкилик уруусунун бостон уругунан. Атасы Маргалаңдагы Ак медресенин мудариси болгон. Полот хан адегенде Кокондогу Түнкатар медресесинде, кийин Маргалаңда “Ак медреседе” окуган. 1867-ж. молдо Исхак окуусун таштап, өз уругун көчмөндөрү жашаган Сох кыштагына, кийин Охна кыштагына келет. Эл арасында болууну көксөгөн Исхак молдо Анжиян шаарында туруп калат. Соода иши менен Ташкенге келип жүрүп, ал жерден лашкер Алымкулдун пикирлеши, кыргыздын курама уругунан чыккан чаткалдын Абдымомун ата менен таанышат. 1873-жылы Кокон көтөрүлүшү башталганда эл хандыктын мураскору, Алим хандын небереси Полот бекти көтөрүлүштү хан катары жетектөөсүн өтүнүшкөн. Шер датка баш болгон кыргыздардын өкүлдөрү Самарканддан кайтып келе жатып, Ташкенге Абдымомундун үйүнөн өңү-түсү Полот бекке окшогон Исхакты кезиктирип, аны Полот бектин ордуна мураскор болууга көндүрүшкөн. Ошонтип Полот хан (Исхак молдо) 200 аскери менен Чаткалда көтөрүлүшкө жетекчилик кыла баштайт. Чаткалга жакын жайгашкан Алабука, Акташ, Нанай, Көкжар, Мамай, Сафедбулан жана башка айылдардагы эл Полот ханды хан деп таанып, Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө кошулушкан. Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчү карапайым калк –кыргыз, өзбек, кыпчак, тажиктер болгон. Алар менен катар өз кызыкчылыктарын көздөгөн феодалдардын өкүлдөрү да катышкан. Кийинчирээк Полот хан көтөрүлүшкө катышкан феодалдардын таасири менен кокондун мурунку хандарынын саясатын уланткан. Көтөрүлүштүн жүрүшүнүн экинчи этабында 1875-жылы июль айында Россия империясынын өкмөтү Полот хандын бийлигин мыйзамсыз деп таанып, Кокон хандыгынын аймагына орус аскерлерин киргизүүгө жетишкен. М.Д.Скобелевдин кол башчылыгы астындагы орус аскерлеринин күчү менен көтөрүлүш басылып, Кокон хандыгы жоюлуп, Фергана облусу деген ат менен Россия империясынын карамагына өткөн. Өзүн курчаган феодалдардын чыккынчылыгы менен Полот хан падышалык бийликтин колуна түшкөн. Убактылуу Жаңы Маргалаң шаарындагы орус түрмөсүндө кармалып турган.Аскер сотунун өкүмү менен Жаңы Маргалаң шаарында 1876-ж. 1-мартта дарга асылган.

Photos 15/07/2016

Тарыхый инсан. Барсбек.

Барс-Бек, Ынанчы Алп Билге VIII кылымдын башында Енисейдеги кыргыз кагандыгынын башкаруучусу. Ал кубаттуу аскер түзүп, кыргыз каганатын чыңдап, башка элдерге көз каранды болбос үчүн Чыгыш-Түрк каганатына каршы күрөшкөн. Анын урматындагы эпитафияга ылайык, ажо байыркы кыргыздын башкаруучу династиясынан чыккан, атасынан эрте жетим калган, төрт бир тууганы болгон, тайган менен аң уулоону аябай жакшы көрүүчү.

Барсбектин уруусу Умай эненин өзгөчө колдоосунда деп эсептешчү. Анын туугандары сейрек кездешүүчү Умайбек деген наамды алып жүрүшчү. Барсбектин агалары да, инилери да болгон. Татаал тышкы саясий кырдаалдын шарттарында кыргыздардын мамлекетиндеги биринчи орунга ал өзүнүн асыл сапаттарынын аркасында көтөрүлгөн. Чыгыш түрк кагандыгынын баскынчыл саясатына каршы күрөшүү үчүн өзүнүн Эрен Улуг деген элчиси баш болгон өкүлдөрүн Тибетке жиберген. Барсбек 711-жылы түргөштөрдүн башчысы Сакал каган менен бирдикте Чыгыш түрк кагандыгына каршы урушка даярданган, бирок Чыгыш түрк каганы Капаган тезинен Көгмен тоосун ашып, Барсбектин Ордосуна кол салган. Барсбек 711-жылы согушта курман болгон.

Photos 15/07/2016

Дорогие друзья! Всем приятных выходных и хочу поздравить с успешным завершением рабочей недели.

Будьте всегда в тонусе и радуйтесь к каждому мгновению солнечного лета!!!

Photos 15/07/2016

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы.

Кыргыздар жөнүндөгү жазма булактардагы алгачкы эскерүүлөр б.э.ч. 209-201-жылдагы мезгилдерге тиешелүү. Ал эми бул кабар кытайдын Сыма-Цзыяндын “Тарыхый жазмалар” деген эмгегинде белгилүү. Анда кыргыздар узун бойлуу, сары чачтуу, кызыл жүздүү жана көздөрү көк европа түспөлүндөгү адамдар катарында сүрөттөлгөн. Кыргыз ээлигинин биринчи башкаруучусу, тарыхтагы кытайдын кол башчысы, таланттуу Ли-Лиин деген адам болгон. Кийин анын укум-тукумдары да узакка хандык кылып келишкен. (99-75-жылдары.) Ли-Лиин Енисейдин баш жагына өзүнчө Кыргыз каганатын түзгөн. Енисейлик кыргыздардын маданиятындагы маанилүү жетишкендиктердин бири-өзүнчө жазууну (рун жазуусун) түзгөндүгү.

Photos from Кыргызский Национальный Комплекс "Манас Ордо"'s post 15/07/2016

Айкөлдүн Ордосунан Ак бата.

Кол кармашып турмуш жолуна бирге түшүшкөн жаш жубайлардын Манас Ордого зыяратка келип, Айкөл Манас, Каныкей Эне, Бакай Баба баш болгон кыргыз элинин касиеттүү рухтарынын арбагына куран түшүрүп, Жараткандан жакшылык тилеп, Айкөлдүн Ордосунан аксакалдардан Ак бата алышы, салтка айланган. “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт”- деп, эзелтеден элибиз аксакалдуу атанын, ак элечек эненин, ак жолдогу адамдын ак дилинен берген ак батасына, сөздүн кудуретине, касиетине ишенишет.

Жаш жубайлардын келечекте ынтымактуу, ырыс-кешиктүү өмүр сүрүп, ата-энесин, жакындарын, сыйлап эли-жерин сүйүп, урматтосуна ыйык жайдын таасири чоң болоору талашсыз.
Айкөл Манастын Ордосунан жакшылык тилеген урматтуу жаш жубайлар, силердин ак никеңерден жаралган ак ниетиңер кабыл болсун! Жараткан өзү колдоп, Айкөл Атабыздын арбагы жар болсун! Элибиздин ыйык ата мазары “Манас Ордо” силердин тунук махабатыңардын, мөлтүр сүйүүңөрдүн жана бактылуу турмушуңардын күбөсү болуп турсун!
Кыдыр болсун жолдошуң,
Кыйын күн башта болбосун.
Ыйык тут Манас Ордосун,
Оомийин, Кудай колдосун!

Даярдаган: Илимий кызматкер Эралиев Р.

Photos from Кыргызский Национальный Комплекс "Манас Ордо"'s post 15/07/2016

2016-жылдын 13-майында Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинде республикалык маанидеги илимий-практикалык семинар болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2016-жыл “Тарых жана маданият” жылы деп жарыяланды бул иш-чарага байланыштуу, Кыргыз Улуттук ”Манас Ордо” комплексинде 13-май күнү “Тарыхый эстеликтерди реставрациялоо, музейди реэкспозициялоо жана элдик мураскерлер менен иш алып барууда, музей кызматкерлеринин ролу”- деген темада республикалык илимий-практикалык семинар болуп өттү. Республикабыздын жети дубанынан келген музей кызматкерлерин “Кырк Чоро” көпүрөсүнөн салт боюнча нан менен тосуп алдык. Андан кийин Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплекси тууралуу сырткы баяндама жүргүзүлүп, Мамадалиев Камил “Манас” эпосунан үзүндү айтты. Келген коноктор Ата арбактарга арнап куран окулуп андан соң Манастын күмбөзүн реставрациялоо иштери боюнча Жунушалиев Асан мастер класс көрсөтүп, программа боюнча коноктор менен биргеликте Кароол Чокуга көтөрүлүп, “Короол Чоку” тынчтыктын жана аруулуктун символу деген темада баяндама жүргүзүлдү. Комплекстин карамагында, 1,5 чакырым түштүк-батыш тарабында жайгашкан “Каныкей апа менен Айчүрөк апанын Семетей баатырга бата берүүсү” архитектуралык-скульптуралык ансамбли тууралуу баяндама жүргүзүлүп, конокторго “Каныкейдин жомогу” Исаева Чолпон театрлаштрылган монолог окуду, “Каныкей апанын” булагына зыярат жасашып, андан соң “Манас” эпосу музейи жана археология, этнография музейи, Талас-Орхон-Эне-Сай жазуулар эстеликтери музейлери боюнча толук баяндама алышты, ошондон кийин “Манас” эпосу музейинин жыйындар залында Министрликтин өкүлчүлүгү, Талас облстынын ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн орун басарынын катышуусу менен Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин башкы директору О.Ж.Чоюнбаев республикалык маанидеги музей кызматкерлеринин семинарын ачык деп жарыялады. Мамлекеттик гимн угулуп, семинардын жүрүшүндө музей кызматкерлеринин азыркы учурдагы абалы жана күнүмдүк маселелер жөнүндө сөз козголуп, министрликтин өкүлчүлүгү менен музей кызматкерлеринин ортосунда ой-пикир алмашуулар болду. Семинардын жыйынтыгында келген коноктор, семинар жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилешип, өз ыраазычылыктарын билдирип кайтышты.

Photos from Кыргызский Национальный Комплекс "Манас Ордо"'s post 15/07/2016

Айкөл Манас тарыхый инсан.

Манастын доорун тактоо чыны менен өтө талаш маселе, ошондой болсо да белгилүү журналист жана “Манаc” изилдөөчү Темирбек Токтогазиев “Манас” таануучулардын илимий эмгектерин окуп чыгып, эпостун бир нече варянттарын бири-бирине салыштырып, Манаска байланыштуу жерлерди түрө кыдырып Кытай музейлеринен жана архивдеринен жаңы маалыматтарды таап, Айкөл Манас тарыхта орду бар тарыхый инсан экендигин далилдеп, ал маалыматтарды Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексиндеги “Манас” эпосу музейине өткөрүп бериши биз үчүн чоң сыймык.

Анда эмесе урматтуу окурман Темирбек Токтогазиевдин Чет Бейжиндин архив-музейинен тапкан 7-8 кылымдарга таандык сүрөттөрдүн көчүрмөсүн жана чоңойтулуп боёк менен боёлгон вариантын назарыңызга салабыз. Сүрөттө башына ак калпак кийген, ак куладай ат минген, алп адамды, жана ага таазим кылып, тартуу тартып турган бир нече адамдарды көрүп турасыздар. Бул сүрөт менен биздин залкар манасчылардын тааныштыгы жок болсо да, Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов, Шапак Рысмендиевдердин айткан манасындагы дал келүүлөр Манас баатыр тарыхый инсан экендигин далилдөөчү чоң маалымат экендигинде шек жок. Мисалы С. Каралаевдин вариантында:
Анжияндан качырган,
Алооке баштык карысы,
Капкадан чыкты Манаска:
-Журтту бекер кырба деп,
Эр Манастын алдына.
Тартуу тартып суранып-
Чет бээжиндин хандыгын
Сизге бердим, эр Манас.
Туткундарды өлтүрүп,
Сындырбаңыз белимди.
Айтканыңа көнөйүн,
Кыргында өлгөн эрлердин,
Кундарын толук төлөйүн.
Кеңири таштап пейилди,
Кароол кандын баарысы,
Таазим кылып Манаска
Кулдук уруп ийилди (СКВ).

Айкөл Манас атабыздын Чет Бэйжиндин алтын тагына олтуруу аземи. Мында дагы эпостун айрым варианттары менен дал келүүлөр бар Мисалы:
Искендер тийбес Бейжинге,
Илесин таап кол салдык.
Чалыяр жетпес Бейжинди,
Чалкан салып ичине,
Чаркыбыз жетип биз алдык.
Топон суу тийбес Бейжинди
Тоз-тоз кылып эл-журтун,
Талкалап жатып биз алдык.
Таш талканын чыгардык,
Найзанын учун кан кылдык.
Асман жерди чаң кылдык.
Аралап жүрүп кытайды,
Кырып жоюп дал кылдык.
Алтын таажы кийгизип,
Айкөл Манас баатырды,
Чоң Бейжинге кан кылдык! (СКВ)

Ошол эле Чет Бэйжиндеги музейден табылган дагы бир сүрөт. Сүрөттө Кытай хандыгынын кийимин кийген алп адам хан тактыда олтурса, аны тегеректеген бир нече адамдардын кыргыз элине гана тиешелүү болон калпак кийип тургандыгы даана байкалат. Эгер бул Манас атабыз болсо анда эмнеге ал кытайча кийинип алган деген суроо туулушу мүмкүн? Бул суроонун жообун да эпостун саптары ачып олтурат. Мисалы: Манасчы Мамбет Чокморовдун вариантында Коңурбай амалкөйлүк менен Манаска жагыныш үчүн:
Амалы бар чоң манжу,
Сөзүн айтып эритип.
Ар бир түрлүү ойлонуп,
Алтындан айчык жаткырып.
Кан ушундай кийет деп,
Бу кийимди сен кийсең,
Калмак кытай ушул эл,
Ич койнуңа кирет деп.
Жакага көөхар жаткырып,
Далыга алтындан айчык койдуруп.
Арстан Манас баатырга,
Ченин алып келген жер.
Ай далы алтын шуру чок,
Бэйжинди сурап турганда,
Кийип турган алтын чен,
Муну эр Манаска берген жер- деп айтканы бар эмеспи.

Бул маалыматтар такталбай келе жаткан талаш маселелерге чекит койот деген ойдомун. Темирбек агайдын Манас бабабыздын тарыхый инсан экендигин тактоого аракет кылып жүргөнү кыргыз эли үчүн Ала-Тоодой зор эмгек экендиги талашсыз. Темирбек Шүкүрбековичтин Манас атабыздын тарыхый изин изилдеп жүргөн арымы арыбасын!

Даярдаган: “Манас” эпосу музейинин илимий кызматкери Кайыпов С.

12/07/2016

В кыргызском национальном комплексе «Манас Ордо» прошла встреча депутатов Жогорку Кенеша с работниками комплекса.

Сегодня в Талас прибыла делегация из столицы. Депутаты Жогорку кенеша с фракции СДПК и несколько Министерств Кыргызской Республики, чтобы встретиться с работниками комплекса, чтобы выслушать проблемы и в будущем поспособствовать их решению.

Встреча началось самых лучших слов и похвал нашего культурного достояния эпоса «Манас». Цитирую: «Мы кыргызы ценим и любим наш эпос «Манас» и я в том числе, ведь через эпос мы познаем культурные ценности и патриотизм кыргызского народа передающийся из поколение в поколению»,- сказал Иса Шейшенкулович.

В ходе встречи говорилось о таких проблемах как ремонт дорог комплекса, о нехватки техники для выполнения хозяйственных работ на территории комплекса, и, а заработной плате сотрудников.

Также сотрудники комплекса «Манас Ордо» рассказывали проблеме связанное с историей, ведь на археологической карте Кыргызстана имеется 4 исторических города, которые нуждаются в археологических раскопках и в научной экспедиции.

Завершая рабочую встречу, делегация обещала о рассмотрении республиканского бюджета и выделить средства для выполнения необходимой работы в пределах этно-комплекса.

Want your business to be the top-listed Government Service in Talas?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Address


Улица Манас
Talas
710001