Талас шаарын жашыл жана көрктүү кылалы! 🌿
🌱Талас шаарынын борбордук бөлүгүндөгү жол жээктерин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери кызуу уланууда.
Жумуштар «Талас жашыл чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жатат.
☝️Жакынкы күндөрү бул аймак шаарга өзгөчө көрк кошкон жашыл жана кооз жайлардын бирине айланат.
Мэрия города Талас - официальная страница
Талас шаарынын мэриясы
ТАЛАС ШААРЫНДАГЫ ТРОТУАРЛАРДЫН САПАТЫ ТЕКШЕРИЛДИ
Талас шаардык мэриясына 2025-жылы салынган тротуарлардын сапатына байланыштуу тургундар тарабынан бир катар кайрылуулар жана сунуш-пикирлер түшкөн.
Аталган маселе боюнча КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин тапшырмасынын негизинде атайын комиссия түзүлдү. Анын курамына өкүлдүн орун басары, Талас шаарынын мэри жана орун басары, тиешелүү муниципалдык ишканалардын жетекчилери, подрядчы уюмдун өкүлдөрү жана техникалык көзөмөл жүргүзгөн адистер кирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү тротуарлардын абалын жеринен көрүп чыгып, сапаттык кемчиликтер аныкталган тилкелерге баа беришти.
Жыйынтыгында подрядчы компанияга тротуарлардын ылдый чөгүп кеткен жана тал-теректин өсүп чыккан жерлерин сыйрып, талаптагыдай кылып оңдоо жагы милдеттендирилди.
#мэрия #талас
Катуу шамал Талас шаарындагы көп кабаттуу үйдүн чатырын учурду
1-июнда катталган катуу шамал Талас шаарындагы Манас көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынын бир бөлүгүн учуруп кетти.
Окуя болгон жерге Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков барып, жаралган кырдаалдан кабар алды. Шаар башчысы тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнө кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюу, тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана келтирилген чыгымдарды тактоо боюнча тапшырмаларды берди.
Учурда жарандык коргонуу жана тиешелүү муниципалдык кызматтар тарабынан кырсыктын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кырдаал шаар жетекчилигинин көзөмөлүндө.
УРМАТТУУ ТАЛАС ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ ЖАНА КОНОКТОРУ!
🎡 Талас шаарынын борбордук паркындагы жаңы заманбап аттракциондордун расмий ачылышы 22-июнь — Талас шаарынын күнү өткөрүлөт.
✨ Бул күн шаар тургундары жана коноктору үчүн өзгөчө майрамдык маанай тартуулап, балдар менен чоңдордун сүйүктүү эс алуу жайына айланмакчы.
Баарыңыздарды майрамдык ачылыш аземине чакырабыз!
01/06/2026
Урматтуу Талас шаарынын жаш жеткинчектери жана ата-энелер!
Сиздерди 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Балдар – биздин келечегибиз, өлкөбүздүн эң кымбат байлыгы. Ар бир баланын бактылуу балалыкта өсүп, сапаттуу билим алуусу башкы милдеттердин бири.
Баардык балдарга бекем ден-соолук, жаркын келечек каалайм. Балдарыбыздын күлкүсү жаңырып, жүздөрүнөн кубаныч кетпесин!
Сиздерди урматтоо менен Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков
30/05/2026
🎈 1-ИЮНЬ — БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ! 🎈
Урматтуу Талас шаарынын тургундары жана шаар меймандары!
Сиздерди 1-июнь күнү Талас шаарынын борбордук аянтында өтүүчү балдар үчүн чоң майрамга чакырабыз!
🕙 10:00 — Майрамдын салтанаттуу ачылышы
🏆 Олимпиада жеңүүчүлөрүн сыйлоо
💃 Облустук бий фестивалы
⚽ Спорттук оюндар
🎨 Сүрөт тартуу сынактары
🎭 Чоң куурчак театрынын көрсөтүүсү
🎬 «Кырк-Чоро» кинотеатрында акысыз мультфильмдер
🕥 10:30 – 12:15
🕑 14:00 – 15:45
✨ Кечки программа
🕔 17:00 — Салтанаттуу ачылыш
🎭 Интерактивдүү оюндар
🕺 Балдар дискотекасы
🎤 Викторина
💃 «Айкөл» бий академиясынын отчеттук концерти
📍 Өтүүчү жери: Талас шаарынын борбордук аянты
👧👦 Балдарыңыздар менен келип, майрамдык маанайга бөлөнүңүздөр!
🎉 Бардык балдарды жана ата-энелерди майрамга чакырабыз! 🎉
29/05/2026
Талас шаарындагы мектептерде акыркы коңгуроо кагылды
Бүгүн, Талас шаарындагы №1 А. Чолпонкулов атындагы орто мектебинде уюштурулган акыркы коңгуроо салтанатына Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады. Шаар башчысы өз сөзүндө жаштарды билимдүү, мекенчил жана жоопкерчиликтүү жаран болууга чакырып, , алдыдагы кадамдарына ийгилик каалады.
Ошондой эле шаардык кеңештеги депутаттардын колдоосу менен 9 мектепке интерактивдүү такталар тапшырылды.
Билим берүү бөлүмүнүн билдирүсүнө ылайык бүгүн Талас шаарындагы мектептерден 11-классты 466 окуучу, ал эми 9-классты 881 окуучу аяктоодо.
2-июндан тарта бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өтүп, төрт предмет боюнча экзамен тапшырышат. Бүтүрүүчүлөргө аттестаттарды тапшыруу аземи 26-июнда өткөрүлөт.
Талас шаарынын мэриясы бардык бүтүрүүчүлөргө ак жол, бекем ден соолук жана чоң ийгиликтерди каалайт.
29/05/2026
Урматтуу мугалимдер, кадырлуу ата-энелер жана кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!
Талас шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди бүгүнкү өзгөчө мааниге ээ болгон салтанаттуу акыркы коңгуроо күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бүгүн ордолуу Талас шаарыбыздын мектептеринде миңдеген жаш уул-кыздарыбыз алтын уя мектеби менен коштошуп, чоң турмуш жолуна кадам таштап жатышат. Мектеп босогосунда өткөн он бир жыл аралыгында алган билимиңер, тарбияңар жана топтогон тажрыйбаңар келечектеги ийгиликтериңердин бекем пайдубалы болуп кызмат кылаарына ишенем.
Силер өлкөбүздүн келечеги, элибиздин үмүтү жана мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошо турган жаш муунсуңар. Алдыңарга бийик максаттарды коюп, заман талабына ылайык билим алып, тандаган кесибиңердин мыкты адиси болушуңарды каалайм.
Кайсы гана окуу жайда билим албагыла, кайсы гана кесипти аркалабагыла, ар дайым мекенчил болуп, Талас шаарыбыздын жана Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө өз салымыңарды кошот деп ишенем.
Ошондой эле балдарынын келечеги үчүн талыкпай эмгектенип, ар дайым колдоо көрсөтүп келген ата-энелерге жана мугалимдерге да ыраазычылык билдирем. Мээнетиңиздердин үзүрүн көрүп, сыймыгыңыздар арта берсин!
Урматтуу бүтүрүүчүлөр, алдыдагы жолуңар байсалдуу, келечегиңер кең, максаттарыңар бийик болсун! Ар дайым ийгилик коштоп жолуңар ачык болсун!
Урматтоо менен,
Нургазы Асылбеков
Талас шаарынын мэри
28/05/2026
Талас шаарында майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө укуктук жана социалдык колдоо көрсөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2026-жылдын 25-майындагы тапшырмасына ылайык, Талас шаарында майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө укуктук жана социалдык колдоо көрсөтүүгө багытталган атайын иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара 28-май күнү Талас шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында уюштурулуп, ага Талас шаарынын прокурору Жылдызбек Разыбеков, Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Анарбек Ибралиев, майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан ата-энелер жана социалдык кызматкерлер катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө прокуратура кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эл аралык келишимдерде жана улуттук мыйзамдарда каралган балдардын жана ата-энелердин укуктары, социалдык кепилдиктери тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле катышуучулардын суроолоруна жооп берилип, тиешелүү түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан 17 үй-бүлөгө социалдык колдоо көрсөтүү максатында атайын майрамдык белектер тапшырылды.
Иш-чаранын негизги максаты — өзгөчө камкордукка муктаж балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдү колдоо, алардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу жана коомдогу социалдык коргоону күчөтүү болуп саналат.
Click here to claim your Sponsored Listing.
Location
Category
Contact the business
Telephone
Website
Address
г. Талас аллея К. Нуржанова 18
Talas
724200
Opening Hours
| Monday | 08:30 - 17:30 |
| Tuesday | 08:30 - 17:30 |
| Wednesday | 08:30 - 17:30 |
| Thursday | 08:30 - 17:30 |
| Friday | 08:30 - 17:30 |
