Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги/Kırgızistan Ankara Büyükelçiliği

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги/Kırgızistan Ankara Büyükelçiliği

Share

КР Туркиядагы Элчилиги
Посольство Кыргызской Республ?

Консулдук бөлүмгө алдын ала жазылуу үчүн баракчабыз: ankarakonsulduk.com
Randevu almak için sitemiz: ankarakonsulduk.com

23/05/2026

🇰🇬🤝🇰🇿
KG
2026-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р. Казакбаевдин Казакстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Е. Сапиев менен жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, салттуу достук байланыштарга жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген эки тараптуу мамилелердин бир туугандык жана союздаштык мүнөзүн белгилешти.

Эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнө эки тараптуу деңгээлде да, ошондой эле көп тараптуу аянтчалардын, анын ичинде Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) сыяктуу аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында да өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Түркия Республикасы менен болгон өз ара кызматташтыгы, анын ичинде аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана саясий-экономикалык диалогду өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

TR
2026 yılı 22 Mayıs tarihinde, Kırgız Cumhuriyeti Ankara Büyükelçisi R.Kazakbaev ile Kazakistan Cumhuriyeti Ankara Büyükelçisi Y.Sapiev arasında bir görüşme gerçekleştirilmiştir.
Görüşme sırasında taraflar, Kırgız-Kazak iş birliğinin güncel meselelerini ele almış, ikili ilişkilerin kardeşlik ve müttefiklik niteliğini, geleneksel dostane bağlara ve stratejik ortaklığa dayandığını vurgulamışlardır.
Özellikle iki ülke arasındaki iş birliğine hem ikili düzeyde hem de Türk Devletleri Teşkilatı (TDT) başta olmak üzere bölgesel ve uluslararası örgütler çerçevesinde özel önem atfedilmiştir.
Ayrıca Kırgız Cumhuriyeti ve Kazakistan Cumhuriyeti’nin Türkiye Cumhuriyeti ile yürüttüğü iş birliği konularında görüş alışverişinde bulunulmuş; bu bağlamda bölgesel iş birliğinin güçlendirilmesi ve siyasi-ekonomik diyaloğun geliştirilmesi meseleleri ele alınmıştır.

Photos from Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги/Kırgızistan Ankara Büyükelçiliği's post 22/05/2026

2026-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Р.Казакбаев Түркия Республикасындагы Катар Мамлекетинин Элчиси Фейсал бин Абдулла Аль-Хензабдын менен жолугушту.
Жолугушуу жүрүшүндө Элчи Р. Казакбаев эки тараптуу мамилелердин достук жана конструктивдүү мүнөзүн, ошондой эле Катар Мамлекетинин жогорку деңгээлдеги өнүгүүсүн жана анын регионалдык туруктуулукту чыңдоодо, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана гуманитардык дипломатияны илгерилетүүдө маанилүү ролун белгиледи.
Тараптар кыргыз-катар мамилелерин мындан ары да чыңдоого берилгендигин ырастап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгилешти.
Ошондой эле БУУ жана Ислам кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы конструктивдүү координация өзгөчө белгиленди.
Жолугушуунун аягында тараптар регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашып, регионалдык жана эл аралык мамилелерде туруктуулукту жана алдын ала божомолдонуучулукту бекемдөө максатында диалогду жана өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Photos from Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги/Kırgızistan Ankara Büyükelçiliği's post 21/05/2026

🇰🇬🤝🇯🇴
2026-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев Иордания Хашимит Королдугунун Түркия Республикасындагы элчиси Хазем Иссам Аль-Хатиб Аль-Тамими менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана эл аралык чөйрөлөрдө кыргыз-иордания кызматташтыгынын азыркы абалы жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Эки тараптуу кызматташуунун укуктук базасын өркүндөтүүнүн мааниси баса белгиленди.
Эки өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык платформалардагы өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар ошондой эле аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, туруктуулукту сактоонун жана конструктивдүү диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин тастыкташты.

***

On May 21, 2026, Ruslan Kazakbaev, Ambassador of the Kyrgyz Republic to the Republic of Turkiye, met with Hazem Issam Al-Khatib Al-Tamimi, Ambassador of the Hashemite Kingdom of Jordan to the Republic of Turkiye.
During the meeting, the parties discussed the current state and prospects for developing Kyrgyz-Jordanian cooperation in the political, trade, economic, and international spheres. The importance of improving the legal framework for bilateral cooperation was emphasized.
Particular attention was paid to the two countries’ interaction on international platforms, including the United Nations.
The parties also exchanged views on current regional security issues, emphasizing the importance of maintaining stability and developing constructive dialogue.
Concluding the meeting, the parties reaffirmed their mutual interest in further deepening bilateral and multilateral cooperation.

Photos from Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги/Kırgızistan Ankara Büyükelçiliği's post 21/05/2026

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Түркия Республикасындагы Ливия Мамлекетинин Элчиси Мустафа Эль-Гелаиб менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты. Кыргыз Республикасы менен Ливиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун мааниси, ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери жана ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендик белгиленди.

***

20 мая 2026 года Посол Кыргызской Республики в Турецкой Республике Руслан Казакбаев провёл встречу с Послом Государства Ливия в Турецкой Республике Мустафа Эль-Гелаибом.

В ходе встречи стороны обсудили вопросы двустороннего и многостороннего сотрудничества. Отмечено значение укрепления торгово-экономических связей между Кыргызской Республикой и Ливией, а также заинтересованность в дальнейшем развитии контактов между соответствующими ведомствами и деловыми кругами двух стран.

***

On 20 May 2026, the Ambassador of the Kyrgyz Republic to the Republic of Türkiye, Ruslan Kazakbaev, held a meeting with the Ambassador of the State of Libya to the Republic of Türkiye, Mustafa El-Gelaib.

During the meeting, the parties discussed issues of bilateral and multilateral cooperation. The importance of strengthening trade and economic ties between the Kyrgyz Republic and Libya was emphasized, as well as the mutual interest in further developing contacts between the relevant institutions and business communities of the two countries.

Photos from Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги/Kırgızistan Ankara Büyükelçiliği's post 21/05/2026

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.А. Казакбаевдин Пакистан Ислам Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси доктор Юсаф Джунаид менен жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө дипломатиялык миссиялардын башчылары Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын карап чыгып, ар түрдүү форматтардагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча мындан аркы чараларды белгилешти.

***

20 Mayıs 2026 tarihinde, Kırgız Cumhuriyeti’nin Türkiye Cumhuriyeti Büyükelçisi Ruslan Kazakbaev, Pakistan İslam Cumhuriyeti’nin Türkiye Cumhuriyeti Büyükelçisi Dr. Yusaf Cüneyd ile bir araya geldi.

Görüşmeler sırasında diplomatik misyon başkanları, Kırgızistan ile Pakistan arasındaki ikili ve çok taraflı iş birliğinin önemli alanlarını ele aldı, ayrıca çeşitli formatlarda iş birliğinin geliştirilmesi ve güçlendirilmesine yönelik atılacak adımları değerlendirdi.

***

On May 20, 2026, a meeting was held between the Ambassador Extraordinary and Plenipotentiary of the Kyrgyz Republic to the Republic of Türkiye, R.A. Kazakbaev, and the Ambassador Extraordinary and Plenipotentiary of the Islamic Republic of Pakistan to the Republic of Türkiye, Dr. Yusaf Junaid.

During the talks, the heads of the diplomatic missions discussed key areas of bilateral and multilateral cooperation between Kyrgyzstan and Pakistan, and also identified further measures aimed at developing and strengthening cooperation in various formats.

Photos from Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги/Kırgızistan Ankara Büyükelçiliği's post 21/05/2026

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.А. Казакбаевдин Чехия Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Петр Штепанек менен жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулап, ар түрдүү форматтардагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

***

20 Mayıs 2026 tarihinde, Kırgız Cumhuriyeti’nin Türkiye Cumhuriyeti Büyükelçisi Ruslan Kazakbaev ile Çek Cumhuriyeti’nin Türkiye Cumhuriyeti Büyükelçisi Petr Štěpánek arasında bir görüşme gerçekleştirildi.

Görüşmeler sırasında diplomatik misyon başkanları, Kırgız Cumhuriyeti ile Çek Cumhuriyeti arasındaki ikili ve çok taraflı iş birliğinin temel yönlerini ele aldı. Görüşmede ayrıca, çeşitli formatlarda iş birliğinin güçlendirilmesi ve geliştirilmesine yönelik atılacak adımlar değerlendirildi.

***

On May 20, 2026, a meeting was held between the Ambassador Extraordinary and Plenipotentiary of the Kyrgyz Republic to the Republic of Türkiye, R.A. Kazakbaev, and the Ambassador Extraordinary and Plenipotentiary of the Czech Republic to the Republic of Türkiye, Petr Štěpánek.

During the talks, the heads of the diplomatic missions discussed the main aspects of bilateral and multilateral cooperation between Kyrgyzstan and the Czech Republic, and also outlined further steps aimed at strengthening and developing cooperation in various formats.

20/05/2026

2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көп тараптуу саясий иштер боюнча башкы директору Кемал Онур Озчери менен жолугушту.
Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги кыргыз-түрк кызматташтыгынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын, айрыкча БУУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Элчи Р. Казакбаев көп тараптуу кызматташуу маселелеринде ар тараптуу колдоосу жана жардамы үчүн түрк тарабына ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында алар кызматташууну андан ары бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууну сактоого кызыкдар экендиктерин тастыкташты.

***

On May 20, 2026, Ambassador Ruslan Kazakbaev of the Kyrgyz Republic to the Republic of Turkiye met with Kemal Onur Özçeri, Director General of Multilateral Political Affairs at the Ministry of Foreign Affairs of the Republic of Turkiye.
The parties discussed current issues of Kyrgyz-Turkish cooperation at the bilateral and multilateral levels, as well as interaction within international organizations, particularly the UN.
Ambassador R. Kazakbaev expressed gratitude to the Turkish side for its comprehensive support and assistance in matters of multilateral cooperation.
Following the meeting, they reaffirmed their interest in further strengthening cooperation and maintaining close collaboration on all issues of mutual interest.

Photos from Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги/Kırgızistan Ankara Büyükelçiliği's post 19/05/2026

🇰🇬🤝🇨🇳

2026-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев Кытай Эл Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Цзян Сюэбинь менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечегин талкуулашты.
Эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташууга, көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди андан ары чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

***

On May 19, 2026, Ruslan Kazakbaev, Ambassador of the Kyrgyz Republic to the Republic of Turkiye, met with Jiang Xuebin, Ambassador of the People’s Republic of China to the Republic of Turkiye.
During the meeting, the parties discussed the current state and prospects of Kyrgyz-Chinese cooperation.
Particular attention was paid to cooperation within international and regional organizations, strengthening multilateral cooperation, and exchanging views on current issues on the international and regional agenda.
Following the meeting, the parties confirmed their interest in further strengthening bilateral relations and expanding mutually beneficial cooperation.

Photos from Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги/Kırgızistan Ankara Büyükelçiliği's post 19/05/2026

🇰🇬🤝🇦🇱
KG
2026-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде Элчи Руслан Казакбаев Албания Республикасынын Кыргыз Республикасындагы (резиденциясы Анкара шаарында жайгашкан) Элчиси Блерта Кадзадеж менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө дипломатиялык миссиялардын башчылары Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, ошондой эле аны эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда мындан ары чыңдоо боюнча кадамдарды белгилешти. Анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери каралды.
Тараптар БУУнун шайлануучу органдарына жана башка эл аралык уюмдарга өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

EN
On May 19, 2026, at the Embassy of the Kyrgyz Republic in the Republic of Türkiye between Ambassador of the Kyrgyz Republic Ruslan Kazakbaev and Ambassador of the Republic of Albania to the Kyrgyz Republic (with residence in Ankara) Blerta Kadzadej meeting was held.
During the meeting, the heads of the diplomatic missions discussed current issues of bilateral cooperation between Kyrgyzstan and Albania and outlined further steps to strengthen it in both bilateral and multilateral formats, including through the organization of mutual visits at the highest and high levels.
The parties paid special attention to issues of mutual support for elections to UN bodies and other international organizations.
At the conclusion of the meeting, the parties expressed their mutual readiness for the further development and deepening of relations between the two countries.

Photos from Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу's post 19/05/2026
Want your business to be the top-listed Government Service in Ankara?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Address


Turan Güneş Bulvarı, Galip Erdem Caddesi, No: 25, Oran
Ankara
06450

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00