Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу/

Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу/

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу/, Consulate & Embassy, Antalya, Muratpaşa, Güzeloba Mahallesi Barınaklar Bulvarı Doktorlar Sitesi no: 138, Antalya.

Photos from Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу/'s post 26/05/2026

Памятка для туристов‼️

Photos from Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу/'s post 26/05/2026

Туристке Эскертме‼️

Photos from Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу/'s post 21/05/2026

2026-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Анталия шаарындагы Башкы консулу Бакыт Кадыров мырза туризм тармагындагы учурдагы тенденциялар жана 2026-жылдагы туристтик сезондон күтүүлөр талкууланган тармактык баалоо жыйынына катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга аймактын туристтик индустриясынын абалы, рыноктордун динамикасы, брондоолордун тенденциялары, ошондой эле тармактын өнүгүшүнө таасир эткен негизги факторлор тууралуу маалымат берилди. Спикерлер статистикалык маалыматтарды жана туризм тармагын мындан ары өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды камтыган баяндамалар менен чыгышты.

***

21 Mayıs 2026 tarihinde, Kırgız Cumhuriyeti Antalya Başkonsolosu sayın Bakyt KADYROV, turizm sektöründeki güncel eğilimler ve 2026 turizm sezonuna ilişkin beklentilerin ele alındığı sektörel değerlendirme toplantısına katıldı.

Toplantı kapsamında katılımcılara bölgenin turizm sektörünün mevcut durumu, pazar dinamikleri, rezervasyon eğilimleri ve sektörün gelişimini etkileyen temel faktörler hakkında bilgi verildi. Konuşmacılar tarafından istatistiki veriler ve turizm sektörünün daha da geliştirilmesine yönelik önerileri içeren sunumlar gerçekleştirildi.

***

21 мая т.г. Генеральный консул Кыргызской Республики в г. Анталья Бакыт Кадыров принял участие в отраслевой оценочной встрече, посвященной обсуждению текущих тенденций туристического сектора и ожиданий от туристического сезона 2026 года.

В ходе мероприятия участникам была представлена информация о состоянии туристической индустрии региона, динамике рынков, тенденциях бронирований, а также ключевых факторах, оказывающих влияние на развитие отрасли. Спикеры выступили с докладами, представив статистические данные и предложения по дальнейшему совершенствованию сферы туризма.

Photos from Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу/'s post 19/05/2026

President Sadyr Zhaparov Addreses Heads of State on Kyrgyz Republic's Candidacy for the UN Security Council

#ООН

Photos from Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу/'s post 12/05/2026

2026-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Анталия шаарындагы Башкы консулу Б.Кадыров Ататүрк атындагы маданият борборунда өткөн «Antalya Mavi Akdeniz» экологиялык демилгесинин бет ачар программасына катышты.

Иш-чара Анталия губернаторлугунун колдоосунун астында «Antalya Mavi Akdeniz» демилгесинин, «Sıfır Atık» фондунун жана COP31 Türkiye Antalya уюштуруу комитетинин катышуусунда уюштурулду. Демилгенин негизги максаты – Анталиянын уникалдуу жээк тилкесин сактоо, Жер Ортолук деңизинин деңиз экосистемасын коргоо жана «» концепциясын илгерилетүү.

Иш-чаранын алкагында экологиялык маалымдуулукту жогорулатууга, айлана-чөйрөнүнү коргоого жоопкерчиликтүү мамилени өнүктүрүүгө, ошондой эле экология жана деңиз чөйрөсүн коргоо жаатында эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган долбоорлор жана демилгелер көрсөтүлдү.

***

12 мая 2026 года Генеральный консул Кыргызской Республики в г. Анталья Б.Кадыров принял участие в презентационной программе экологической инициативы «Antalya Mavi Akdeniz», состоявшейся в Культурном центре имени Ататюрка в г.Анталья.

Мероприятие было организовано под эгидой губернаторства Антальи при участии инициативы «Antalya Mavi Akdeniz», Фонда «Sıfır Atık» и организационного комитета COP31 Türkiye Antalya. Основной целью инициативы является сохранение уникальной прибрежной полосы Антальи, защита морской экосистемы Средиземного моря и продвижение концепции «Нулевые отходы».

В рамках мероприятия были представлены проекты и инициативы, направленные на повышение экологической осведомленности, развитие устойчивого подхода к охране окружающей среды, а также укрепление международного сотрудничества в сфере экологии и защиты морской среды.

12/05/2026

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Изник шаарында XIV кылымда шаарды алуу үчүн болгон салгылашууларда курман болгон кыргыз жоокерлеринин элесине арналган салттуу маданий иш-чарага активдүү катышууга чакырабыз.

Салтанаттуу иш-чара 2026-жылдын 17-майында Изниктин тарыхый жеринде өтөт. Катышуучулардын чогулуу убактысы - эртең мененки саат 11:00дө «Kırgızlar Türbesi» күмбөзүнүн жанында.

Бул иш-чара улуттук маданиятты сактоого жана өнүктүрүүгө, мекендештер арасында достук, ынтымак жана өз ара колдоо атмосферасын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Катышуучулардын тизмесин тактоо иретинде WhatsApp аркылуу жазсаңыздар болот: +90 555 496 21 22.

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Анталия шаарындагы Башкы консулдугу

Photos from Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу/'s post 05/05/2026

2026-жылдын 5-майында Анталья шаарынын Муратпаша районундагы Ч.Т. Айтматов атындагы китепканада Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулу Бакыт Кадыровдун кыргыз коомдордун өкүлдөрү жана Анталья аймагынын активисттери менен жолугушуусу болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата уюштурулду.

​Жолугушуунун жүрүшүндө конструктивдүү жана ишкердик маанайда консулдук округдун аймагында жашаган мекендештер менен өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары аныкталды.

​Башкы консул иш-чараны ачып жатып, катышуучуларды май майрамдары менен куттуктады жана Конституция күнүнүн мамлекеттүүлүктүн жана өлкөнүн укуктук өнүгүүсүнүн негизи катары маанилүүлүгүн белгиледи. Диаспоралдык коомдордун өкүлдөрүнө жигердүү жарандык позициясы, улуттук маданиятты сактоого кошкон салымы жана Кыргыз Республикасы менен байланыштарды чыңдоого жасаган аракеттери үчүн ыраазычылык билдирилди.

​Талкууда өзгөчө көңүл 2026-жылга карата биргелешкен иш-планга бурулду. Бул план мекендештерди колдоого жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган маданий, билим берүү жана коомдук иш-чараларды камтыйт.

​Анталья аймагынын активисттери жана коомдук бирикмелер өз демилгелери жана сунуштары менен бөлүшүп, ачык диалогдун жана күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

​Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары жигердүү кызматташууга жана белгиленген пландарды ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

***

5 мая 2026 года в библиотеке им. Ч.Т.Айтматова района Муратпаша г. Анталья состоялась встреча Генерального консула Кыргызской Республики в г. Анталья Бакыта Кадырова с представителями кыргызских сообществ и активистами Анталийского региона. Мероприятие было приурочено ко Дню Конституции Кыргызской Республики.

В ходе встречи в конструктивной и деловой обстановке были обсуждены актуальные вопросы взаимодействия с соотечественниками, проживающими в консульском округе, а также определены приоритетные направления дальнейшего сотрудничества.

Открывая мероприятие, Генеральный консул поздравил присутствующих с майскими праздниками и отметил значимость Дня Конституции как основы государственности и правового развития страны. Была выражена признательность представителям кыргызских диаспоральных объединений за активную гражданскую позицию, вклад в сохранение национальной культуры и укрепление связей с Кыргызской Республикой.

Отдельное внимание было уделено обсуждению совместного плана работы на 2026 год, включающего культурные, образовательные и общественные мероприятия, направленные на поддержку соотечественников и расширение взаимодействия.

Представители кыргызских сообществ и активисты Анталийского региона поделились своими инициативами и предложениями, подчеркнув важность открытого диалога и консолидации усилий.

По итогам встречи стороны подтвердили готовность к дальнейшему активному сотрудничеству и реализации намеченных планов.

28/04/2026

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2026-жылдын 1-майынан 9-майына чейин эс алуу күндөрү болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, 2026-жылдын 1-10 майында Башкы консулдук жабык болуп, дүйшөмбү күнү 11-майында кайрадан жарандарды кабыл алып баштайт.

Башкы консулдук жарандарды алдыдагы дем алыш күндөрдү эске алуу менен документтерди тариздетүү жана алуу маселелерин алдын ала пландаштырууну өтүнөт.

Башка суроолор боюнча (өмүргө жана ден-соолукка коркунуч жаралган учурда) Башкы консулдуктун ыкчам номерине:
+905557903355 (WhatsApp) кайрылсаңыздар болот.

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Анталия шаарындагы Башкы консулдугу

***

Уважаемые соотечественники!

В соответствии с законодательством Кыргызской Республики с 1 по 9 мая 2026 года являются нерабочими праздничными днями.

В этой связи с 1 по 10 мая 2026 года Генеральное консульство не будет осуществлять прием граждан и возобновит работу в понедельник 11 мая 2026 г.

Генеральное консульство просит граждан учесть и запланировать посещение консульства на другие даты, а также заранее позаботиться о вопросах оформления и получения документов с учетом предстоящих выходных дней.

По другим вопросам (в случае угрозы жизни и здоровья) можно обратится на экстренный номер Генерального консульства:
+905557903355 (WhatsApp).

С уважением, Генеральное консульство Кыргызской Республики в г.Анталья

24/04/2026

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу Анталья шаарында жайгашкан консулдук округдун чегинде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын (Түркия Республикасынын Анталия, Мугла, Айдын, Денизли, Бурдур, Ыспарта, Конья, Караман, Нигде, Мерсин, Адана, Османие, Хатай, Газиантеп жана Килис провинциялары) 2026-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кире турган, түз байланышууга жана консультация алууга арналган жаңы ыкчам телефон номери киргизилгендиги тууралуу маалымдайт: +90 555 790 33 55.

Мурда колдонулуп келген номер 2026-жылдын 1-майынан тартып өз ишин токтотот. Ыкчам телефону шашылыш чара көрүүнү талап кылган өзгөчө кырдаалдар үчүн дагы арналгандыгын эске салабыз.

​Жарандарды кабыл алуу Башкы консулдуктун расмий сайты аркылуу алдын ала жазылуу негизинде жүргүзүлөт: antalyakonsulduk.com. Башкы консулдуктун иш убактысы: саат 09:00дөн 18:00гө чейин.

Жарандардан келүүлөрдү жана кайрылууларды пландаштырууда жогорудагы маалыматты эске алууну өтүнөбүз.

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Анталия шаарындагы Башкы консулдугу

***

Уважаемые соотечественники!

Генеральное консульство Кыргызской Республики в г. Анталья информирует граждан Кыргызской Республики, проживающих в пределах консульского округа (провинции Турецкой Республики: Анталия, Мугла, Айдын, Денизли, Бурдур, Ыспарта, Конья, Караман, Нигде, Мерсин, Адана, Османие, Хатай, Газиантеп и Килис), о введении нового номера телефона экстренной связи (горячей линии) для прямого обращения и получения консультаций: +90 555 790 33 55, который будет действовать с 1 мая 2026 года.

Ранее использовавшийся номер прекращает свою работу с 1 мая 2026 года.
Обращаем внимание, горячая линия предназначена в том числе для экстренных ситуаций, требующих незамедлительного реагирования.

Прием граждан осуществляется по предварительной записи через официальный сайт Генерального консульства: antalyakonsulduk.com.
Рабочие часы Генерального консульства: с 09:00 до 18:00.
Просим учитывать указанную информацию при планировании визитов и обращений.

С уважением, Генеральное консульство Кыргызской Республики в г.Анталья

Want your business to be the top-listed Government Service in Antalya?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Address


Antalya, Muratpaşa, Güzeloba Mahallesi Barınaklar Bulvarı Doktorlar Sitesi No: 138
Antalya
07230

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00