Kyrgyz Community Center

Call Directions Website

Kyrgyz Community Center Kyrgyz Community Center in Chicago, IL.

09/29/2026

🎬 Бул тасманы көргүңүз келеби?

Анда ушул ишембиде Kyrgyz Community Center’ге келиңиз!
Кыргызстандык футболчу аялдардын чыныгы окуясын баяндаган “KickOff” тасмасын чогуу көрүп, башкы каарманы Гази Бабаярова менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алыңыз.

📅 3-октябрь, ишемби
🎟 Кирүү акысы — $20

Күтөбүз! ⚽️🎬

09/29/2026

⚽️ “KICKOFF” ТАСМАСЫ ЧИКАГОДО!

Ушул аптанын ишемби күнү, 3-октябрда, Kyrgyz Community Center’де кыргызстандык футболчу аялдар жөнүндөгү “KickOff” тасмасы көрсөтүлөт.

Көрсөтүүдөн кийин тасманын негизги каарманы Гази Бабаярова менен жолугушуу да болот.

🎬 “KickOff” же “Башталыш” — Кыргызстандын борбордон эң алыскы Лейлек районундагы Көк-Таш айылында жашаган аялдардын окуясын баяндаган тасма. Айылдагы апалар, эже-сиңдилер биригип, жыл сайын футбол турнирин уюштуруп келишет.

Бул тасма — чек арадагы турмуштун кыйынчылыктарына карабай, ынтымагын бекем сактап, жашоого болгон позитивдүү мамилесин жоготпогон элеттик аялдар тууралуу. Тасманы испаниялык Розер Корелла жана италиялык Стефано Обино тартышкан.

🌍 Бир нече эл аралык кинофестивалдарга катышкан “KickOff” эми Чикагодогу көрүүчүлөргө тартууланат!

📍 Kyrgyz Community Center
📅 3-октябрь, ишемби
🎟 Кирүү акысы — $20

Келиңиздер, тасманы чогуу көрүп, анын каарманы менен жүзмө-жүз жолугушуңуздар! ⚽️🎬

09/21/2026

📖 «ӨМҮР САБАГЫ» — жаңы китептин бет ачары

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Махабат Кылычеванын «Өмүр сабагы» аттуу жаңы китебинин бет ачар кечесине чакырабыз.

Бул кечеде жаңы китеп биринчи жолу, эксклюзивдүү түрдө окурмандарга тартууланат. Автор өзүнүн чыгармачылык жолу, китептин жаралуу тарыхы жана анын негизги мааниси тууралуу бөлүшөт.

Жылуу баарлашууга, руханий баалуулуктарга жана өзгөчө жолугушууга толгон кеченин коногу болуңуздар!

📅 3-октябрь
🕕 саат 6:00 PM
🎟️ Кирүү акысыз
📍 Kyrgyz Community Center

Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!

09/18/2026

🎶 АККОРДЕОН КАЙРЫКТАРЫ — ЧИКАГОДО! 🇰🇬🇺🇸

Урматтуу мекендештер!
Сиздерди кыргыздын керемет обондору жаңырган өзгөчө концерттик кечеге чакырабыз!

Сахнада:
🎤 КР Эл акыны Жеңишбек Жумакадыр
🪗 Алмаз Турапов

📅 20-сентябрь
⏰ Башталышы: 6:30 PM
📍 Kyrgyz Community Center, Chicago
🎟 Билет: $50

Бул кечеде сүйүктүү ырлар, аккордеондун кайрыктары жана мекенди эске салган жылуу атмосфера сиздерди күтөт.

📲 Билет боюнча WhatsApp:
224-578-0107

Жакындарыңыздар менен келип, жагымдуу кечени чогуу өткөрүңүздөр! 🎶🇰🇬

09/11/2026

Yntymak Cup 2026 иш-чарасын өткөрүүгө өз салымын кошкон ар бир волонтёрго терең ыраазычылык билдиребиз!

Сиздердин убактыңыздар, эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана чын жүрөктөн көрсөткөн жардамыңыздар бул чоң иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө зор салым кошту. 💙

Ар бириңиздердин эмгегиңиздер биз үчүн абдан баалуу. Биримдикте болуп, элибиз үчүн кызмат кылганыңыздарга чоң рахмат!

Yntymak Cup — бул жөн гана мелдеш эмес, бул ынтымактын, биримдиктин жана командалык күчтүн жыйынтыгы!

Урматтоо менен,
Kyrgyz Community Center 🇰🇬

09/10/2026

Yntymak Cup 2026 иш-чарасынын жогорку деңгээлде өтүшүнө салым кошкон бардык демөөрчүлөрүбүзгө Kyrgyz Community Center атынан терең ыраазычылык билдиребиз!

Сиздердин колдооңуздар жана коомчулугубузга кошкон салымыңыздар менен бул чоң иш-чараны уюштуруп, миңдеген мекендештерибиздин башын бириктирүүгө мүмкүн болду.

Ар бириңиздердин колдооңуздар биз үчүн абдан баалуу. Кыргыз коомчулугунун өнүгүшүнө, ынтымагына жана биримдигине кошкон салымыңыздар үчүн чоң рахмат!

Ынтымагыбыз бекем, биримдигибиз түбөлүктүү болсун! 🇰🇬

Урматтоо менен,
Kyrgyz Community Center

09/06/2026

🏆 YNTYMAK CUP 2026

Өткөн дем алыш күндөрү болуп өткөн Yntymak Cup 2026 иш-чарасынын отчеттук видеосун сиздер менен бөлүшүүгө шашылабыз!

Бул масштабдуу иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөрүбүзгө өзгөчө ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин колдооңуздар биз үчүн абдан баалуу.

Ошондой эле иш-чаранын уюштурулушуна өз убактысын, күчүн жана эмгегин жумшаган ар бир волонтерубузга терең ыраазычылык билдиребиз!

Ар бириңиздердин салымыңыздар менен бул иш-чара ийгиликтүү өтүп, унутулгус көз ирмемдерге бай болду.

Баарыңыздарга чоң рахмат! Биримдикте — күч! 🇰🇬

08/31/2026

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!🇰🇬

08/30/2026

Кыргызстанды Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! 🇰🇬

Бүгүн Yntymak Cup 2026нын расмий ачылыш аземи өтүп, ага 2 000ден ашуун кыргызстандык катышты. Бул күн мекендештерибиздин биримдигин, ынтымагын жана Мекенге болгон сүйүүсүн дагы бир жолу көрсөттү.

Эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин! 🇰🇬

Address

1114 N Arlington Heights Road
Arlington Heights, IL
60004

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Kyrgyz Community Center posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share

Category